Иш-чараны "Евразийцы – новая волна" фонду, бейөкмөт уюмдардын "Евразия элдеринин ассамблеясы" эл аралык союзу, Кыргызстандын регионалдык серепчилеринин "Пикир" клубу жана мурдагы СССРдин аймагындагы бир катар коомдук уюмдар уюштурган.
Окумуштуулар, коомдук ишмерлер, саясатчылар жана дипломаттар онлайн-форматта жолукту.
"Өлкөлөрдөгү ар кыл шарттарга карабай адамдар Жеңиш күнүн белгилешти. Бул дүйнөлүк масштабдагы окуя. Россияда 2020-жыл – Эскерүү жана даңк жылы деп жарыяланып, мааракелик медалы уюштурулду, парад өттү. Бирок бөлөк өлкөлөрдө тарыхты бурмалоо жана кайра жазуу аракеттери көп болууда", - деди Евразия элдеринин ассамблеясынын Башкы катчысынын орун басары Михаил Федоров.
"Ушул тапта адамдарды ак-караны ажырата билүүгө үйрөтүү зарылдыгы жаралды", - деп белгилейт Беларустун өкүлү, аталган республикадагы Мамлекеттик башкаруу университетинин Евразиялык экономикалык интеграция жана өнүктүрүү илимий борборунун директорунун орун басары Александр Хребтов.
Адамзаттын тарыхындагы эң коркунучтуу согуш туурасындагы жалган маалыматтар азыр көптөгөн өлкөлөрдүн мамлекеттик саясатына айланууда.
Ал ошондой эле ФРГнын ТИМ башчысы Хайко Маастын да Германия Польшага кол салуу менен экинчи дүйнөлүк согушту өзү ачканын жана адамзаттын алдындагы кылмышка Германия гана жооптуу экендиги тууралуу билдирүүсүн эске салды.
Улуу Ата Мекендик согуш 75 жыл мурун бүткөнүнө карабастан, али күнчө көп кишини тынч уктатпайт. Эл аралык келишимдерде бекитилген жыйынтыктар аябагандай көп кишиге жакпайт.
"Тарыхыбызды улут-улутка карата бөлүп салгылары бар. Бул аракеттер эсептешип жана күрөшө турган чакырыктарга айланууда. Бөлүнүп жашоого жол бербөө керек. Коллективизмдин сабагын дайым эсте туталы. Биздин коллективдик башатыбыз гана фашизм идеяларынын жайылышына бөгөт болгон", - деди РФнын Кыргызстандагы толук ыйгарымдуу элчиси Николай Удовиченко.
Дипломат дал азыр тарыхты бурмалоо көйгөйү болуп көрбөгөндөй курч мүнөздө экенин белгилөө менен көпчүлүк улутчулдукту кайра жандандырууга тырышууда деп эсептейт. Постсоветтик мейкиндиктеги бир катар өлкөлөр тарыхый фактыларды кайра жазып чыгуу өлкөлөрдүн жетекчилеринин деңгээлинде жүрүүдө.
Латвиялык саясатчыны Сейм резолюциясы абдан тынчсыздандырат. Ал былтыр күздө кабыл алынган. Иш жүзүндө улутчулдар менен СССРди бирдей карайт.
"Бул резолюцияга орус партияларынын эки өкүлү добуш берген. Биздин партиянын жетекчиси Татьяна Жданок гана каршы чыкты. Ошондо бизди эч нерсе болбойт деп жооткотушкан. Чындыгында бул резолюциянын уландысы бар эле. Бир нече күн мурун Сейм улутчулдук да, советтик да формаларга бирдей тыюу салуу жөнүндөгү мыйзамды кабыл алган. Президент аны жокко чыгаруу ниетинде эмес, дагы катаалдаштыруу үчүн артка кайтарды. Мындай аракет 9-Майдагы эскерүү иш-чараларына форманы пайдаланууга жол бербөө үчүн жасалууда", - деп билдирет Мирослав Митрофанов.
"9-Майда Ригада куткаруучу советтик жоокерлердин эстелигинин алдында 150 миңге чейин киши чогулду. Ал эми расмий майрамдарда болгону 1500 киши топтолот. Бул кыжырданууну, өч алуу ниетин жаратат. 9-Май таңында эстеликтерге гүлчамбар коюлду. Ондогон жана жүздөгөн киши эстеликтин алдына келишти".
Литванын өкүлү, Аскердик мурас институтунун төрагасы Юриюс Тракшялис республиканын аймагындагы Советтик Армиянын жоокерлеринин мүрзөлөрүнүн сакталышына тынчсызданганын билдирет.
Мындай ойду "Русское телевидение Молдовы" компаниясынын директору Ирина Мельник да тастыктайт.
"Вируска карабастан, ушул мүнөттөрдө улуттук жыйын аянты ретро автоунааларга жана желектерге толо. 9-Май күнү Молдавияда президент жана парламенттин спикери гүлчамбар коюшту. Элди бөлүүгө мүмкүн эмес. Көптөгөн молдавалыктар бул майрамга өзгөчө аяр мамиле кылышат. Эстеликтерди калыбына келтирүү иштери бүт Молдавия боюнча уланууда. Тогуз ири мемориалдык комплекси иретке келтирилди. Көптөгөн эстеликтер россиялык региондордун жардамы менен калыптандырылды. Молдова калкы биздин жергебизди "күрөң чумадан" (фашизмден) куткарган ата-бабаларыбызды эч качан унутушпайт, эскеришет жана алардын элесине шек келтиришпейт", - деди Ирина Мельник.
Албетте, бардык жерде эле өлкө жетекчилери азыркы саясий кызыкчылыктарга жараша тарыхты кайра жазууга умтулушпайт. Беларусь, Казакстан, Кыргызстан, Арменияда Улуу Жеңиш майрамы татыктуу деңгээлде белгиленет. Ардагерлерге жардам берилет жана өкмөттүн кам көрүүсүндө, ал эми эстеликтер тийиштүү деңгээлде каралат.
Конференциянын катышуучулары белгилегендей, Жеңиш мааракеси дүйнө майрамы гана тургай, ынтымактуу кошуна, өз ара аракет жана өз ара түшүнүүгө негизделген адамзаттык мамиленин жаңы парадигмасынын башаты болуп саналат.
Конференциянын соңунда катышуучулар "Жеңиш музыкасы" жазгы марафонуна кошулуп, саат туура 14.00дө "Жеңиш күнү" ырын бирге аткарышты. Бул кадам жалпы россиялык рекордго кирүүгө умтулат.