Көпчүлүк коалиция премьер-министрди дайындоого киришти. Видео

Жазылуу
Жогорку Кеңештин көпчүлүк коалициясы премьер-министрликке талапкерди карап жатат. Жыйын ЖКнын чоң залында өтүүдө. Бул жерде колдоо тапкан талапкер парламенттин жалпы жыйынына чыгарылат.

Көпчүлүк коалициянын курамында КСДП, "Республика — Ата Журт", "Кыргызстан" жана "Бир Бол" фракциялары бар.

Кечээ, 15-июнда, өкмөт башчы Мухаммедкалый Абылгазиев кызматтан кетүү боюнча арызын жазган.

Жаңылыктар түрмөгү
0