КРде коронавирустун тести кимдер үчүн акысыз болору айтылды

© Sputnik / Евгений Одиноков / Медиабанкка өтүүЦентр инфекционных болезней ФГАУ "НМИЦ здоровья детей" готов к приему детей с COVID-19
Центр инфекционных болезней ФГАУ НМИЦ здоровья детей готов к приему детей с COVID-19 - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Буга чейин жеке медициналык лабораториялардын бири мамлекеттик медициналык мекемелер менен биргеликте ПЧР-тесттерди өткөрө турганы кабарланган.

БИШКЕК, 25-апр. — Sputnik. Пенсионерлер коронавирусту аныктоо үчүн ПЧР-анализинен акысыз өтүшөт. Бул тууралуу саламаттык сактоо министри Сабиржан Абдикаримов брифинг учурунда айтып берди.

Буга чейин жеке медициналык лабораториялардын бири мамлекеттик медициналык мекемелер менен биргеликте ПЧР-тесттерди өткөрө баштай турганы кабарланган. Министрден тест кимдер үчүн акысыз экендигин сурашты.

"Эми лаборатория 3500 медицина кызматкерине бекер ПЧР-анализ жүргүзө баштайт. Ошондой эле пенсионерлер ПЧР-анализинен акысыз өтүшөт", — деди министр.

Ал эми Республикалык штаб калктын социалдык аярлуу катмарына да тест бекер экендигин билдирди. Ошондой эле фирмалардын, ири компаниялардын кызматкерлери акы төлөнүүчү негизде текшерүүдөн өтө алары айтылды.

Уральские ученые предложили препарат против коронавируса - Sputnik Кыргызстан
COVID-19 жуктурган өтө оор абалдагы адамды дарылоого 118 миң сомдой сарпталууда
Буга чейин жеке лабораторияларда ПЧР-тест тапшыруунун баасы 2 миң сомдон жогору болору белгиленген

Кыргызстанда коронавирус жуктуруп алгандардын саны 665ке жетти. Анын ичинен 345и ооруканадан чыгарылса, 312си стационарда, алтоо жандандыруу бөлүмүндө экени айтылды. Коронавирус өлкөдө сегиз адамдын өмүрүн алган.

Өлкөдө учурда абал кандай болуп жатканын Sputnik Кыргызстан агенттиги жүргүзгөн тексттик трансляциядан билүүгө болот

Sputnik Кыргызстан агенттиги карантин учурунда ар тараптан жардам бере турган кызматтардын ишеним телефондорун жана облустардагы комендатура, штабдардын номерлерин жарыялаган.

Кабарларды ыкчам, ыңгайлуу шартта окуу үчүн Telegram-каналыбызга баш багыңыз.

Жаңылыктар түрмөгү
0