Радиостудия Sputnik Кыргызстан в Бишкеке - Sputnik Кыргызстан
Радио

Романов: аймактарда пробация жыйындарынын жетекчиси — аким

© Sputnik / Эркин СадыковНачальник Управления учета и мониторинга Департамента пробации при Минюсте КР Руслан Романов
Начальник Управления учета и мониторинга Департамента пробации при Минюсте КР Руслан Романов  - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Юстиция министрлигинин Пробация департаментинин Мониторинг жана эсеп башкармалыгынын башчысы Руслан Романов пробация институтуна башка мамлекеттик кызматкерлер да катышарын айтты.

Аймактарда пробациялык кеңеш түзүлүп, аларга мамлекеттик кызматкерлер тартылат. Кеңештин жетекчиси болуп райондун акими шайланат. Бул тууралуу Руслан Романов Sputnik Кыргызстан радиосуна маек куруп жатып билдирди.

Романов: аймактарда пробация жыйындарынын жетекчиси — аким

Анын айтымында, учурда өлкө боюнча 53 пробациялык институт бар.

Романов: ювеналдык пробация жашы жете электерге колдонулат

"Пробация кардарлары бул биздин өлкөнүн жарандары, кимдир бирөөнүн тууганы, кошунасы. Жашоодо жаза тайып анча оор эмес кылмыш жасап, жазасын өтөп жаткан адамдар. Аларды коомдон бөлүп, жектебей, тескерисинче, сот өкүмүн толук аткарып, кадимки жашоого кайтып келишине бардыгыбыз салым кошушубуз керек. Ушул максатта аймактарда да пробациялык институттар түзүлгөн. Аларга мүчө болуп мамлекеттик кызматкерлер тартылса, жетекчиси катары райондун акими эсептелет. Бул кеңешме өз районундагы пробациялык иштерди жасоодо биздин департаментке чоң көмөк көрсөтөт. Мындай кеңешмелер бир чейректе бир жыйынга чогулуп, пробациялык кардарлар боюнча жасалып жаткан иштерди талкуулоого жана келечекке план түзүп, аны аткарууга милдеттүү", — деди Романов.

Ал ошондой эле пробациялык иштерди жасоого жалпы коомчулук дагы катыша аларын кошумчалады.

Жаңылыктар түрмөгү
0