Мунай мунасасы: мындан аркы кадамдар кандай болот?

© AFP / STUART CONWAYМунай платформасы. Архив
Мунай платформасы. Архив - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Мунай өндүрүшүн кыскартуу боюнча ОПЕК+ саммитинин алкагында түзүлгөн келишим коронавирустун айынан нефтиге болгон суроо-талаптын төмөндөшүн компенсациялай албайт.

Демек, бааны кайра калыбына келтирүүгө да таасир этиши күмөн. Ошентсе да бул макулдашуу болбосо, мунай рыногу кейиштүү кырдаалга кептелмек. Ушундай пикирлери менен серепчи Иван Данилов бөлүштү.

Америкалык таасирдүү Goldman Sachs банкы белгилегендей, коронавирус капсалаңы апрель жана май айларында суроо-талапты күнүнө 19 миллионго ылдыйлатат. Бул туурасында банктын маалыматына таяна британдык The Guardian басылмасы жазып чыкты. Эгер кен казуулар боюнча "эртең макулдашылган күндө да мунай сактагычтар толо баштаган жакынкы апталарда бааны түшүрбөй кармап туруу үчүн баары бир аябай аз же кечиккен чара болуп эсептелет".

Америкалык банкирлердин баасы салыштырмалуу оптимисттик болгонун белгилей кеткен оң: алар мунай казуунун 15 миллион баррелге азайтылышы жана катаал карантиндик чаралар суроо-талапты болгону 19 миллион баррелге төмөндөтөт деген ой менен жогоруда айтылгандай эсептешкен. Антсе да башка эсептерде 20-25 миллион баррелден кеп козголот.

Венадагы ОПЕКтин офистин жанында киши медициналык бет капчан. Архив - Sputnik Кыргызстан
Мунай өндүрүү жыл аягына чейин канчага кыскарат. ОПЕК+ кабыл алган келишим
Өзүнүн масштабдуулугу жана жаңылыктар түрмөгүндө алган ордуна карабастан ОПЕК+ келишими мунай экспорттоочу өлкөлөрдүн бюджеттик кирешеси жана учурдагы бааны колдоо гана эмес, келечекке, башкача айтканда, пандемиядан кийин экономикалык кайра калыптандыруу маалына багытталган абдан татаал компромисс.

ОПЕК+ келишиминин алкагында макулдашылган, G20 саммитинде колдоого алынган чаралардын ыкчам натыйжалары дал ушундай "келечекти мээлөө" менен рыноктордун токтоо реакциясын жана салкын кандуу күтүшүн түшүндүрүүгө болот. "План (ОПЕК+) баанын дагы ылдыйлашын алдын алууга жетишерлик, бирок наркты жогорулатууга жетишсиз болушу мүмкүн", — деп билдирет IHS Markit агенттигинин энергетикалык рыноктор аналитиги Маршал Стивз. MarketWatch америкалык каржылык басылмасында жарыяланган анын баасы боюнча бул келишим — утулуш да, "дабаа" да эмес.

ОПЕК+ макулдашуусу жакынкы жумаларга же айларга эмес, келечекке багытталганы жөнүндө виртуалдык саммиттен кийинки жасалган расмий билдирүүнүн башкы пунктунда жазылган.

"Жолугушуунун катышуучулары быйыл 1-майдан тарта жалпы мунай өндүрүшүн суткасына 10,0 миллион баррелге азайтууну 2020-жылдын 30-июнуна чейинки эки ай аралыгында тууралоого макулдашышты. Келерки алты айлык, тагыраагы, 2020-жылдын 1-июлунан 2020-жылдын 31-декабрына чейинки мезгил аралыгында жалпы макулдашылган түзөтүү күнүнө 8,0 миллион баррелди түзөт. Андан кийинки 2021-жылдын 1-январынан тарта 2022-жылдын 30-апрелине чейинки 16 айлык мөөнөттө күнүнө 6,0 миллион баррелден оңдолот.

Түзөтүү эсебинин баштапкы көрсөткүчү базалык деңгээли бирдей, тагыраак, күнүнө 11,0 миллион баррелди түзгөн Сауд Аравиясы Королдугу жана Россия Федерациясынан тышкары, 2018-жылдын октябрындагы мунай казуу көлөмү болуп саналат. Макулдашуу 2022-жылдын 30-апрелине дейре иштейт, бирок аны узартуу маселеси 2021-жылдын декабрында каралмакчы".

Мунай рыногунун катышуучуларын алардын алдында кыска мөөнөттүү көйгөйлөрдөн кен казуучуларды куткарууга багытталган "аргасыз төмөндөтүүгө" эмес, мунай рыногунда узак мөөнөттүү таңсыктыкты жаратууга көндүрүүгө аракет көрүшүүдө. Бирок "таңсыктык" керектөөнүн көрсөткүчү эпидемияга чейинки деңгээлге чукулдаганда гана активдешет.

Келишимдин бузулуп калышы да ажеп эмес, анткени ОПЕК+ принципиалдуу позициясы өндүрүшчү өлкөлөрдүн эч бири жаркын мунайлуу келечекке "акысыз билет" ала албай турганында. Дал ошол себептен, саммиттин соңку резолюциясында мунай казуудагы бардык кыскартуулар Мексика (келишимди колдобогон жападан жалгыз өлкө) күнүнө 400 миң баррелге азайтуу боюнча макулдашууга кол койгондо гана күчүнө кирет.

