БИШКЕК, 28-апр. — Sputnik. Өткөн суткада Бишкекте доллар, евро жана алтын куймаларынын баасы арзандады. Күйүүчү май ошол бойдон калууда.
АКШ акчасын сатып алуу — 78.97, сатуу 79.67 сомду түздү. Еврону сатып алуу — 84.07, ал эми сатуу 87.07 сомго бааланып жатат. Рубль наркы бир сомдун тегерегинде (сатып алуу — 1.041, сатуу — 1.087 сом) кармалып турат.
Ал эми автоунааларга пайдаланчу күйүүчү майдын баасы мурдагы бойдон. АИ-92 үлгүсүндөгү бензиндин бир литри 37 сомдун тегерегинде, ал эми АИ-95 41 сомдон сатылууда.
Эске салсак, 2015-жылдан тарта Улуттук банк алтын куймаларын сатыкка чыгара баштаган. Бул кыргызстандыктардын топтогон акчасын алтынга салууга көмөктөшүү максатында жасалган болчу. Алар ар башка граммдагы алты түрдүү уютмадан турат, салмагы бирден 100 граммга чейин. Уютма сатуу башталгандан бери 220 килограмм алтын соодаланган.
Мамлекеттин башкы банкы алтын уютмаларын элге сатып гана тим болбостон, аны сатып да алат. Баа Лондондогу Баалуу металлдар ассоциациясынын кечки фиксингине карата ар күн сайын коюлуп турат.