КР премьер-министрлерин ээрден алып түшкөн себептер менен Sputnik Кыргызстан даярдаган бул түрмөктөн таанышыңыздар.
КР өкмөтүн канча киши башкарган?
Көз карандысыздыкты алгандан бери Кыргызстанда отуз чакты премьер алмашканы туурасында айтылат. Чындыгында алар отузга жетпейт, Убактылуу өкмөттү жетектеген Роза Отунбаеваны кошо эсептесек, Мухаммедкалый Абылгазиев жыйырма үчүнчү премьер-министр болуп саналат.
Курманбек Бакиев менен Алмазбек Атамбаев өкмөттү эки ирет башкарган, аны эске алсак, республикада 20 экс-премьер бар. Өкмөт башчынын милдетин аткарып гана тим болгон саясатчыларды эсептебедик. Кашаа ичинде милдетин аткаруучу макамындагы убакыттан тышкаркы "таза" премьерликти аркалаган маал көрсөтүлдү.
Насирдин Исанов (1991-жылдын 21-январы — 1991-жылдын 29-ноябры)
Кыргызстандын тунгуч премьер-министри. Өкмөттү жетектеп турган кезинде жол кырсыгында каза болгон. Ошондо болгону 48 жашта болчу.
Турсунбек Чыңгышев (1992-жылдын 10-февралы — 1993-жылдын 13-декабры)
Көз карандысыздыкка жаңыдан ээ болгон жылдары Cameco компаниясы өлкөдөгү эң ири Кумтөр алтын кенин иштетүүгө лицензия алган. Мындан кийин депутаттар мамлекет жетекчилерин жемкорлукка айыптап кирген. Анын натыйжасында 1993-жылдын декабрында премьер-министр Турсунбек Чыңгышев кызматтан кеткен. Белгилей кетсек, "Кыргызстанда акылсыздар менен жалкоолор гана уурдабайт" деген айтылуу кепти ага таандык деп жүрүшөт.
Апас Жумагулов (1993-жылдын 14-декабры — 1998-жылдын 14-марты)
Премьер-министрлердин ичинен бул кызматты эң узак аркалагандардын бири. Ал Sputnik Кыргызстанга кызматтан өз ыктыяры менен кеткенин, коюлган милдеттердин баарын аткарган соң, жаш кадрларга иштөөгө мүмкүнчүлүк бергенин айтат. "Бир күн кеч кеткенден көрө бир күн эрте кеткен жакшы" деп кошумчалаган ал.
Кубанычбек Жумалиев (1998-жылдын 25-марты — 23-декабры)
Ачык булактарда бул кишинин отставкасынын себебин таба албадык. Экс-премьер өзү кызматтан кетиш себебин атоодон баш тартты.
Жумабек Ибраимов (1998-жылдын 25-декабры — 1999-жылдын 4-апрели)
Премьерлик кызматта турган кезинде ашказан рагынан көз жумган. Премьер-министр катары үч айдан ашуун иштеген.
Амангелди Муралиев (1999-жылдын 21-апрели — 2000-жылдын 11-декабры)
2000-жылы Аскар Акаев кезектеги президенттик шайлоодон утуп чыгып, Конституцияга ылайык, Муралиев жетектеген өкмөт отставкага кеткен. Жаңы премьерге добуш берүү эки баскычта өткөн. Акаев депутаттарга премьер-министрликке талапкерлерге жабык рейтингдик добуш берүү менен тандоону сунуштаган. Эки талапкер ат салышкан. Амангелди Муралиевди Курманбек Бакиев жабык добуш берүүдө жеңип чыгып, ачык добуш берүүдө министрлер кабинетинин башчысы болуп шайланган.
Курманбек Бакиев (2000-жылдын 21-декабры — 2002-жылдын 22-майы) жана (2005-жылдын 28-марты — 2005-жылдын 15-августу)
Бакиев эки жолу премьер-министр болуп иштеген. 2002-жылы оппозициялык депутат Азимбек Бекназаровдун камакка алынышы алты адамдын өлүмүнө алып келген нааразылык акцияларын жараткан. Артынан оппозиция жапырт көтөрүлүп, ошондогу премьер-министр Курманбек Бакиев ички иштер министри жана президенттик администрациянын башчысы менен биргеликте отставкага кеткен. Экинчи ирет "жоогазын" революциясынан кийин премьер болгон. Бул кызматты аркалап жүрүп, президенттикке шайланган. Президенттик шайлоо убагында өкмөт башчынын милдетин Медетбек Керимкулов 20 күндөй (шайлоо убагында) аткарган. 2010-жылдын апрелиндеги окуялардан кийин президенттик тактыдан кулаган. Сырттан соттолуп, ушул тапта Белоруссия жергесинде турат.
