https://sputnik.kg/20200425/kytaj-kim-chen-ynga-medikterin-zhonottu-1048018486.html
ЖМК: Кытай Ким Чен Ынды көрүп келүүгө өз медиктерин жөнөттү
ЖМК: Кытай Ким Чен Ынды көрүп келүүгө өз медиктерин жөнөттү
Sputnik Кыргызстан
Буга чейин CNN телеканалы өздүк булактарына таянып, АКШ Ким Чен Ындын абалы операциядан кийин кескин начарлап кеткени боюнча чалгындоонун маалыматтарын изилдеп... 25.04.2020, Sputnik Кыргызстан
2020-04-25T11:59+0600
2020-04-25T11:59+0600
2021-12-14T14:27+0600
https://sputnik.kg/img/104801/85/1048018526_0:0:1955:1104_1920x0_80_0_0_22d694867202c1a745c55d99bd33b447.jpg
түндүк корея
кытай
Sputnik Кыргызстан
media@sputniknews.com
+74956456601
MIA „Rossiya Segodnya“
2020
Sputnik Кыргызстан
media@sputniknews.com
+74956456601
MIA „Rossiya Segodnya“
Жаңылыктар
kg_KG
Sputnik Кыргызстан
media@sputniknews.com
+74956456601
MIA „Rossiya Segodnya“
https://sputnik.kg/img/104801/85/1048018526_0:0:1955:1228_1920x0_80_0_0_1627235e1f863e55727fd873f2d48682.jpgSputnik Кыргызстан
media@sputniknews.com
+74956456601
MIA „Rossiya Segodnya“
жаңылыктар, коом, дүйнөдө, азия, түндүк корея, кытай, ким чен ын
жаңылыктар, коом, дүйнөдө, азия, түндүк корея, кытай, ким чен ын
ЖМК: Кытай Ким Чен Ынды көрүп келүүгө өз медиктерин жөнөттү
11:59 25.04.2020 (Жаңыртылды: 14:27 14.12.2021) Буга чейин CNN телеканалы өздүк булактарына таянып, АКШ Ким Чен Ындын абалы операциядан кийин кескин начарлап кеткени боюнча чалгындоонун маалыматтарын изилдеп жатканын кабарлаган.
БИШКЕК, 25-апр. — Sputnik. Кытай бийлиги Пхеньянга ден соолугу начарлады деп айтылып жаткан Түндүк Корея лидери Ким Чен Ынды консультациялоо үчүн медиктерден турган делегация жөнөттү. Бул тууралуу Рейтер агенттигине шилтеме берип РИА Новости жазды.
Маалыматка караганда, Кытай делегациясын өлкөнүн Коммунисттик партиясынын эл аралык байланыштар бөлүмүнүн кадыр-барктуу өкүлү жетектеп кетти. Алар Түштүк Кореяга 23-апрель күнү жөнөтүлгөн.
Буга чейин CNN телеканалы өздүк булактарына таянып, АКШ Ким Чен Ындын абалы операциядан кийин кескин начарлап кеткени боюнча чалгындоонун маалыматтарын изилдеп жатканын кабарлаган. Андан соң Түндүк Кореяда мамлекет башчынын ордуна Ким Чен Ындын карындашы Ким Ё Чжон даярдалып жатканы айтылган.
Көп өтпөй АКШ президенти Дональд Трамп Түндүк Кореянын лидеринин саламаттыгы начарлады деген маалымат чындыкка дал келбей турганын билдирген эле.