БИШКЕК, 15-апр. — Sputnik. Кечээ Ош обулусунда күчү 4 баллга жеткен жер титирөө болду. Бул туурасында ӨКМ КРдин Сейсмология институтунун маалыматына таянып кабарлады.
Жердин силкинүүсү саат 15:42де Өзгөн районунун Байбиче, Кара-Дөбө айылдарында сезилген.
Жер титирөөдөн жабыркагандар жана кыйроолор болгон жок.