Шейшембиге карата аба ырайы

© Sputnik / Максим Блинов / Медиабанкка өтүүЖамгыр учурунда көчөдө бараткан адам. Архив
Жамгыр учурунда көчөдө бараткан адам. Архив - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
21-июлда түнкүсүн республиканын кээ бир райондорунда жаан жаап, күн күркүрөшү мүмкүн. Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метрден кээ бир райондордо 15-20 метрге жетет.

БИШКЕК, 20-июль. — Sputnik. 21-июль күнү өлкөнүн көпчүлүк аймактарында жаан жаап, күн күркүрөшү ыктымал. Тоолуу райондордо жана тоо этектеринде нөшөр болот. Бул тууралуу Кыргызгидромет билдирди.

Окумуштуулар: жакында ысыктын айынан сыртта иштөө мүмкүн болбой калат

Абанын температурасы Чүй өрөөнүндө +28...+33, Талас жергесинде +27...+32, Ош, Жалал-Абад, Баткен облустарында +30...+35, Ысык-Көл аймагында +20...+25 жана Нарында +18...+23 градус болору айтылды.

Күндүн табы Бишкекте +31...+33, Ош шаарында +33...+35, ал эми Чолпон-Атада +21...+23 градуска чейин жетет.

Жаңылыктар түрмөгү
0