Данара Курманова
1978-жылы СССР бийлиги Москва калаасында өтө турган олимпиадалык оюндарга камылганы баштап, чет элдиктер Москвада ары-бери кантип жүрүшөт деп ойлонушкан. Англис тилин Советтер Союзунда баары эле биле берчү эмес. Дүкөн, мейманкана жана ресторандардын көпчүлүгү эң көп дегенде "please" деген эле сөздү билишчү. Тил көйгөйүн Москвадагы алдыңкы окуу жайлардын студенттеринин эсебинен чечмек болушат. Жаштарды котормочулук курстарына жөнөтүшкөн. Казакстандык экономист (Фрунзенин кулуну) Алмас Чукин ошол убакта Москва мамлекеттик университетинде билим алып жаткан. Ал Олимпиаданын мартабалуу меймандарынын жеке котормочусу болгон.
Баары "ОК"!
Олимпиадага котормочулар кабыл алынары боюнча ММУ студенттерине эки жыл мурун жарыяланган. "Чет жерден мейман көп келери күтүлүүдө. Ким алар менен иштегиси келсе, курска жазылгыла. Аягында экзамен тапшырасыңар" дешкен. Мен да четте калбай, ага жазылгам", — деп эскерет ал.
Алмас Чукин курста тил үйрөнүү жеңил болгонун жашырбайт, себеби ал Фрунзедеги (азыркы Бишкек – ред.) атайын мектепти аяктаган. Ошондуктан жаш жигит ММУга тапшырганга чейин эле англис тилин билчү. Студенттик кезде аны дагы өркүндөткөн, курулуш отрядынын ордуна Алмас "Спутник" жаштар туризминин бюросуна жазылып, котормочу болуп иштеген.
"Жайкысын туристтерге Москва тууралуу баяндап берчүмүн, тилим жатыгып калган. Ошол себептен экзамендин жыйынтыгы менен мени VIP-отрядга – Олимпиаданын ардактуу меймандары менен иштөөгө бөлүшкөн", — деп айтып берди Чукин.
Ардактуу конокторго жеке котормочулук вазыйпасы ушунчалык маанилүү эле, ал түгүл документтерди да өзгөчө тартип менен толтурушкан. Күбөлүктө эки чоң тамга: "ОК" деп жазылган. "Бул бардык жерге өтүүгө укугум бар экенин билдирчү", — дейт Чукин.
Анткени коопсуздукту камсыздоо максатында катардагы котормочулар өз деңгээлиндеги коноктор жайгашкан жактарга гана кире алчу. "Ал эми VIP-кызматкер каалаган жагына бара алчу, мындай күбөлүк чанда гана берилген. Алигүнчө аны сактап жүрөм", — деп эскерет маектеш.
Сары костюмдар мартабаны айгинелеген
Ардактуу меймандардын котормочуларына берилген форманы Алмас Таласович күбөлүгүндөй сактай алган эмес, ага өзү да өкүнүп калат.
"Бизге сары синтетикалык костюм, көк көйнөк кийгизүүнү чечишкен. Элестетиңиздер, сапсары пиджак жана ошол эле түстөгү шым. Күлкүлүү угулар, бирок Олимпиада убагында андай униформага ээ болуу жогорку даража деп саналган. Анан калса, костюмдар Францияда тигилген эле, ошондуктан VIP-котормочулардын ар бири аны сыймыктануу менен кийген", — дейт ал. Бирок андай костюмду кийиш үчүн тер төгүүгө туура келгенин түшүндүрөт Алмас Чукин.
"Кийим тиккендер өлчөмдөн жаңылышыптыр. Костюмдардын баары кенен келип калды. Биз аларды кыскартып, кичирейтүүгө аргасыз болгонбуз".
Бут кийим жагынан да котормочулардын жолу анчейин болгон эмес, сапаттуу болгону менен бир нече өлчөмгө кенен эле. "Котормочулар үчүн база ВДНХдагы "Космос" мейманканасында жайгашкан. Ал жакка биринчи күнү ошол чоң келген бут кийим, сары костюм кийип келгеним эсимде, — дейт Алмас Чукин. – "Космостон" бизди атайын даярдалган автобустарга салып, меймандарды тосуп алуу үчүн "Шереметьево" аэропортуна жөнөтүштү".
Булар менен дүйнө сыймыктанчу! Олимпиаданы багынткан 8 кыргыз спортчусу
Котормочулар негизинен "Лужники" аренасынын аймагында болушкан. Мартабалуу меймандар үчүн ал жакта кенен жай жасалган. Москва мамлекеттик университетинин көптөгөн студенттери ошондо биринчи ирет Олимпиадага демөөрчүлүк кылган "Хайнекен" сырасын татып, андан сырткары, тоок этинен жасалган майда шишкебектерден ооз тийишкен.
"Азыр бул кадимки нерседей эле туюлат, бирок ал убакта биз майда таңгакталган азыктарды дегеле көрчү эмеспиз. Ошондуктан Олимпиада биз үчүн аябай кызык өткөн", — дейт Алмас Таласович.
Лорд Килланини коштоп...
Ар бир ардактуу меймандын жеке котормочусу болмок. Алмас мырзанын бир досу "Адидастын", дагы бири "Мидзуно" аттуу япониялык спорттук бут кийим маркасынын жетекчилерине котормочу болушкан. Ал эми биздин маектешке белгилүү америкалык жеңил атлетчи Роберт (Боб) Бимондун ысымы туш келет. Жаш котормочу буга аябай сүйүнгөн, анткени спорттун түрлөрүнүн ичинен өзүнө жеңил атлетика жакын эле.
