Экс-депутат Баатырбеков Бороновдун ордуна сунушталды

© Sputnik / Табылды КадырбековДепутат Алмазбек Баатырбеков
Депутат Алмазбек Баатырбеков - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Баатырбеков “Кыргызстан” фракциясынын лидери болчу, жакында эле депутаттык мандатын тапшырып кеткен.

БИШКЕК, 16-июн. — Sputnik. Биринчи вице-премьер кызматына экс-депутат Алмаз Баатырбековдун талапкерлиги сунушталды. Бул туурасында Жогорку Кеңештин көпчүлүк коалициясынын жыйынында маалым болду.

Кандидатуру нового премьера рассматривает коалиция ЖК — прямой эфир - Sputnik Кыргызстан
Көпчүлүк коалиция премьер-министрди дайындоого киришти. Видео
Кечээ, 15-июнда, өкмөт башчы Мухаммедкалый Абылгазиев радиожыштыктар чуусунан улам кызматтан кетүү боюнча арызын жазган.

Мындан улам биринчи вице-премьер Кубатбек Боронов премьер-министрликке көрсөтүлүп, анын ордуна Баатырбеков сунушталууда.

Баатырбеков “Кыргызстан” фракциясынын лидери болчу, жакында эле депутаттык мандатын тапшырып кеткен.

Көпчүлүк коалициянын курамында КСДП, “Республика — Ата Журт”, “Кыргызстан” жана “Бир Бол” фракциялары бар.

Жаңылыктар түрмөгү
0