ЖРТга каттоо башталды. Абитуриенттин эң көйгөйлүү 11 суроосуна жооп

© Sputnik / Максим Богодвид / Медиабанкка өтүүОкуучулар экзамен учурунда. Архив
Окуучулар экзамен учурунда. Архив - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Бүгүн, 4-майдан тарта, өлкө аймагында жалпы республикалык тестирлөөгө каттоо кайрадан ачылды. Эми ал 15-майга чейин уланмакчы.

Ар бир окуу жылынын аягында мектеп бүтүрүүчүлөрү жогорку окуу жайга өтүү үчүн жалпы республикалык тестирлөөгө (ЖРТ) катышат. Адатта ага каттоо февраль, март айларында жүргүзүлсө, быйыл коронавирус пандемиясына байланыштуу мөөнөтү жылдырылган.

Бүгүндөн баштап кайра ачылган каттоо иштери жана жалпы эле тестирлөөнүн өзүндөгү жаңычылдыктар жөнүндө Билимди баалоо жана окутуу усулдары борборунун коомчулук менен байланышуу боюнча адиси Чынара Батракеева айтып берди.

Каттоо кайсы жактарда жүргүзүлөт?

Киши онлайн режиминде окуп жатат. Архив - Sputnik Кыргызстан
Министр: экзамен жана сессияларды онлайн-режимде алуу пландалууда
Окууну быйыл бүтүп жаткандар мурдагы жылдардай эле өздөрү билим алган мектептен катталышат. Мурда каттоого тесттен өтчү окуучу өзү келиши керек болсо, быйыл эпидемиологиялык абал эске алынып, ата-энелерге уруксат берилди. Тагыраагы, баласынын ордуна атасы, апасы же камкордукка алган адам келип, каттатып кетсе болот. Ал эми окууну мурдагы жылдары бүткөн жаштардын документтери райондук жана шаардык билим берүү бөлүмдөрүндө кабыл алынат.

Онлайн катталса болобу?

Жок. Бул үчүн тиешелүү процедуралар өткөрүлүп, документтер даярдалышы керек болчу. Буга убакыт жетишсиз болуп калган.

Керектүү документтер

16 жаштан өткөн балдар паспорт алган болсо, паспортун көрсөтүшү керек. Бул документи колго тие электер туулгандыгы тууралуу күбөлүк менен катталса болот. Бирок окуган мектебинен окуучунун сүрөтү жана мөөр коюлган маалым кат талап кылынат. Себеби туулгандыгы тууралуу күбөлүктө сүрөт болбогондуктан, документ тест тапшырчу адамга таандык экенин далилдөө кыйыныраак болот.

Паспортун жоготуп алсачы?

Окуусун мурдагы жылдары бүтүп, эми тестке катышууну көздөп жүргөндөрдүн арасында паспортун жоготуп алгандар болушу мүмкүн. Алар каттоо аягына чыкканга чейин документ алууга жетишпейт. Бирок 11-майдан баштап Мамлекеттик каттоо кызматы, Калкты тейлөө борборлору иштей баштайт. Демек паспортту кайрадан алууга документтерин тапшырып, ал тууралуу маалым кат алып келиши керек. Ошондой эле айдоочулук күбөлүк жана аскердик күбөлүк менен дагы катталууга болот.

Тестирлөө качан өткөрүлөт?

Тестирлөөнүн биринчи этабы 21-22-июнда, экинчи жолкусу 24-25-июнь күндөрү өтөт.

Абитуриент азыр каттала албаса эмне болот?

Акча каражаты. Архив - Sputnik Кыргызстан
Исаков: студенттердин контракт төлөөсүнө жеңилдик берилет
Ден соолугуна же чет өлкөдө жүрүп келе албай калганына байланыштуу азыр каттала албагандар 20-23-июнь күнү кошумча каттоого алынат. Алар эртеси күнү эле ЖРТнын экинчи этабына катыша алат.

Жыйынтыгы качан даяр болот?

Тесттердин жыйынтыгы июль айынын ортосуна чейин чыгарылат.

ЖОЖдор качан сынак жарыялайт?

Жогорку окуу жайлар абитуриенттердин арыздарын 20-июлдан тарта кабыл ала баштайт.

Катталууга канча акча керек?

Быйылкы төлөм ар бир предмет үчүн 370 сом.

Жеке коргоо каражаттары

Тестирлөө өткөрүлчү имараттар эпидемиологиялык эрежелерге ылайык тазаланат. Уюштуруучулар кире беришке санитайзер коюуга аракет кылат. Бирок жеке коопсуздугу үчүн окуучулар жанына экиден бет кап жана антисептикалык каражаттарды алып алганы туура болот.

Даярдануу

Тестирлөөнүн өзүнө бир айдан ашык убакыт бар. Бул аралыкта окуучулар oku.edu.gov.kg, www.testing.kg жана Билимди баалоо жана окутуу усулдары борборунун YouTube каналы аркылуу даярданса болот.

Жаңылыктар түрмөгү
0