Экинчи толкунга даярданыш керек. Адистер Жээнбековго бир нече сунуш айтты

© Пресс-служба президента КР / Султан ДосалиевВстреча Жээнбекова с известными специалистами здравоохранения КР
Встреча Жээнбекова с известными специалистами здравоохранения КР - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Адистер жаңы оорукана куруу, коронавирустун экинчи толкунуна даярдык көрүү жана илдеттен дарылоо протоколун жаңылоо тууралуу айтышты.

БИШКЕК, 15-июл. — Sputnik. Саламаттык сактоо жаатындагы Кыргызстандагы белгилүү адистер эпидемиологиялык кырдаалды турукташтыруу боюнча президент Сооронбай Жээнбековго бир нече сунушун айтты. Бул туурасында мамлекет башчынын маалымат кызматы билдирди.

Бүгүн президент өлкөдөгү тажрыйбалуу адистер менен жолугуп, мындан аркы абалды болжолдоо маселесин ортого салган. 

© Пресс-служба президента КР / Султан ДосалиевСаламаттык сактоо жаатындагы Кыргызстандагы белгилүү адистер эпидемиологиялык кырдаалды турукташтыруу боюнча президент Сооронбай Жээнбековго бир нече сунушун айтты.
Саламаттык сактоо жаатындагы Кыргызстандагы белгилүү адистер эпидемиологиялык кырдаалды турукташтыруу боюнча президент Сооронбай Жээнбековго бир нече сунушун айтты. - Sputnik Кыргызстан
1/3
Саламаттык сактоо жаатындагы Кыргызстандагы белгилүү адистер эпидемиологиялык кырдаалды турукташтыруу боюнча президент Сооронбай Жээнбековго бир нече сунушун айтты.
© Пресс-служба президента КР / Султан ДосалиевБүгүн президент өлкөдөгү тажрыйбалуу адистер менен жолугуп, мындан аркы абалды болжолдоо маселесин ортого салган.
Бүгүн президент өлкөдөгү тажрыйбалуу адистер менен жолугуп, мындан аркы абалды болжолдоо маселесин ортого салган.  - Sputnik Кыргызстан
2/3
Бүгүн президент өлкөдөгү тажрыйбалуу адистер менен жолугуп, мындан аркы абалды болжолдоо маселесин ортого салган.
© Пресс-служба президента КР / Султан ДосалиевМамлекет башчы сунуштарды уккан соң кырдаалды болжолдоо жана талдоо үчүн Коомдук ден соолук боюнча улуттук институт түзүү сунушун колдой турганын билдирди.
Мамлекет башчы сунуштарды уккан соң кырдаалды болжолдоо жана талдоо үчүн Коомдук ден соолук боюнча улуттук институт түзүү сунушун колдой турганын билдирди.  - Sputnik Кыргызстан
3/3
Мамлекет башчы сунуштарды уккан соң кырдаалды болжолдоо жана талдоо үчүн Коомдук ден соолук боюнча улуттук институт түзүү сунушун колдой турганын билдирди.
1/3
Саламаттык сактоо жаатындагы Кыргызстандагы белгилүү адистер эпидемиологиялык кырдаалды турукташтыруу боюнча президент Сооронбай Жээнбековго бир нече сунушун айтты.
2/3
Бүгүн президент өлкөдөгү тажрыйбалуу адистер менен жолугуп, мындан аркы абалды болжолдоо маселесин ортого салган.
3/3
Мамлекет башчы сунуштарды уккан соң кырдаалды болжолдоо жана талдоо үчүн Коомдук ден соолук боюнча улуттук институт түзүү сунушун колдой турганын билдирди.

Адистер төмөнкүлөрдү сунуштады:

