Ноокаттык медиктер кан куюп COVID-19дан айыктырышууда. Дарыгер Марипов менен маек

© Фото / Пресс-служба Министерства Здравоохранения КРОш облусунун Ноокат райондук аймактык ооруканасынын директору Асамидин Марипов
Ош облусунун Ноокат райондук аймактык ооруканасынын директору Асамидин Марипов  - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Дүйнөнү каптаган COVID-19 инфекциясын жок кылуучу дары азыркы күндө жок. Аны ойлоп табуу үчүн жүздөгөн окумуштуулар, миңдеген дарыгерлер баш катырышууда.

Вирус алгач ирет пайда болгон Кытайда ооруп айыккандардын канын жаңы жуктургандарга куюу жолу менен адам өмүрүн сактап калган учурлар айтылган. Бирок бул ыкманы колдонууга башка мамлекеттердин окумуштуулары батына албай турганда, муну Кыргызстанда ийгиликтүү ишке ашырган дарыгерлер табылды.

Асамидин Марипов Ош облусунун Ноокат райондук аймактык ооруканасынын директору, КРдин Эмгек сиңирген дарыгери. Бул кишини өз кесибинин мыкты адиси десек болот. Дал ушул киши коронавирустан айыккандардын канын жаңы жуктургандарга куюп, жакшы натыйжага жетишкендигин өзүнүн социалдык баракчалары аркылуу жар салды. Бул тууралуу жакшылап билүү үчүн Sputnik Кыргызстан маалымат агенттиги дарыгерди кепке тартты.

© Фото / Пресс-служба ЖК КРАсамидин Марипов Ош облусунун Ноокат райондук аймактык ооруканасынын директору, КРдин Эмгек сиңирген дарыгери
Ноокаттык медиктер кан куюп COVID-19дан айыктырышууда. Дарыгер Марипов менен маек - Sputnik Кыргызстан
Асамидин Марипов Ош облусунун Ноокат райондук аймактык ооруканасынын директору, КРдин Эмгек сиңирген дарыгери

— COVID-19 республика боюнча мынчалык жайыла элек кезде ушул Ноокатта жүздөгөн адамдар кронавируска чалдыгып, абал оор болуп турган. Учурда кандай иштеп жатасыздар?

— Ооба, март айынын соңунда илдетке кабылгандар алгач Жалал-Абаддын Сузак районунда, анан эле биздин Ноокаттан чыкпадыбы. Башка аймактар таза же ооругандардын саны өтө аз кезде биз 100дөн ашуун бейтапты бир учурда дарылап жаттык. Арасында абалы оору, орточосу, жеңил өтүп жаткандары да болду. Район чоң, 100 миңден ашуун калк жашайт, жазгы талаа иштери кызуу жүрүп жаткан маал эле. Бул вирус менен күрөшүүдө тажрыйбабыз жок, мурда кийин мындай оору менен алышып көрбөгөн бизге кыйын эле болду. Ошентсе да коменданттык саат киргизилип, элдин аны колдоп тартипти сактоосу, дарыгерлердин дилгирлиги менен бейтаптар айыгып чыгып жатышты.

Пульмонолог Сооронбаев: 30 жыл иштеп мындай пневмонияны көргөн эмесмин

Ошол учурда эле, тилекке каршы, вирустун экинчи толкуну болушу мүмкүндүгү айтылбады беле. Биз бул эскертүүнү бир мүнөткө да унуткан жокпуз. Май айларынан тарта өлкө боюнча оору ооздукталып, ал эми Ноокат району толук тазаланып калды. Бул учурда биздин оорукананын дарыгерлери эс алып отуруп калбай, экинчи толкунга даярдыкты баштадык. СИЗ костюмдардан 6000ге чукул, антисептикалык, дезинфекциялык каражаттар, бейтаптарга колдонууга жууркан-төшөктөр, айтор, бардык керек-жарагыбызды камдап, кайрадан COVID-19 райондон аныкталса, эч дүрбөлөңү жок кабыл алууга даяр турдук. Биз божомолдогондой эле сырттан келген эмгек мигранттары жана жүк ташуучу унаанын айдоочулары Ноокат үчүн коронавирустун экинчи толкунун алып келгендер болуп калды. Айдоочулардан үй-бүлө мүчөлөрүнө жуккан учурлар да бар. Азыр мына ушул бейтаптарды дарылоо менен алекпиз.

© Фото / предоставлено Асамидином МариповымАсамидин Марипов: бейтаптардын ПЦР-тесттери COVID-19ду көрсөтпөгөнү менен медицинада булар да коронавирус менен ооруп жатат деп айтылат. Анткени пневмонияны аталган вирус козгогон
Ноокаттык медиктер кан куюп COVID-19дан айыктырышууда. Дарыгер Марипов менен маек - Sputnik Кыргызстан
Асамидин Марипов: бейтаптардын ПЦР-тесттери COVID-19ду көрсөтпөгөнү менен медицинада булар да коронавирус менен ооруп жатат деп айтылат. Анткени пневмонияны аталган вирус козгогон

— Ооруканада орундуктар, дем алдыруучу аппараттар жетиштүүбү?

— Азырынча жетиштүү, бирок дартка чалдыккандардын саны күндөн-күнгө көбөйүүдө. Стационардык 20 кошумча койка ачтык, ал жакка да кабыл алуудабыз. Учурда COVID-19 анализи тастыкталып 10дон ашуун оор акыбалдагы адам жатса, дагы 10дон ашуун коронавируска тапшырган тести тастыкталбаган, бирок оор пневмония менен жаткан бейтаптарыбыз бар. Булардын ПЦР-тесттери COVID-19ду көрсөтпөгөнү менен медицинада булар да коронавирус менен ооруп жатат деп айтылат. Анткени пневмонияны аталган вирус козгогон. 10 дем алдыруучу аппаратыбыз бар, алар азыр тынымсыз иштөөдө. Мындан сырткары, биз суюк кычкылтеги менен дем алдыруу методун колдондук. Жыйынтыгы абдан жакшы болуп, эми өкмөт бул ыкманы "Ганси" авиабазасында бейтаптарды кабыл алуу үчүн убактылуу ачылган жайда колдонгону жатат.

