Кайнатамдын кемсинтип басынтканы тажатты... Күйөө баланын каты

© HAIDAR HAMDANIКөчөдө бараткан киши. Архивдик сүрөт
Көчөдө бараткан киши. Архивдик сүрөт - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Sputnik Кыргызстан купуялуулук шарты менен окурмандардын жеке турмушуна байланышкан көйгөйлөрдү жарыялап келет.

"Психолог менен баарлашуу" рубрикасына бул ирет кайнатасынын мамилесине нааразы болгон жигиттин каты жарыяланды.

Саламатсыздарбы, мен жашыруун психологго кайрылууну көптөн бери ойлоп жүргөм. Бир жолу социалдык тармактардан "Психологдун кеңеши" рубрикасын окуп калып сиздерге кайрылууну туура көрдүм.

Мен келинчегимди аябай жакшы көрөм. Эки балабыз бар. Сүйүп, артынан чуркап жүрүп алгам. Сүйлөшүп жүрүп, отузга барып калганда көп тоскоолдуктарга карабай үйлөндүк. Кайындарым абдан каршы болушту. Ага менин материалдык абалымдын начарлыгы себеп болду.

Диванда отурган аял. Архив - Sputnik Кыргызстан
Аялым төшөктө салкын. "Ыраазы" болбогон эркектин каты
Кайын журт негизинен тээ илгертен түптөлүп калган оокаттуу адамдар экен. Алар үйү жок адамды жалкоо катары кабыл алышат. Балким, бул деле туурадыр. Бир туруп ага да ар кандай себеп болуп калышы мүмкүн да деп коём. Кайындарымдын жашоого көз карашы менен өзүмдүкүн салыштырып жүрүп эле үйлөнгөнүбүзгө сегиз жыл өттү.

Өзүм айылда чоңойгом. Окуган эмесмин. Бирок үйлөнгөнгө чейин шаарда иштеп машина алдым, агама там салдык. Айылдагы үйдү жаңырттык. Кыскасы, мен башка чөйрөдө өскөм. Кайындар башынан эле шаарда туруп калышкан экен.

Каршы болгондоруна карабай Айжанды өзүнүн айтуусу менен айылга ала качып кеткем. Ал апасына телефондон баарын түшүндүрүп, туугандар ачуу басарга барып, кайындардын батасын алганбыз.

Ошентип айылда бир айча туруп, шаарга келип батирде жашап жүрдүк. Экөөбүз тең иштейбиз. Там салганга жер алайын деп пландай баштагам. Көп өтпөй кайната-кайненемдер көп кабаттуу үйдөн батир белек кылышты. Албетте сүйүндүк. Ошол үйдөн эки балалуу болдук. Ак жолтой үй болду.

Мен да үй-бүлөмдү эч нерседен кем кылбай, колумдан келишинче багып келе жатам. Баламды жеке менчик бакчага, кызымды жакшы мектепке бердик. Баары эле жакшы, болгону кайындардын сөзү мени кыйнап салды.

Кайнатамдыкына такыр баргым келбейт. Чогулушканда мойнуман байлангансып араң барам. Айжандын көңүлү деп кайнатамдын канча сөзүн кулактын сыртынан кетирдим. Кээде кайненем да кошулуп калат. Түз айтышпайт. Мага кызын ыраа көрбөгөнүн кыйытып турушат. Анан балдарымды эркелетимиш болуп да батирди кыпчып кетишет.

Прошение о богатстве богам во время празднования в преддверии Ла-Паса - Sputnik Кыргызстан
Апамдын бай эркектерге таңуулаганынан тажадым. Кыздын каты
Ушунун баарынын эмне кереги бар? "Үйүңөрдү алгыла, ансыз деле жан багып келгем" деп кол шилтейин десем, келинчегим шагымды сындырып койсочу. Үй-бүлөм менен ажырашкым келбейт. Балдарымды жанымдан артык көрөм. Башынан эле батирден баш тартып койбой деп да өкүнөм.

Бир жолу тойдон кийин кайнатамдарды үйүнө жеткирип баратсам, алып берген батири тууралуу "тыз" эттирген сөз айтып алды. Анда да унчуккан жокмун. Ичимен гана ызаландым, бирок кур намыска алдырбайын дедим. Ошол сөздөн кийин тырышып акча чогултуп жер алгам. Эми акырындап там салууга белсенип жатам.

