Каратаев мобилдик бригадалар эмнеге кеч келип жатканын түшүндүрүп берди

© пресс-служба мэрии города БишкекЦеремония открытия подстанции № 4 Центра экстренной медицины в Бишкеке
Церемония открытия подстанции № 4 Центра экстренной медицины в Бишкеке - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Министрликтин өкүлү республика боюнча 649 мобилдик бригада уюшулганын айтып, ал дагы бейтаптарды алып кеткенге жетишпей жатканын белгиледи.

БИШКЕК, 24-июн. — Sputnik. Саламаттык сактоо министринин орун басары Мадамин Каратаев учурдагы эпидемиологиялык кырдаалда эмне себептен мобилдик топтор элге барууга жетишпей жатканын айтып берди.

Брифинг маалында модератор аталган маселени козгоп, бригадалар айрымдарга үч күндө барып жатканын айткан.

"Мобилдик бригадалардын азыр жүгү оор болууда, күчөтүлгөн тартипте иштеп жатышат. Республика боюнча 649 группа болсо, ал дагы жетишпей жатат. Медицина кызматкерлеринин саны аз. Бейтаптарды алып кеткенге тез жардам унаасы да жетпейт. Жакында эле Бишкекте жол кырсыгы болуп, азыр эки атайын унаабыз иштебей турат. Чалган адамдарга үч күндө баруу көп убакыт. Медиктер максималдуу түрдө бир күндүн ичинде барганга аракет кылышат", — деди Каратаев.

Бүгүн өлкөдө 207 кишиден коронавирус чыгып, жуктургандардын жалпы саны 3726га жетти. Анын 2 082си айыгып, 42 киши көз жумду.

Жаңылыктар түрмөгү
0
Алгач жаңыларыАлгач эскилери
loader