БИШКЕК, 12-июн. — Sputnik. Бишкек шаарында санитардык нормаларды сактабаган бир нече объектилерге бир миллион сомдон ашык айып салынды. Бул туурасында вице-мэр Татьяна Кузнецова брифинг учурунда билдирди.
Эреже бузуу фактылары сулуулук салондорунан тарта май куюучу жайларына чейин катталган.
Төмөнкү объектилерге протокол толтурулуп, айып салынды:
- Сулуулук салондору, чачтарачканалар — 194 000 сом айып, 184 протокол;
- Дүкөндөр — 124 000 сом айып, 65 протокол;
- Кафе — 281 000 сом айып, 164 протокол;
- Автоунаа жуучу жайлар — 14 000 сом айып, 8 протокол;
- АОЖ, желимдөө — 41 000 сом айып, 29 протокол;
- СБ жана кийим дүкөндөр — 61 000 сом айып, 25 протокол;
- АЗС — 26 000 сом айып, 10 протокол;
- Жеке такси кызматтары – 6000 сом айып, 6 протокол;
- Балдардын кийимдери жана оюнчуктар дүкөндөрү — 4000 сом айып, 4 протокол;
- Тамак-аш өнөр жайын өндүрүү — 52 500 сом айып, 18 протокол;
- Косметика дүкөндөрү — 3000 сом айып, 3 протокол;
- Базарлар жана курулуш материалдар дүкөндөрү — 67 000 сом айып, 26 протокол;
- Азык-түлүк базарлары — 55 000 сом айып, 17 протокол;
- Транспорт каражаттары — 64 000 сом айып, 50 протокол;
- Финансылык кызматтар —14 000 сом өлчөмүндө 2 протокол;
- Автоунаа шаймандары, тиричилик буюмдары жана эмеректер — 14 000 сом айып, 20 прокол;
- Мончолор — 2000 сом айып, 2 протокол;
- Окуу курстары — 1000 сом айып, 1 протокол;
- Коомдук дааратканалар — 6000 сом айып, 6 протокол;
- Мектептер — 1000 сом айып, 1 протокол;
- Компьютердик клубдар — 1000 сом айып, 1 протокол;