Бирок 1979-жылы Советтер Союзу Афганистанга куралдуу күчтөрүн киргизгени белгилүү эмеспи. Америкалыктар олимпиадалык оюндарга бойкот жарыялап, Москвага келүүдөн баш тартышкан. Ошондуктан айтылуу спортчуну Алмас Чукин бекер эле күтүптүр. Натыйжада ага ар кыл меймандар менен иштешүү тапшырылган.
Олимпиада-80дин музыкасы кантип жаралган. Үнүн тааныбай калган Лещенко
Ал түгүл Алмас мырза лорд Майкл Килланинге жардамчылык кылган, ал киши Эл аралык олимпиадалык комитеттин алтынчы президенти эле. Москвадагы Олимпиадага аз калганда кызматынан кетип, бирок ачылыш салтанатына катышуу үчүн атайын учуп келген. "Аны менен эски "Москва" мейманканасында сүйлөшүп отурганыбыз эсимде, кийин ал имаратты бузуп салышты, — деп эскерет Алмас Таласович. – Бир аздан кийин аны менен учурашууга абройлуу кишилер баш багып, мейман алар менен кеткен".
"Бирин карма да, көндүр!"
Лорд Килланин өңдүү мартабалуу инсан менен жолуккандан кийин Алмас Чукин андан кийинки иштерин татаал деп санабай калган. Таң калычтуусу, негизинен ага спортчуларга медаль тага турган ардактуу меймандарды стадионго чейин коштоп баруу табышталган.
"Машинада баратканыбызда, адатта мен Москва жөнүндө айтып берчүмүн, — деп сүрөттөйт котормочу ошондогу иш күнүн. – Кызык, бирок бийик даражалуу меймандардын көбү сыйлык тапшырууга өтө алыска баргысы келчү эмес. Мисалга, алар "чөптө хоккей ойноого ким барат?" деп талашып-тартышып калышчу. Кээде эч кимдин баргысы жок эле. Андайда котормочуга: "Бар да, бирин кармап, көндүр", — деп коюшчу.
Которуунун кыйынчылыктары
"Котормочулукту аркаласаң, анан да жаш болсоң, ыңгайсыз учурлар болбой койбойт" дейт Алмас Чукин. Көпчүлүк котормочулар сөздүн окулушуна байланыштуу ката кетиргендерин эстейт ал. Баарынан да англис тилиндеги "и" тыбышы бир топ кыйноого салган, ал эки түрдө: кадимкисиндей жана узун окулат. "Кээде чет өлкөлүктөр "sheep" же "ship" (койбу же кемеби?) деп жатышабы деп түшүнө албай калышчу, – дейт Чукин. – Же муну салыштырып көрүңүз: "sheet of paper" жана "shit of paper". Бир эле тыбыш, ал эми мааниси таптакыр өзгөрүп кетет. Чет өлкөлүктөр "Кандайча? Бул бузулган документпи?" деп баштары маң боло түшчү.
Анан да дипломатиялык корпусту – "diplomatic corps" деп жарыялоодо абдан этият болуу кажет. Алмас Таласович "сorps" деген сөз французчадан англис тилине киргенин, ошондуктан акыркы эки тамгасы окулбай турганын түшүндүрөт. Эгер бардык тамгалар окулса, "өлүктөр" дегенди туюндуруп калат.
"Ошондуктан трибунага кокусунан дипломатиялык "өлүктү" чакырып албоо үчүн өтө кылдат которуу абзел эле. Бирок мындай абалга башкалар тушукту, жеке мен адегенде макал-лакаптарды которуудан кыйналгам", — деди ал.
Бир жолу бирөөсү "ар кимдики өзүнө, ай көрүнөт көзүнө" дегенди айтып калды. Ал орусча "каждый кулик свое болото хвалит" деп айтылат эмеспи. "Кулик" – чулдук, эми аны кантип сүрөттөп берем деп толгонуп кирдим. Акыры "бул ар ким өзүнүкүн мактай турганы боюнча ушундай фразеологизм экенин" эле түшүндүрүү менен чектелдим.
Олимпиада маалындагы эсинен кеткис нерселерди сурасак, Алмас Таласович буларга токтолду: "Москванын көчөлөрү ошондо ээн калган, анткени коопсуздук максатында мүмкүн болгондордун баарын, анын ичинде Олимпиадага кол кабыш кылбаган студенттерди да шаардан кетирип салышкан". Ошентсе да Олимпиаданын шарапатын Москва мамлекеттик университетинде окугандар көргөн.
Күмүш медалдар гана таза күмүштөн жасалган. Олимпиада-80деги сыйлыктар тууралуу
Чет өлкөлүк меймандарды жайгаштырып калсак деп университеттин жатаканасындагы бардык бөлмөлөрдү ремонттошкон. Жаңы эмеректерди сатып алышкан. Кийин алардын баары студенттерге артты. "Баарынан да эсте калганы — Олимпиаданын жабылыш аземиндеги атмосфера, — дейт Алмас Таласович. – Мамалак абага көтөрүлгөндө стадиондогу эл бир үй-бүлөгө айлана түшкөн".