Мага жукпайт деп ойлочумун. COVID-19 илдетинен айыккан дарыгердин маеги

© Sputnik / Алексей Даничев / Медиабанкка өтүүКолун жууп жаткан дарыгер. Архив
Колун жууп жаткан дарыгер. Архив - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Надира Соромбаева өз саламаттыгына абдан кылдат кам көрчү. Коопсуздуктун бардык эрежелерин так сактап жүрүп, кантип коронавирусту жуктуруп алганына тааныштары, достору түк түшүнбөй калышты. Кудай жалгап, жакында эле сакайып ооруканадан чыкты.

Бүгүнкү күндө Кыргызстанда коронавирустан айыгып кеткен медицина кызматкерлери бар. Алардын бири — Республикалык инфекциялык көзөмөлдөө илимий-практикалык борборунун врач-эпидемиологу Надира Соромбаева. Сакайган дарыгер бизге ачык айтып берүүгө макул болду.

"Катардагы эле иш күн болчу. Кадимки дегеним, январдын аягынан тарта эпидемиологдордун баары, алардын ичинде мен дагы коронавируска каршы күрөшкө тартылганбыз. Түнкү кезмет убагында кадимкидей эле телефон чалууларга жооп берип, кээде айрым адамдарга психологиялык колдоо көрсөтүүгө туура келип жаткан. Тынчсыздануу күч эле, андай абал азыр да уланууда.

Медсотрудник Марс Тыналиев, который вылечился от коронавируса - Sputnik Кыргызстан
Жашап кетерим күмөн эле. Коронавирусту жеңген 56 жаштагы медиктин маеги
7-апрелде нөөмөтүмдүн таңында шайым ооп, абалым начарлады. Суук тийгенде билесиздер да, шай кетип, баш ооруйт эмеспи... Чыйрыга баштадым, ошондуктан нөөмөттү тапшырып, эс алуу үчүн үйгө кеттим. Катуу чарчаганыма шылтап койгом. Бирок жакшы боло албай койдум, баш оорум күчөгөндөн күчөй берди. Анализ тапшырып, жыйынтыгын үч күндөн кийин билдим. Сиздерге белгилүү болгондой, натыйжасы жакшы эмес эле. Чындыгында мени бул кыйгап өтөт, мындайга кабылышым мүмкүн эмес деп ойлочумун. 20 жылдан бери коопсуздуктун бардык эрежелерин сактап иштеп келем!

Саламаттыкка кандай кам көрөрүмдү билген тааныштарым көпкө чейин буга ишене албай, кайра-кайра сурап жүрүштү. Бирок дарт тандабайт экен, ага сенин ким экениң, жаш-курагың да баары бир тура...

Илдеттин очогунда иштеген жокмун, түз байланышта нөөмөттө болуп, ченемдик документтер менен иштедим. Бирок иштин жагдайынан улам стационардагы бейтаптар менен байланышкан адамдар менен көп сүйлөшчүмүн.

Байланышкандардан жуктуруп алдым окшойт. Бетимди кармалап алсам керек, менимче, баарыбыз эле этибар албастан мурдубузду, көзүбүздү жүз жолу кармалап алышыбыз ыктымал. Айлакер вирус былжырлуу челге тез жабышып калат.

Ооруканага жаткырышты, эки апта дарыландым. Алгачкы үч күндө байкоо салышты. Ал эми алтынчы-жетинчи суткада инфекционисттер айтмакчы, "клиника" башталды.

Ситуация в США из-за коронавируса - Sputnik Кыргызстан
Үч күн тура албай ыйладым. Коронавирус жуктурган медиктин жан азабы
Ушул убактан өтүш керек, эгер олуттуу тобокелсиз өтсө, анда жакшы. Тескерисинче болсо, көпчүлүгүнүн абалы оорлоп, пневмонияга өтүшүп кетет.

Дене табым көтөрүлүп, башым ооруп, дем алуум оорлоп, энтиге баштадым. Абалымды жеңилдетиш үчүн кычкылтек менен дарылап жатышты, бул дем алуума жардам берди. Булар аз келгенсип, бактериялык инфекция чыкты. Пневмонияга өтүшүп кетпесин деп антибиотиктерди ичиришти.

Үч күн бою күчөтүлгөн дарылоо үзүрүн берип, абалым жеңилдей түштү. Ооруканада эки жума жаткан соң мени куландан соо кылып чыгарышты. Жаш баладай кубанганымды айтпагыла!

Үйгө чыкканымда гана ата-энемдин көңүлү жай алды, болбосо аябай сарсанаа болуп, түн уйкулары качкан. Жаш-курагынан улам алар үчүн аябай тынчсызданып жаттым, бул илдетти улгайып калгандар оор көтөрөт. Коронавирус жуктурганымды акырына чейин аларга айткым келген эмес. Бирок жашырыш кыйын экенин билесиздер да, анан калса, биз алар менен видео байланыш менен сүйлөшүп жатканбыз. Бешинчи күн дегенде кызымдан жана сиңдимден ата-энеме жолун таап кабарлоону сурандым. Кудай жалгап, баары жакшы бүттү

Эгерде оору жеңил өтсө, иммунитеттин бекемдигине ырахмат айтыш керек, кантсе да мен дайым сергек мүнөздө жашайм. Сасык тумоого чилдеде да кабылган эмесмин, кыштан жакшы чыктым деп ойлоп жүргөнүмчү!.. Стресс, өтө чарчаганым да таасир этти көрүнөт.

Клиницисттердин ишин "бешке" баалайт элем, жүз баллдык шкала боюнча толук жүзгө бааламакмын. Биздин адистер — азаматтар, муну бизге жакында келген чет элдик эксперттер да белгилешти. Алар биздин медициналык кызматкерлердин даярдыгына жакшы баа беришти.

Ситуация в Франции в связи с пандемией коронавируса - Sputnik Кыргызстан
Коронавируска кабылган адамдар кантип үзүлөт. Ноокаттагы дарыгер менен маек
Биздин врачтар башка адистерден артта калышпаганына өзүм дагы бир ирет ынандым: саламаттыкты сактоо тармагын колдоо гана керек, шаабайлары сууп калбашы үчүн дарыгерлерди шыктандыруу зарыл. Медицина кызматкерлери акчага да кайыл, өз өмүрлөрүн тобокелге салып мээнеттенип жатышат, мамлекет азыр аларды колдоого алышы шарт.

Тилекке каршы, биздин эл көйгөйдү аңдап биле элек. Сак-саламат адамдар манжа санагына чыкпайт, ар бирибиздин бир жерибиз ооруйт.

Калк ден соолугуна жакшы карабайт, дегеле алдын ала дарыланбайт. Кыргызстандыктардын баарын саламаттыгына көңүл бурууга үндөйт элем: өтүнүч, карантиндин талаптарын сактаңыздар, медиктердин кеп-кеңешине кулак салыңыздар!

Жаңылыктар түрмөгү
0