Булардын арасында ысыктын күнүндө коргонуу кийимдери менен үймө-үй, мекемеден мекеме кыдырып, аба өткөрбөгөн костюмдан сырткары бир нече литрлик химиялык затты көтөрүп, көл-шал-тердеп, оорунун очогунда дезинфекция иштерин сааттап жасап жүргөндөр бар.
Жөнөкөй учурда хлордун жытына чыдабай кетсе, бул адамдар химиялык затты суткалап жыттап, бел чечпей эмгектенип жаткан учуру.
Sputnik Ош шаардык башкармалыгындагы Куткаруу кызматынын жетекчиси Белек Тагаевди кепке тартты. Ал Күрөш жана эрежесиз эр уруш менен алектенип келет. Эркин күрөш боюнча спорт чеберине талапкер.
— Белек, айтсаңыз, канча жылдан бери куткаруучулук милдетти аркалап келе жатасыз?
— Өзгөчө кырдаалдар министрлигинде 8, ал эми куткаруучу болуп иштеп жатканыма жети жыл болду.
— Коронавирус жөнөкөй жаран, андан сырткары, куткаруучу катары иш режимиңерди бир топ өзгөртүптүр? Канча сааттан иштеп жатасыздар?
— Сиздер - куткаруучулар тобу, азыр обочолонууда туруп иштейт турбайсыздарбы. Айтайын дегеним, сырттагылар менен байланышпайсыздар, чоочун эч ким сиздерге кирбейт?
— Ооба, биздин кызмат казармалык режимге өттүк. Үйгө бир айдан ашуун убакыттан бери бара элекпиз. Буга чейин шаардын аймагындагы банктар, мекеме-уюмдар, кабаттуу үйлөргө да дезинфекция кылып келсек, азыр коронавирус чыккан очокторго барып иштеп жатабыз. Бул Ош шаарында жасалат.
Өзүбүздүн казармадабыз, обсервация катары турабыз. Сырттан эч ким кирбейт, биз коронавирустун очогу чыккан жерлерден башка жактарга барбайбыз. Себеби кооптуулук күч. Биринчилерден болуп, Санитардык-эпидемиологиялык кызмат аныктайт. Ооруну алып кеткенден кийин биз дароо ошол жерге түшөбүз.
— Коронавирус инфекциясы чыккан жерге, очогуна дарыгерлерден кийин эле сиздер кирип жатпайсыздарбы. Коргонуу каражат жагы кандай?
— Коргоочу костюм жана атайын бет кап, көз айнек, кол кап жана бутубузга өтүк киебиз. Кээде ушул нерселер да жетиштүү болбой калат экен. Жеке коопсуздугубуз жана элге кооптуулук жаратпасын деп кээде өзүбүздүн жаныбыздан алган учурлар болгон.
— Сиздердин кийимдер мага скафандр сымал эле сезилет. Баскан-турганга ыңгайсыз да болсо керек?
— Объектиге чыгар алдында "куралданууга" 2 мүнөткө чукул убакыт кетет. Ачык жерлерге инфекция илешпегендей кылып коргонуп кийингенге аракет кылабыз. Көп кыймылдаганда, кабаттуу үйлөргө кирип-чыкканда абдан эле кыйын. Аба өтпөгөндүктөн көл-шал болуп тердеп чыгасың. Бир топ убакыт иштегенден кийин кетпеген жерден тер кетет. Үстүңө суу куюп жибергендей агат. Бет кап менен көз айнек бири-бирине байланыштуу да, бууланып айнектен эч нерсе көрүнбөй калат. Аны кээде алып сүртөйүн десең, инфекция жугузуп алгандан коркосуң. Ичин аарчыбай коеюн десең, көрүүгө мүмкүн эмес. Себеби дезинфекция иштерин кылдат, чала жер калтырбай жасаш керек да. Негизи залалсыздандыруу вирусту жок кылуудагы өзгөчө маанидеги процедуралардын бири. Айтор, сыгып алма суу болосуң.
— Аппак кийинип, башынан бутуна чейин чүмкөлгөндөрдү көргөндө ошол аймактын реакциясы да ар кыл болсо керек? COVID-19дун биринчи учурлары Кыргызстанда аныкталганда Бишкектен ошондой формадагы кишилерди көрүп, элдин дүрбөлөңгө түшкөнү эсимде.
— Ооба. Ар кандай мамилеге туш болосуң. Кээ бири жакшы сөз айтып, жылуу мамиле жасап, жардам бергиси келет. Кээде кызыгып сурап, ал тургай жардам кылганга аракет кылат. Андай учурда ичиң жылый түшөт. Себеби ар бир эле адам жакшы сөз менен жылуу мамилеге кайдыгер карабаса керек.
— Жактырбай мамиле кылгандар да болсо керек?
