COVID менен күрөшүү үчүн берилген кыргыз-түрк ооруканасы качан иштей баштайт

© Фото / Пресс-служба Минздрава КРСтроительство больницы кыргызско-турецкой дружбы в Бишкеке
Строительство больницы кыргызско-турецкой дружбы в Бишкеке  - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Кыргыз-түрк достугуна арналган оорукананын курулушу ТИКА уюмунун каржылоосу менен 2016-жылы башталып, 2018-жылы аяктаган.

БИШКЕК, 8-май — Sputnik. Фучик көчөсүнө салынган Кыргыз-түрк "Достук" ооруканасы коронавирус жуктуруп алгандарды дарылоо үчүн кандай учурда ачыларын Саламаттыкты сактоо министрлигинин Медициналык жардамды уюштуруу жана дары саясаты башкармалыгынын өкүлү Кубанычбек Калмаматов түшүндүрдү.

Адистин айтымында, аны Республикалык жугуштуу оорулар клиникалык ооруканасы толуп калган учурда пайдаланууга берүү пландалып жатат.

“Аталган оорукананы жугуштуу оорулар ооруканасы толуп калган учурда пайдаланууну пландап жатабыз. Азыр коронавирус жуктуруп алгандарды кабыл алууга даярдоо боюнча уюштуруу иштери жүргүзүлүп жатат”, — деди ал.

Калмаматовдун айтканына караганда, кыргыз-түрк ооруканасы башка максатта курулган жана жугуштуу оорулууларды дарылоого ылайыкташкан эмес.

Филатовская больница готова принимать пациентов с коронавирусом - Sputnik Кыргызстан
Коронавирус: оор абалдагы 12 кишинин жарымы реанимацияда жатат
"Оорукана даяр, бирок санитардык-эпидемиологиялык көзөмөл органдарынын жардамы менен жугуштуу оорулууларды кабыл алуу боюнча эрежелерди иштеп чыгуудабыз”, — деди министрликтин өкүлү.

Маалыматка караганда, учурда Республикалык жугуштуу оорулар клиникалык ооруканасында вирус жуктургандар үчүн 60 койка даяр турат. Андыктан жаңы оорукананы ачуу зарылдыгы жок. Анын үстүнө кадр маселеси дагы көңүл сыртында калбашы керек.

"Үчүнчү деңгээлдеги дарыгерлерден турган бригада түзүлдү. Адистер толугу менен окуудан өттү. Зарыл болгон учурда ишке киришет”, — деди Калмаматов.

Эске салсак, кыргыз-түрк достугуна арналган оорукананын курулушу ТИКА уюмунун каржылоосу менен 2016-жылы башталып, 2018-жылы аяктаган.

Былтыр сентябрь айынын башында Түркиянын президенти Режеп Тайип Эрдогандын Кыргызстанга болгон расмий иш сапары учурунда аталган оорукана биринчи айымдар Айгүл Токоева жана Эмине Эрдогандын катышуусунда ачылганы маалымдалган. Оорукана негизинен 150 кишиге ылайыкташтырылып, заманбап диагностикалык жабдуулар коюлмак.

Коронавирустун кесепети

Медициналык кызматкер жумуш учурунда. Архив - Sputnik Кыргызстан
Жети облустагы Тез жардам кызматынын учурдагы абалы
Кыргызстанда коронавируска кабылгандардын саны 906га жетип, анын ичинен 650сү айыгып чыкты. Тилекке каршы, 12 бейтап каза болуп калды.

Өлкөдө учурда абал кандай болуп жатканын Sputnik Кыргызстан агенттиги жүргүзгөн тексттик трансляциядан билүүгө болот.

Sputnik редакциясы карантин учурунда ар тараптан жардам бере турган кызматтардын ишеним телефондорун жана облустардагы комендатура, штабдардын номерлерин жарыялаган

Кабарларды ыкчам, ыңгайлуу шартта окуу үчүн Telegram каналыбызга баш багыңыз.

Жаңылыктар түрмөгү
0