Бул процесстин илимий түшүндүрмөсү болгонуна карабастан, көрүнүш өмүрүндөгү унутулгус учурлардын бири болгонун Instagram аккаунтуна жазган.
Көз жоосун алган көрүнүштү ал YouTube каналына жайгаштырган.
Фотограф Койн дельфиндерди Калифорниядагы Ньюпорт пляжында түн бир оокумга чейин күтүп отурган.
"Ал жерде күтүп отуруп, алгач эки дельфинди көрдүк. Алар бир нече ирмемдерден кийин керемет көрүнүштү башташты. Көп өтпөй аларга башкалары кошулушту. Мындай сулуулукту өз көзүң менен гана көрүшүң керек. Азыркыга чейин ошол кереметтин таасиринен чыга албай жүрөм", — деп жазган ал.
Фотографтын социалдык тармакка жарыялаган видеосуна суктанып, пикир жазгандар арбын болгон. Алардын көбү мындай сулуулукту биринчи ирет көргөнүн айтышкан.