Пандемияда кымбаттаган дарылар: чыга элек токтом, алакан жайган аптека ээси

Бул пневмониянын коркунучтуу жагы биринчи эле күнү вирус өпкөнүн 30-40 пайызга чейинки бөлүгүн керектен чыгарып таштайт экен. Эгер адам дароо бул күнү медициналык туура жардам албаса, эртеси 50-60, үчүнчү суткада өпкө толук жарактан чыгып, адам өмүрү менен кош айтышат. Ал эми суюк кычкылтекти колдонуу ыкмасы менен өпкөнүн 10-15 пайызы гана жарактуу учурда да адам өмүрүн сактап калууга мүмкүн болот. Бул ыкма учурда дүйнөлүк деңгээлде талкууланып, дем алдыруучу аппараттарга караганда натыйжалуулугу айтылууда.

© Фото / Пресс-служба Министерства Здравоохранения КРАсамидин Марипов: бул пневмониянын коркунучтуу жагы биринчи эле күнү вирус өпкөнүн 30-40 пайызга чейинки бөлүгүн керектен чыгарып таштайт экен. Эгер адам дароо бул күнү медициналык туура жардам албаса, эртеси 50-60, үчүнчү суткада өпкө толук жарактан чыгып, адам өмүрү менен кош айтышат
Ноокаттык медиктер кан куюп COVID-19дан айыктырышууда. Дарыгер Марипов менен маек - Sputnik Кыргызстан
Асамидин Марипов: бул пневмониянын коркунучтуу жагы биринчи эле күнү вирус өпкөнүн 30-40 пайызга чейинки бөлүгүн керектен чыгарып таштайт экен. Эгер адам дароо бул күнү медициналык туура жардам албаса, эртеси 50-60, үчүнчү суткада өпкө толук жарактан чыгып, адам өмүрү менен кош айтышат

— Ал эми коронавирус менен ооруп айыккандардын канын жаңы жуктургандарга куюп дарылоо методун кандайча ишке ашырдыңыз?

— Чынында муну жасоодо абдан көп ойлондум. Анткени буга чейин бизде мындай ыкма жасала элек эле. Экинчиден, ал бейтаптарды кан берүүгө көндүрүү керек болчу. Айтор, алдымда жоопкерчилиги зор, өтө олуттуу маселе турду. Бирок инфекциядан кыйналгандарды карап туруп унчукпай жүрө алган жокмун. Ошол март айларында эле биздин райондо оору күчөп турган кезде ден соолугу мүмкүнчүлүк берген бейтаптардан өздөрүнүн макулдугу менен кан алып, жаңы жуккандарга плазма куюп жаттык. Муну менен катар эле алар кадимки тартипте дарылануусун улантып турушту. Ошол эле күндөрү плазма алган адамдардын абалы дароо жакшырып, натыйжасы иш жүзүндө көрүнө баштады. Тобокелчиликке салып токтотпой уланта бердик. Мындай ыкма менен кандын группасы, резус фактору, ден соолугу бардык тарабынан туура келген, коронавирус жуктуруп алып оор абалда жаткан ондон ашуун адамды дарылап чыгардык. Алардын алды жумуш ордуна кайтып кадимки жашоосун улантууда. Бир жолу эле эмес, бир нече ирет кайталап куйдук. Жыйынтыгы абдан кубандырат.

© Фото / Пресс-служба ЖК КРАсамидин Марипов: мындай ыкма менен кандын группасы, резус фактору, ден соолугу бардык тарабынан туура келген, коронавирус жуктуруп алып оор абалда жаткан ондон ашуун адамды дарылап чыгардык. Алардын алды жумуш ордуна кайтып кадимки жашоосун улантууда. Бир жолу эле эмес, бир нече ирет кайталап куйдук. Жыйынтыгы абдан кубандырат
Ноокаттык медиктер кан куюп COVID-19дан айыктырышууда. Дарыгер Марипов менен маек - Sputnik Кыргызстан
Асамидин Марипов: мындай ыкма менен кандын группасы, резус фактору, ден соолугу бардык тарабынан туура келген, коронавирус жуктуруп алып оор абалда жаткан ондон ашуун адамды дарылап чыгардык. Алардын алды жумуш ордуна кайтып кадимки жашоосун улантууда. Бир жолу эле эмес, бир нече ирет кайталап куйдук. Жыйынтыгы абдан кубандырат

— Мындай тобокелчиликке барууда кандайдыр бир илимий изилдөөлөр жүргүзүлдүбү?

— Илимий изилдөө жүргүзүүгө азырынча өлкөдө шарт да, мүмкүнчүлүк да жок. Биз Кытай мамлекетинин тажрыйбасынын негизинде маалыматтарды дыкат иликтөө менен ишке ашырдык. Тажрыйба жүзүндө, клиникалык сыноодон өттү десек болот. Эми келечекте илимий багытта андан ары тереңдеп изилденсе, өлкө медицинасы үчүн абдан эле жакшы болмок. Дарыгер катары айтарым, бул ыкма COVID-19га кабылып, оор абалда жаткан бейтаптарды дарылоодо берилүүчү дары-дармектен сырткары кошумча ыкма катары колдонулса жыйынтыгы жакшы болот экен.

Жаңылыктар түрмөгү
0