Работа нефтяных станков - качалок - Sputnik Кыргызстан
ОПЕК+ акыркы чечимге келди
Бул дал принцип маселеси, себеби бир мунай казуучу өлкөнү, ал эң ири өндүрүшчү болбосо да уюмга мүчө болуудан бошотушса, анда ал ыдырайт: Сауд Аравиясы жана Россия биргеликте дүйнөлүк мунай казуунун 20 пайыздан бир аз ашыгыраагын көзөмөлдөйт жана "кыскартуулардын" баарын жалгыз көтөрө албайт, кен казуунун тийиштүү көлөмүн АКШ менен бөлүшкөн күндө да, баары бир жалпы дүйнөлүк мунай казуунун болжол менен үчтөн бир бөлүгүн гана "кыскартууга" туура келет. Муну мунай экспорттогон өлкөлөрдүн көбү, ички саясий көз караштардан улам ОПЕК+ келишимине расмий кол коюуга таптакыр мүмкүн болбогон мамлекеттер дагы түшүнүп турат. Маселен, "Рейтер" агенттиги мунай келишиминдеги Ослонун позициясы Батыш Европадагы эң ири мунай казуучу Норвегия ишембиде эгер ОПЕК+ келишими өз планын ишке ашырса, өлкө дагы да мунай өндүрүшүн кыскартуу мүмкүнчүлүгүн карап жатканын маалымдады. "Жолугушууда мен ОПЕК+ өлкөлөрү кен казууну кыскартуу боюнча макулдаша алышкан шартта Норвегия өзүнүн бир тараптуу мунай өндүрүшүн төмөндөтүүлөрүн карап чыгарын айттым", — деген бул мамлекеттин мунай жана энергетика министри Тина Бру.

Мексика ОПЕК+ келишимине каршы чыга алат, анткени бул өлкөнүн жагдайы мунай экспорттоочулардын арасынан уникалдуу болуп саналат: жыл сайын (бул белгилүү бир чыгымдарды талап кылат) Мексика каржы рынокторунда өз жылдык мунай экспортун камсыздандырат, ошондуктан эпидемия жана болжол менен быйылкы жылдын аягына чейин башка өндүрүшчүлөрдүн баа согушуна байланышкан нарк конъюнктурасын көз жаздымда калтыра алат.

Бирок Мехико келишимдин кол коюлушуна абдан кызыкдар Дональд Трампты тоготпой коё албайт. Анан да BBC Кошмо штаттардын президенти түштүк коңшусунун мунай өндүрүүнү кыскартуудан тарткан каржылык зыянын убактылуу өзүнө алууга даяр экенин, сөзмө-сөз келтирсек: "АКШ президенти Дональд Трамп "Мексикага тирденүүгө көмөгүн" сунуштаганын билдирди", – деп жазып чыкты. Ал Кошмо штаттар мунай өндүрүш көлөмүн кыскартат, ал эми Мексика анын ордун кийин "толуктап" берерин айткан. Келишим кабыл алынарына ынанбаганын кошумчалаган. "Биз бул боюнча иш алып баруудабыз. Менимче, жыйынтыгында баары жолго коюлат", — деген ал".

ОПЕК+ келишими кеминде эле АКШ тарабынан берилген "мексикалык сунуш" же Мексика үчүн, же ОПЕК+ башка мүчөлөрү үчүн ылайыксыз болуп калса, келишим кабыл алынбай калышы ыктымал.

ОПЕК уюмунун Венадагы кеңсеси. Архив - Sputnik Кыргызстан
Мунай казуу азаят! ОПЕК+ кызматташтык тууралуу декларация кабыл алды
Уюм тарабынан кен казуунун төмөндөтүү көлөмү баанын кыйсыпырга салчу деңгээлге түшүшүн алдын алуу үчүн, бирок америкалык сланецтик компанияларды банкротко учурата тургандай деңгээлде калтыруудан улам дал ушундай түрдө тандалганын эске алсак, ОПЕК+ расмий келишимине АКШнын катышпаганы деле америкалык сланецтик компанияларга жардам бербей турганын баса белгилей кеткен дурус.

Кошмо Штаттардын энергетика министри Дэн Бруйетт жума күнү: "Биздин эсеп боюнча АКШда кен казуу жылдын аягына карата күнүнө дээрлик эки миллион баррелге кыскарат. Айрым үлгүлөр андан да таасирдүү сандарды, мисалы, күнүнө үч миллион баррелге чейин көрсөтүүдө", – деди.

Мүмкүн америкалыктарга кыскартуу ОПЕК+ келишими тарабынан эмес, "рыноктон" таңуулаганына ишенүү жеңил болор, бирок кесепеттери мындан өзгөрүп кетпейт.

Бирок жалпысынан, мунай баасынын андан аркы эволюциясы азыркы тапта пандемияга каршы күрөшүп жаткандардын колунда: ал канчалык ыкчам аяктаса, баа ошончолук тез калыбына келет. Албетте, Мексиканын жетекчилигинин өжөрлүгү дагы да анык роль ойноп калышы ыктымал. Бирок ОПЕК+ форматындагы ири мунай альянсынын өкүлдөрүнүн колунан келчү иш жасалды, ушул таптагы жыйынтыкты деле дүйнөлүк мунай дипломатиясындагы эң чоң жетишкендик катары саноого болот.

Жаңылыктар түрмөгү
0