Николай Танаев (2002-жылдын 30-майы — 2005-жылдын 25-марты)
Аскар Акаевдин акыркы премьер-министри Николай Танаев 2005-жылдын 24-мартындагы окуялардан соң дароо отставкага кеткен. Эске салсак, ошондо Акаев бийлигинен кол жууган.
Феликс Кулов (2005-жылдын 1-сентябры — 2006-жылдын 19-декабры)
Курманбек Бакиев Кулов менен союз түзүү менен өлкө башчылыгына шайланган. Мырзалык макулдашуу боюнча Кулов премьер-министрлик кызматка макул болгон. Президенттик дымагынан баш тартып, 2005-жылкы президенттик шайлоодо Бакиевди колдогон. Бул эки саясатчынын союзун "тандем" деп аташкан. Конституциялык реформанын жүрүшүндө өкмөт отставкага кеткен. Бакиев Куловдун талапкерлигин өкмөт башчылыгына эки ирет сунуштаган, бирок парламент аны четке каккан. Үчүнчү жолкусунда ошол убактагы айыл чарба министри Азимбек Исабеков бул кызматка көрсөтүлгөн (ал өкмөттү туура эки ай жетектеген).
Мындан кийин Кулов президент "мырзалык сөзүнө турган жок" деп анын отставкасын талап кылган. Оппозиционерлер менен бирге митинг уюштуруп, көп өтпөй укук коргоо органдары кууп тараткан.
Азимбек Исабеков (2007-жылдын 29-январы — 2007-жылдын 29-марты)
Феликс Куловдун министрлер кабинетиндеги айыл чарба министри анын ордуна өкмөттү башкарып калган. Исабеков премьерликти туура эки ай ээлеп, ошол кездеги президент Курманбек Бакиев бир нече министрди иштен кетирүүдөн баш тарткандыктан, отставкага кеткен. Анын ордуна ошол маалдагы оппозиция лидерлеринин бири Алмазбек Атамбаев келген.
Алмазбек Атамбаев (2007-жылдын 29-марты — 2007-жылдын 28-ноябры) жана (2010-жылдын 17-декабры — 2011-жылдын 1-декабры)
Атамбаев эки ирет премьер-министр болгон. Исабеков кызматтан алынгандан кийин премьерликке оппозиция лидерлеринин бири Алмазбек Атамбаев дайындалган. Министрлер кабинетин ал киши сегиз ай башкарып, өз ыктыяры менен отставкага кеткен. Бакиев аны "Данакер" ордени менен сыйлаган.
Өз кезегинде Атамбаев иштеп турганда "президент бардык маселелерде мени колдогон" деп билдирген. Өз отставкасынын себеби катары Бакиевдин айланасындагылар анын өз алдынчалыгын жактырбаганын атаган. Экинчи жолу ал 2010-жылдын аягында жаңы Конституция кабыл алынып, Жогорку Кеңешке шайлоо өткөрүлгөндөн кийин өкмөт башчылыгына келген. Президенттик шайлоодо утуп чыккан соң, өлкөдөгү эң жогорку кызматка отурган.
Игорь Чудинов (2007-жылдын 24-декабры — 2009-жылдын 21-декабры)
2009-жылы ошол туштагы президент Бакиев мамлекеттик башкаруу тутумун реформалоону жарыялаган. Анын алкагында министрлер кабинетинин ыйгарым укуктары кыскартылган. Чудинов өкмөттүн жаңы түзүмүн Жогорку Кеңешке жаңы премьер-министр сунуштоого тийиш деп билдирип, өзү отставкага кеткен. Кийинчерээк Өнүктүрүү фондунун башкы директорлугуна дайындалган. 2010-жылы кызматынан кыянаттык менен колдонгон, мамлекеттик насыяларды максатсыз пайдаланган деген айып менен кармалып, кайра бошотулган.
2017-жылы жерди мыйзамсыз трансформациялоо иши боюнча 5 миллион сомго айыпка жыгылган. 2015-жылы Жогорку Кеңештин депутаты болуп шайланып, соттун өкүмүнөн кийин мандатынан ажыратылган.
Данияр Үсөнов (2009-жылдын 21-декабры — 2010-жылдын 7-апрели)
Курманбек Бакиевдин соңку премьер-министри апрель окуясынан кийин кызматынан айрылган. 3,5 ай премьерликти аркалаган. Апрель окуясы боюнча иштерден улам сыртынан соттолгон. Ушул тапта Белоруссияда жашайт, ал жакта Даниил Урицкий ысымы менен жүрөт.
Роза Отунбаева (2010-жылдын 7-апрели — 17-декабры)
Адегенде Убактылуу өкмөттү, андан кийин техникалык өкмөттү өткөөл мезгилдин президенти деген макамда жетектеген. Жогорку Кеңеш Алмазбек Атамбаев башында турган өкмөттү бекиткен соң, ал техникалык өкмөт башчылыгынан кеткен.
