Баласын урган кыргызстандык: видео кандайча тарап кеткенин ИИМ айтып берди

© Sputnik / Алексей Мальгавко / Медиабанкка өтүүРоссиянын полиция кызматкери. Архив
Россиянын полиция кызматкери. Архив - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Москванын Кунцево райондук ички иштер бөлүмүнүн аймактык кызматкерлери кыргызстандык киши баласын урган квартирага барып келген. Алар үч балалуу жана келинчегинин боюнда бар.

БИШКЕК, 18-апр. — Sputnik. Баласын сабаганы интернетте тарап кеткен кыргызстандыктын кылыгына юридикалык баа берүү боюнча текшерүү иштери жүрүп жатат. Окуя Москва шаарында болгондуктан аймактык полиция аялы менен күйөөсүн жана окуяга күбө болгондорду сурап жатат. Бул тууралуу ИИМдин маалымат кызматынан кабарлашты.

Окуя коомчулукка тарап кеткенден кийин КР ИИМи Россия ИИМинин Кылмыш издөө башкармалыгына, Москва шаарындагы Кунцево районунун ИИМ бөлүмүнө Россиянын мыйзамдарына ылайык ал кишиге чара колдонуу боюнча кат жиберген. Бул факты аталган райондун окуяларды каттоо боюнча атайын китебине катталган.

Москванын Кунцево райондук ички иштер бөлүмүнүн аймактык кызматкерлери кыргызстандык киши баласын урган квартирага барып келген.

Колунда илгич кармап турган адам. Архив - Sputnik Кыргызстан
Ата-эне баласын эмнеге көгала койдой сабайт? Кордолгон наристе көрсөң кыя өтпө
Министрликтин маалыматына караганда, 35 жаштагы Ж.Э. аттуу жаран Ала-Бука районунан 2019-жылы октябрь айында Россияга чыгып кеткен, учурда үй-бүлөсү менен Москва шаарында жашайт. Аялы Ж.Ж. 32 жашта, экөөнүн үч баласы бар. Маалыматта, келинчегинин 5 айлык боюнда бар экени айтылган.

Баланы урган окуя 16-апрелде саат 11 чамасында болгон. Окуяны телефонго аялы тартып алганда алгач, Ала-Букада жашаган атасына жөнөткөн. Ал киши туугандарына жиберип, андан кийин коомчулукка жайылып кеткен.

Sputnik Кыргызстан баласын урган киши менен байланышып, аны кепке тарткан. Ал журналистке окуянын кандай болгонун, баласына жакшы тарбия берем деген максаты болгонун айтып берген.

Жаңылыктар түрмөгү
0