ЖАМК Икрамжан Илмияновдун жатак абагына которулган себебин айтты

© Фото / секретариат СДПКБывший советник экс-президента КР Икрамжан Илмиянов
Бывший советник экс-президента КР Икрамжан Илмиянов - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Илмияновду былтыр Октябрь райондук соту мал-мүлкүн конфискациялоо менен жети жылга эркинен ажыраткан. Кийин анын чечимин Бишкек шаардык соту өзгөрткөн.

БИШКЕК, 23-июл. — Sputnik. Мурдагы президент Алмазбек Атамбаевдин кеңешчиси, президенттин аппарат жетекчисинин экс-орун басары Икрамжан Илмияновду Молдовановка айылындагы жатак абагына которушту. Бул тууралуу Мамлекеттик жаза аткаруу кызматы (ЖАМК) билдирди.

Аны былтыр Октябрь райондук соту мал-мүлкүн конфискациялоо менен жети жылга эркинен ажыраткан.

"Ушул жылдын 19-июнунда Бишкек шаардык соту Октябрь райондук сотунун чечимин өзгөртүп, жазасын беш жыл алты айга чейин кыскарткан. Ошондой эле Илмиянов 10 397 235 сом өлчөмүндө салынган айып пулдан кутулган", — деп айтылат билдирүүдө.

Илмиянов өтөй элек жаза мөөнөтүнүн үчтөн бир бөлүгү "Улуу Ата Мекендик согуштагы Жеӊиштин 75 жылдыгына жана 2010-жылдагы Элдик Апрель революциясынын 10 жылдыгына байланыштуу мунапыс жөнүндө" Кыргыз Республикасынын мыйзамына ылайык кыскарганы, тагыраагы, 8 ай 20 күнгө азайганы айтылат.

Икрамжан Илмияновдун соттогу акыркы сөзү. Судьядан эмне сурады

"Илмияновдун жаза мөөнөтү 2021-жылдын декабрь айында аяктайт. КР Жазык-аткаруу кодексинин 80-беренесине ылайык, оор кылмыш кылгандар жаза мөөнөтүнүн үчтөн эки бөлүгүн өтөп бүткөн соң жалпы режимдеги түзөтүү колониясынан жатак абагына которулат. Демек аны 27-апрелден кийин жатак-абакка которууга уруксат берилген", — деп айтылат ЖАМКтын билдирүүсүндө.

Ошентип апта башында Илмияновду Молдовановка айылындагы № 26 жатак абагына которуу чечими кабыл алынган. Калган мөөнөтү — бир жыл төрт ай 14 күн.

Жаңылыктар түрмөгү
0