Тоодо пакистандык студенттерди сабады деген шектүүлөр кармалды

© Sputnik / Табылды КадырбековКишенделген адам. Иллюстративдүү сүрөт
Кишенделген адам. Иллюстративдүү сүрөт - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Буга чейин пакистандык студенттер ур-токмокко алынганы тууралуу соцтармак колдонуучулары жазып чыгышкан. Алардын арасында Бишкектеги күндүзгү стационарлардын биринде иштеген Аббас Али Шах аттуу студент бар экени айтылган.

БИШКЕК, 21-июл. — Sputnik. Милиция пакистандык студенттерди сабоого шектелгендерди кармаганын ИИМдин маалымат кызматы кабарлады.

Ага ылайык, Чүй ИИБ жана Аламүдүн РИИБ кызматкерлери тарабынан четөлкөлүк жарандарга кол көтөргөн үч адам колго түшүрүлгөн.

"Алардын бири Ысык-Ата районунун 31 жаштагы тургуну болсо, экөө Бишкек шаарында жашаган 30 жаштагы жигиттер", — деп айтылат маалыматта.

Аталган факт Кылмыш жана жаза кодексинин 266-беренесинин 2-бөлүмү ("Бейбаштык") боюнча Кылмыш жана жоруктардын бирдиктүү реестрине катталган. Аламүдүн РИИБинин тергөө кызматынын өкүлдөрү тарабынан сотко чейинки өндүрүш иштери башталды.

Бишкекте акча алмаштыруу жайын тоноого шектелип "актер" кармалды. Фото

Эске салсак, буга чейин пакистандык студенттер ур-токмокко алынганы тууралуу социалдык тармактын колдонуучулары жазып чыгышкан. Интернетке тараган маалыматка ылайык, окуя "Теплые ключи" эс алуу комплексине жакын жерде, Кой-Таш айылынын тушунда болгон. Кыргызстан эл аралык университетинин медициналык факультетинде билим алган четөлкөлүк студенттер эс алып жүргөн маалда аларды сабап кетишкен. Ур-токмокко кабылган студенттердин арасында Бишкектеги күндүзгү стационарлардын бирине жумушка алынган Аббас Али Шах аттуу студент бар экени айтылган.

Окуя боюнча 19-июлда милицияга Пакистандын бир жараны кайрылып, аны сабагандарга чара колдонууну өтүнгөн. Андан кийин дагы төрт мекендешинен ушундай эле кайрылуу келип түшкөн.

ИИМ аталган иш министрдин жеке көзөмөлүнө алынгандыгын эскертти.

Жаңылыктар түрмөгү
0