Ата-энеси менен менин ортомдо келинчегим да кээде кыйналып кетет. Бирок батирге чыккысы келбейт, "там салып көчүп кетели" десем ага да болбойт. Айжанды деле түшүнүп турам, анын жумушу, балдардын бакчасы шаар ичинде.

Бирок мен да намыстанып жатпайымбы... Жанагы сөздөрдөн кутулуу үчүн өзүм үй салышым керек же кайындар менен катышпашым керек болуп калды. Экөөнө тең келинчегим каршы. Ушунун айынан үйдөгү ынтымактан кол жууп, мамилебиз муздап калышын да каалабайм. Айжан менен бактылуу жашагым келет. Анда кайындардын сөзүнө кулак жапырып жүрө беремби? Мага бир жолун айта аласыздарбы?

Гүлнара Жасоолова, психолог:

--Сиз материалдык жактан кайындарыңызга теңеле албай калганыңызды эң эле көйгөйлүү маселе катары баса белгилеп жатасыз. Жогорку билим албай калганыңызга да бушайман экенсиз. "Мен" деген концепция төмөндөп кеткенде адам өзүнүн жакшы жактарын көрө албай, башка адамдарды өзүнөн жогору коюп калат. Ошондуктан өзүңүздү баалаганды үйрөнүңүз. Сиздин жакшы жактарыңыздын бири — өзүңүз каалаган, сүйгөн кызга баш коштуңуз. Жубайыңыз дагы сизди жакшы көрүп, туура түшүнүү менен кабыл алып турмушка чыгыптыр. Кайнатаңыз алып берген үйдү "албай эле койбой" деп өкүнөт экенсиз. Ал сизге эмес, оболу кызына, неберелерине алып берди. Сизге психологиялык жактан басым болуп жаткан окшойт. Мындан чыгуунун жолдорун издеп жатыптырсыз. "Кайындарым менен катышпай койсомбу" дегениңиз, менимче, туура эмес. Анда сиз өзүңүздүн алсыздыгыңызды көрсөтүп коёсуз. Алар менен катышпай койсоңуз келинчегиңиз ортодо кыйналып жатпайбы. Сиз балдарыңыздан, үй-бүлөңүздөн ажырагыңыз келбегендей эле жубайыңыз да ата-энесинен алыстагысы келбейт.

Балкондо турган аял жана эркек. Архив - Sputnik Кыргызстан
Карантин маалында үй-бүлөлүк көйгөйлөр көбөйүп жатат. Психолог менен маек
Экинчиден, үйдү кайра берип салууга да болбойт. Себеби бул кадам үй-бүлө ичинде уруш-талашты, түшүнбөстүктү жаратышы мүмкүн. Өзүңүздү эле эмес, келинчегиңизди, балдарыңызды жана үй-бүлөңүздү сактап калууну да ойлоңуз. Кайындарынан батир алган жалгыз сиз эмессиз. Азыр кызына үй белек кылган ата-энелер көп.

Кайната-кайненеңиз отургузуп алып түз айтпай, "кыйытып" айтат экен. Адамдын өзүн-өзү баалоосу төмөндөп кеткенде, майда-барат сөздөрдүн баарына маани берип, өзүнө ала берет. Айтылган сөздөр анын короосуна ыргытылган таштай сезилет. Мүмкүн сизге тийиштик кылып айтып жатышкан эместир. Бөөдөй нерсени төөдөй кабыл алып жаткан жоксузбу? Таразалап көрүңүзчү.

Кайындарыңыздын көзүнө көрүнүү үчүн сөзсүз эле эки кабат там салып, материалдык байлыкка жетүү керек десеңиз жаңылышасыз. Алгач мамилеңизди оңдоңуз. Кайнатаңыз менен маңдай-тескей отуруп, ата-баладай кеңешип, акыл сурап, пландарыңыз менен бөлүшүңүз. Ал киши деле колдойт. Сиздин милдетиңиз кайындарга көрүнүү эмес, түптөлгөн материалдык базаңызды андан ары чыңдап кетүү. Болгону кайната-кайненеңизди сыйлап, аларга кичи пейил мамиле кыла берсеңиз эле көңүлдөрү жибийт. Психологдор сизге кеңеш гана бере алабыз. Чечимди өзүңүз кабылдайсыз. Кааласаңыз жекече кайрылыңыз. Бирок бул жерде өтө олуттуу трагедия жок.

Жаңылыктар түрмөгү
0