БИШКЕК, 12-июл. — Sputnik. Бүгүн Кыргызстанда дагы 719 адамдан коронавирус аныкталганын Республикалык штаб билдирди.
- Бишкек шаары – 500;
- Чүй облусу - 96;
- Ош шаары - 37;
- Ош облусу - 20;
- Жалал-Абад облусу - 10;
- Баткен облусу - 34;
- Ысык-Көл облусу - 15;
- Нарын облусу - 1;
- Талас облусу - 6.
Республика боюнча илдет илештирип алгандардын жалпы саны 10 629га жетти. Анын 3 387си айыгып чыккан. Азыр стационарда 670 киши дарыланып жатса, анын 24ү реанимацияда. Үй карантининде 6 440 адам бар. Коронавирус жуктуруп алып 132 киши каза тапты.