БИШКЕК, 15-май — Sputnik. Москвада иммунитети коронавирусту көтөрө аларын же албастыгын текшерүү эл арасында массалык түрдө акысыз жүргүзүлөт. Бул тууралуу аталган калаанын мэриясынын сайтында жазылган.
Мэр акыркы бир нече айдын ичинде шаарда коронавирусту текшерүү программасы болуп көрбөгөндөй иш алып барып жатканын белгилеген. Күн сайын ондогон лабораториялар 40 миңден ашык ПЦР-тесттердин жыйынтыгын чыгарып жатышат.
Анын айтымында, мындан ары "тестирлөөчү машина" күч алат. Жаңы эрежелерге ылайык, ишке кирген ишканалардын жетекчилери жума сайын кызматкерлерден тест жүргүзүшү керек. Вирустук пневмонияны аныктоо үчүн жети амбулатордук борбор бар. Буга чейин аларда коронавирусту аныктоо үчүн 100 миңден изилдөө жүргүзүлгөн.
"Бирок бул ыкмалар жетишсиз. Анткени ал канча адам ооруп бүткөнүн, анын ичинде симптомдору вирусту баштан өткөргөнүн, канчасында коронавируска каршы иммунитет иштелип чыккандыгын аныктоого мүмкүнчүлүк бербейт. Бул маалыматты алуунун ыкмасы — калктын иммунитетин изилдөө, тагыраагы, Москва шаарынын тургундарын жаңы инфекцияга антителолорун тестирлөө (скрининг) болуп саналат", — деп жазган калаа башчысы Сергей Собянин.
Собяниндин айтымында, бул 15-майдан баштап массалык жана акысыз скрининг программасын ишке ашырууга мүмкүнчүлүк берет.