Өмүрбек Бабанов (2011-жылдын 23-декабры — 2012-жылдын 1-сентябры)
Өмүрбек Бабанов бир нече ирет чуулуу териштирүүлөрдүн чордонунда калган, саясатчынын чынчылдыгы тууралуу талаш-тартыш ал кызматтан кеткенде да токтогон эмес.
2012-жылы Бабановдун өкмөтү асыл кандуу аргымак чырынан улам отставкага кеткен. "Атамекенчилер" министрлер кабинетинин башчысы кирешелүү келишимге кол коюуга кызыкдар болгон түрк ишканасынан пара катары алган деп айыптап чыккан. Ушундан улам адегенде "Ата Мекен" фракциясынын депутаттары, алардын аркасынан башка фракциялар парламенттик коалициядан чыккан.
Жантөрө Сатыбалдиев (2012-жылдын 5-сентябры — 2014-жылдын 25-марты)
Сатыбалдиевдин отставкасынын сценарийи да Бабановдукуна окшош. Ошол жолу да "атамекенчилер" негизги ролду ойногон. Депутаттык комиссия алгач Сатыбалдиев жетектеген Ош жана Жалал-Абад шаарларын кайра калыбына келтирүү боюнча мамлекеттик дирекциясынын ишиндеги каржылык мыйзам бузууларды таап чыккан.
"Ата Мекен" бул эпизодду коалициядан чыгуу себептеринин бири катары атаган. Мурдагы жолкудай эле өкмөт автоматтык түрдө отставкага кеткен. Ошентип, "атамекенчилер" катары менен эки өкмөттү кетирип тынган.
Кийин "Ата Мекен" лидери Өмүрбек Текебаев: "Ооба, аларды мен кетирдим, бирок, ачыгын айтайын, баары президент менен макулдашылган", – деп эки өкмөттү кулатуудагы ролун моюнга алган.
Жоомарт Оторбаев (2014-жылдын 3-апрели — 2015-жылдын 1-майы)
"Ата Мекен" тарабынан сунушталган Оторбаев 2014-жылдагы анын ишмердигин депутаттар канааттандырарлык деп тапкандан кийин парламенттин жыйынында отставкага кетерин жарыялаган.
Демократиялык республикада бийликтин монополиясына жол берилбеши керектигин себеп катары көрсөтүп, өлкө жаңы көз караш, дымак, максаттарга муктаж экенин, ал эми аткаруу бийлигин бир силкинтүү зарылдыгын белгилеген.
Оторбаев парламент анын бир жылдык ишмердигин канааттандырарлык деп баалагандан кийин да отставкага кеткен. Өмүрбек Текебаев Оторбаев Centerra директорлор кеңешинин курамына өзгөртүү киргизүүгө жолтоо болгону үчүн кызматтан кетти деп эсептеген.
Темир Сариев (2015-жылдын 1-майы — 2016-жылдын 13-апрели)
Жоомарт Оторбаевден кийин Темир Сариев министрлер кабинетин жетектеген. Бир жылдан соң Балыкчы-Корумду жолун реконструкциялоого жарыяланган тендердин тегерегинде жаңжал чыккан. Тендердин мыйзамдуулугун депутаттык комиссия иликтеген. Анын айрым мүчөлөрү Сариевдин айланасындагылар компаниялардын биринин кызыкчылыгын жактаган деп шектенген.
Ушул себептен депутаттык комиссия Жогорку Кеңешке өкмөткө ишеним көрсөтпөө демилгесин сунуштаган. Андан көп өтпөй премьер "мындай саясий оюндарга" аралашууга убактысы да, каалоосу да жок экенин айтып, отставкага кеткен.
Сооронбай Жээнбеков (2016-жылдын 13-апрели — 2017-жылдын 22-августу)
Сариевдин отставкасынан кийин өкмөттү башкарган. СДПК аны президенттикке талапкер катары чыгаргандан кийин кызматын тапшырган. Жээнбеков шайлоодо жеңип чыгып, 2017-жылдын ноябрынан тарта Кыргызстанды башкарат.
Сапар Исаков (2017-жылдын 25-августу — 2018-жылдын 19-апрели)
2018-жылдын апрелинде парламенттик оппозиция өкмөт башчынын ишин канааттандырарлык эмес деп баалайт. Андан кийин Жогорку Кеңеш Исаковдун министрлер кабинетине ишеним көрсөтпөө чечимин кабыл алган.
Мурдагы премьер айрым депутаттардын туугандарын ишке алуудан баш тартканы үчүн алардын каарына калганын айтат.
Исаков Бишкектеги Жылуулук электр станциясын модернизациялоодогу жемкорлук боюнча 15 жылга соттолгон. Ошондой эле Мамлекеттик тарых музейин реконструкциялоодогу жемкорлук иши боюнча да айыпталат.