  • Пневмониядан каза болгондорду жерге берүүдө коронавирустан көз жумгандарга колдонулган эрежелер сакталышы керек. Бул өтө маанилүү экендигин элге түшүндүрүүгө өзгөчө басым жасалсын;
  • Пневмония менен коронавирустан каза тапкандардын статистикасын бириктирүү зарыл;
  • Болжолдонуп жаткан коронавирустун экинчи толкунуна медициналык мекемелерди даярдоого көңүл буруу шарт;
  • Коронавирустан дарылоо үчүн кычкылтек терапиясы менен жандандыруу бөлүмдөрү бар клиникаларды кайра профилдештирүү. Тез тургузулуучу конструкциялар менен жаңы ооруканаларды куруу керек;
  • Бейтаптардын оорусунун деңгээлине карап бөлүштүрүү үчүн иреттөөчү борбор түзүү керек. Кайсы ооруканада бош орун бар экенин көрсөтүп турган онлайн картаны ишке киргизүү учурдун негизги талабы. Бул бейтаптын убагында туура дарылануусуна шарт түзөт;
  • Оору жуктурган медиктерге ден соолукту чыңдоочу реабилитациялык шарттарды түзүү, буга "кызыл зонада" иштегендерди дагы кошуу керек;
  • Коронавирустан дарылоо боюнча протоколду жаңылоо, кошумча кубаттуу лабораториялык-диагностикалык базалар менен камсыздоо, жабдууларды жана дары-дармек сатып алууга шарт түзүү;
  • Үй-бүлөлүк дарыгерлерге тиешелүү негизде көңүл бурулбай жатат, төмөнкү деңгээлдеги көптөгөн маселелерге илимий иштер жүргүзүлбөй калууда;
  • Күндүзгү стационарларга оор абалдагылар да келип жатканын эске алуу менен күнү-түнү иштөө тартибине өткөрүү керек.
  • Кошумча дагы түз байланыш кызматтарын ачуу абзел, ага дары-дармектер боюнча дагы кеңеш берүү шарт;
  • "Клексан" жана "Гепарин" сыяктуу дарылардын ордун баса турган таблеткалар бар. Эгер өкмөт токтом менен аларды протоколго бекитип берсе эл арасындагы ажиотаж токтойт жана стационарлардын жүгү жеңилдейт. Себеби анын жардамы менен эл үй шартында дарыланса болот;
  • Илдеттин тез жайылып кетүүсүнө карантиндик чектөөлөрдүн алынышынан кийин элдин санитардык ченемдерди сактабаганы себеп болду. Мындан ары той-топурларга тыюу салып, коомдук жайларда бет кап тагынып жана башка санитардык нормалардын сакталышына көзөмөлдү күчөтүү керек;
  • Азыркы шартта илдетке чалдыккандардын санынын көбөйүшү табигый көрүнүш. Бирок өлүмдүн санын азайтуу боюнча чараларды көрүүгө өзгөчө көңүл буруу зарыл.

Мамлекет башчы сунуштарды уккан соң кырдаалды болжолдоо жана талдоо үчүн Коомдук ден соолук боюнча улуттук институт түзүү сунушун колдой турганын билдирди. 

© Пресс-служба президента КР / Султан ДосалиевВстреча Жээнбекова с известными специалистами здравоохранения КР
Экинчи толкунга даярданыш керек. Адистер Жээнбековго бир нече сунуш айтты - Sputnik Кыргызстан
Встреча Жээнбекова с известными специалистами здравоохранения КР
"Бишкекте жана облустардын борборунда комплекстүү заманбап ооруканалар курулат. Бул мамлекеттик-жеке өнөктөштүк жолу менен аткарылат. Учурда инвесторлор менен сүйлөшүүлөр жүрүүдө. Ал эми дарыгерлерди реабилитациялоо боюнча оору жугузгандарды Ысык-Көлгө жиберүү маселеси каралууда", — деди Жээнбеков.

Соңунда президент адистердин пикири коронавирус менен күрөшүүдө маанилүү ролду ойной турганын белгилеп, кеп-кеңештери үчүн ыраазычылык билдирди.

Жээнбеков: Кыргызстанда дары-дармек өндүрүү жолдору каралууда

Өлкө башчы менен жолуккан адистер:

  • Нурлан Бримкулов — медицина илимдеринин доктору, профессор, Иса Ахунбаев атындагы КММАнын үй-бүлөлүк медицинаны дипломдон кийинки окутуу кафедрасынын башчысы;
  • Касымбек Мамбетов — ДССУ эксперти;
  • Акпай Сарыбаев — медицина илимдеринин доктору, профессор, Улуттук кардиология жана терапия борборунун директору;
  • Омор Касымов — медицина илимдеринин доктору, профессор, Россия табият таануу илимдер академиясынын академиги, "Профилактикалык медицина" илимий-өндүрүштүк бирикмесинин директору;
  • Айнура Кутманова — медицина илимдеринин доктору, профессор, Саламаттык сактоо министрлигинин жугуштуу оорулар боюнча штаттан тышкаркы башкы адиси;
  • Аида Зурдинова — медицина илимдеринин доктору, Саламаттык сактоо министрлигинин штаттан тышкаркы башкы клиникалык фармакологу;
  • Нуриля Алтымышева — Ден соолукту бекемдөө республикалык борборунун (ДБРБ) директору;
  • Бактыгүл Камбаралиева — дары-дармектерди ырааттуу пайдалануу боюнча адис.
Жаңылыктар түрмөгү
0