Бирок соңку күндөрү эл коронавирустун олуттуу көйгөй экенин түшүнүп, бизге барганда мамилеси өзгөрүп калды окшойт. Объектилерге күндө чыгабыз да. Ыраазычылыктарын, биз да кооптуу кызматта жүргөнүбүздү белгилеп жаткандарын байкай баштадым.
— Иш учурунда кыжырды келтирген эмне?
— Албетте биз ал жерге барып түшкөндө инфекция жугузгуч катары карагандар да болот. Кооптонуу сезими ар бир адамда болот эмеспи, ал түшүнүктүү нерсе. Бул үчүн эч кимди күнөөлөй албайсың. Коргонуучу костюм менен барганда алыстан туруп алып, телефонго сүрөткө, видеого тартып алып, комментарий кылгандары, сенин дарегиңе жагымсыз сөздөрдү айткандары жакпайт. Анан "биздин абалда, биздин ордубузда калып, сыгып алма суу болуп, ушундай заттар менен иштеп жатканда мазактаганыңды көрөт элем" дейсиң ичиңден.
—Аба жетпеген костюмдарда ошондой тердеп-тепчип, канча сааттап иштейсиздер? Негизи эле иш процесси кандай болот?
—Эртең менен саат 8:30-9:00дөр чамасында чыгып, түшкү 12:30дарга чейин тынымсыз бир нече объектилерде иштеген учурлар болот. Бул күнүгө кайталанышы да мүмкүн. Коронавирус инфекциясы чыккан ар бир дарекке барып, дыкаттык менен дезинфекция кыласың. Көп кабаттуу үйлөргө чыкканда көбүрөөк кыйналасың.
Ал эми иштин жүрүш боюнча айтсам, тиешелүү топ оору чыккан жерге барып түшөт. Кызматкерлердин ичинен экөө кирет да, тыкыр, толугу менен дезинфекциялап чыгат. Алар "бүттүк" деп белги берип, босогодон сыртка чыгары менен эки кызматкер даяр турат. Дезинфекция жасап чыккан куткаруучуларды эми башка кесиптештери толугу менен баштан-аяк дезинфекциялап чыгат. Бул жерде алакандай ар бир жер маанилүү. Себеби вирусту сыртка алып кетпеши керек. Башкача айтканда, сенин тагдырың менен коопсуздугуң алардын колунда болот дегендик. Ал эми сени залалсыздандырган процесс абдан жагымсыз. Үйдүн ичине чачып жатканыңда анча билинбейт. Ал эми образдуу айтканда, ишиңди аяктагандан кийин сени хлорго чөмүлтүп туруп чыгарганда жыты жана башкалары бир топ эле жагымсыз. Бул процедуралар бүткөндөн кийин гана топ андан ары ишин улантып, кийинки объектиге кетебиз.
— Кечинде суй жыгылып чарчап келесиздер? Анын үстүнө химиялык заттардын жыты да жагымсыз деп айта кетпедиңизби?
— Маселен эл куткаруучу десе, өзгөчө адамдай сезет. Көбү медиктерге, куткаруучуларга, милиционерлерге деле оору жугуп кала турганын капарга албайт. Сиз башка кыргызстандыктар сыяктуу эле качан кооптонуп баштадыңыз?
— Коронавирус Кыргызстанда аныкталып, биздин кызматкерлер тиешелүү тараптар менен биргеликте обсервацияны конкреттүү даярдай баштаганда кооптуулукту сездим. Эң эле биринчи "Манас" обсервациясында умрадан келгендерди кайра чогултуп келгенде ал жерге кирип, жарандар жөнүндө маалыматты тактап жүрдүк. Ошондо коркуу сезими болду. Үй-бүлөнү, жакындарыңды ойлойт экенсиң. Андан сырткары, аэропорт аркылуу келгендерди түз тосуп алып, обсервацияларга жеткирүү милдети медиктерден сырткары бизге да тагылган. Ошол күндөрү да коркунуч турду.
— Ошол учурларда сиздерде коргонуучу костюмдар бар беле?
— Жок. Ал учурда бет капчан, антисептик колдонуп иштедик.
—Сиз өзүңүз да бул учурлардан кийин анализ тапшырдыңызбы?
—Албетте. Тапшырып, анализдерибиз жакшы чыкты. Өзүбүздүн дарыгерлер карап, текшерип турушат. Анткен менен оору жугуп калуу коркунучу дайыма эле бар. Тобокел менен иштеп жатабыз. Ал жүрөктүн башында турган нерсе.
— Бир айдан ашуун убактан бери казармалык режимде, үй бетин көрбөй иштеп жатыпсыздар. Азыр эң көбүрөөк кимди сагынып жатасыз?
— Албетте үй-бүлөмдү, балдарымды, өзгөчө апамды сагындым. Аты – Чынара. Атам жок. Апамды көбүрөөк эстеп жана аяп жатам. Келинчегим дарыгер болгондуктан, ал дагы кечке иште, мен бул жактамын. Балдар менен үйдү кароо түйшүгү азыр апама түшүп жаткан учур.