Өзгөчө абал кирген Нарын шаары менен Ат-Башы. Облуста абал кандай

© REUTERS / VLADIMIR PIROGOVСитуация в Бишкеке в связи с введенем ЧП из-за коронавируса
Ситуация в Бишкеке в связи с введенем ЧП из-за коронавируса - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
14-апрелге алынган расмий маалымат боюнча Кыргызстанда коронавирус жуктургандардын саны 430га жетти. Азыр Талас облусунан башка аймактардын баарында COVID-19 аныкталган адамдар бар.

Бүгүн, 14-апрелде, президент Сооронбай Жээнбеков өзгөчө абал режимин 30-апрелге чейин узартуу боюнча жарлыкка кол коюп, мындай катуу тартип Нарын облусуна караштуу Ат-Башы районуна жана Нарын шаарына да киргизилди. 15-апрелден тарта бул жакта да коменданттык саат тартиби орноп, саат 20.00дөн эртең мененки 7.00гө чейин себепсиз сыртка чыгууга тыюу салынат.

Милиция кызматкерлери. Архив - Sputnik Кыргызстан
Нарын шаарынын жана Ат-Башы районунун коменданты дайындалды
Эскерте кетсек, буга чейин өзгөчө абал Бишкек, Ош жана Жалал-Абад шаарлары менен Сузак, Кара-Суу жана Ноокат райондоруна кирген болчу.

Sputnik Кыргызстан маалымат агенттиги ушу тапта Нарын облусунда абал кандай экенин билип көрдү.

Нарын облусу боюнча COVID-19 инфекциясын жуктурган 34 учур катталса, анын бешөө Нарын шаарында, бирөө Кочкор районунда, тогузу Жумгалда. Дагы 19 бейтап Ат-Башы райондук ооруканасында дарыланууда. Ал эми Ак-Талаа жана Нарын райондорунда коронавирус жуктурган учур катталган эмес.

Нарын шаары

Нарын шаарында коронавирус жуктургандардын саны бешөө. Пакистандан дааваттан келген киши жана анын үй-бүлөсү, ошондой эле Казакстандан келген бир жигит бар. Булардын ичинен оор акыбалдагы бейтап катталган жок. Болгону дааваттан келген жарандын аялынын башка да оорулары болгондугу үчүн дене табы көтөрүлгөнү байкалган. Бейтаптар Нарын облустук бириктирилген ооруканасында дарыланууда.

Ал эми обсервацияда жаткан 12 киши ПЦР-тест тапшырып, анализи күтүлүүдө.

Учурда бейтаптар менен байланышкандардын бардыгы аныкталып, үй карантинде 110 адам кармалууда. Алардын баарынан ПЦР анализи алынып, жыйынтыгы таза чыккан.

Ат-Башы району

Ситуация в Франции из-за коронавируса - Sputnik Кыргызстан
Дааваттан келгендер медиктерди абдан кыйнады. Жумгалдагы дарыгердин маеги
Учурда коронавирус жуктурган 19 бейтап Ат-Башы райондук аймактык ооруканасынын ичинде атайын түзүлгөн изолятордо дарыланууда. 21 жаштан 61 жашка чейинки бейтаптардын ону эркек, тогузу аял.

Ал эми аймактык обсервация жайында 13 адам жатат. Аларга биринчи ПЦР-тест жасалып, анализи таза чыккан. Эми экинчи ирет жасалган ПЦР анализдин жыйынтыгы күтүлүүдө. Райондогу медиктерге коронавирус жуктурган бейтаптар менен байланыш алакаларынын так эрежелери, инструкциялары окутулган. Учурда байланышта болгондорду тактоо иштери уланууда.

Кочкор району

Кочкор райондук ооруканасына коронавирус жуктурган 13 жаштагы бала жаткырылган. Анын абалы туруктуу, учурда ПЦР анализи күтүлүүдө. Эгер анализи таза чыкса, ооруканадан чыгарылат. Ал эми обсервацияда 10 адам бар. Алар да ПЦР-тест тапшырышкан. Анализдери жакшы чыкса, булар да үй карантинине чыгарылат.

Жумгал району

Ситуация в Франции в связи с пандемией коронавируса - Sputnik Кыргызстан
Коронавируска кабылган адамдар кантип үзүлөт. Ноокаттагы дарыгер менен маек
Аталган райондо учурда 9 адам коронавирус жуктуруп ооруканада жатат. Алардын ичинен үчөө медицина кызматкери. Бардыгынын абалы канааттандырарлык. Булардын эч кимисинен вирустун клиникалык белгилери байкалып, дене табы көтөрүлгөн жок. Жеңил өтүүдө.

Ал эми обсервацияда сырттан келген үч киши бар. Алардын да ПЦР анализи таза чыккан.

14-апрелге алынган расмий маалымат боюнча Кыргызстанда коронавирус жуктургандардын саны 430га жетти. Азыр Талас облусунан башка аймактардын баарында COVID-19 аныкталган адамдар бар.

Жаңылыктар түрмөгү
0