https://sputnik.kg/20200414/at-bashy-ozgocho-abal-1047858355.html
Өзгөчө абал Нарын шаарына жана Ат-Башы районуна да киргизилди
Өзгөчө абал Нарын шаарына жана Ат-Башы районуна да киргизилди
Sputnik Кыргызстан
Буга чейин өзгөчө абал тартиби Бишкек, Ош, Жалал-Абад шаарларына, Сузак, Ноокат жана Кара-Суу райондоруна киргизилген болчу. 14.04.2020, Sputnik Кыргызстан
2020-04-14T13:30+0600
2020-04-14T13:30+0600
2021-12-14T14:27+0600
https://sputnik.kg/img/104759/15/1047591552_0:196:1944:1296_1920x0_80_0_0_5756118af63761635cea5f5068d7b05f.jpg
нарын
ат-башы
Sputnik Кыргызстан
media@sputniknews.com
+74956456601
MIA „Rossiya Segodnya“
2020
Sputnik Кыргызстан
media@sputniknews.com
+74956456601
MIA „Rossiya Segodnya“
Жаңылыктар
kg_KG
Sputnik Кыргызстан
media@sputniknews.com
+74956456601
MIA „Rossiya Segodnya“
https://sputnik.kg/img/104759/15/1047591552_0:74:1944:1296_1920x0_80_0_0_099c809b20c7d30954097c4a60efa08f.jpgSputnik Кыргызстан
media@sputniknews.com
+74956456601
MIA „Rossiya Segodnya“
жаңылыктар, коом, кыргызстан, коронавируска байланыштуу кыргызстандагы кырдаал , aлерт, нарын, ат-башы
жаңылыктар, коом, кыргызстан, коронавируска байланыштуу кыргызстандагы кырдаал , aлерт, нарын, ат-башы
Өзгөчө абал Нарын шаарына жана Ат-Башы районуна да киргизилди
13:30 14.04.2020 (Жаңыртылды: 14:27 14.12.2021) Буга чейин өзгөчө абал тартиби Бишкек, Ош, Жалал-Абад шаарларына, Сузак, Ноокат жана Кара-Суу райондоруна киргизилген болчу.
БИШКЕК, 14-апр. — Sputnik. Өзгөчө абал режими Нарын облусуна караштуу Ат-Башы районуна жана Нарын шаарына да киргизилди. Бул тууралуу президент Сооронбай Жээнбеков Жарлыкка кол койгонун өлкө башчынын маалымат кызматы билдирди.
Маалыматта 18-марттан 14-апрелге чейинки мезгил аралыгында Кыргызстандын аймагында жарандардын коронавирустук инфекцияны жуктуруп алган 430 фактысы катталганы айтылат. Анын ичинде Нарын шаарында беш, Нарын облусунун Ат-Башы районунда 19 факты тастыкталды.
Жарлыкта төмөнкүдөй талаптар каралган:
- Кыргыз Республикасынын Нарын облусундагы Нарын шаарынын жана Ат-Башы районунун аймагында 2020-жылдын 15-апрелинен тарта саат 08.00дөн баштап 2020-жылдын 30-апрелине саат 08.00гө чейин өзгөчө абал киргизилсин;
- Өзгөчө абал киргизилген мезгилде Ички иштер министрлигинин Нарын облусунун Ички иштер башкармалыгынын начальниги Аалиев Уланбек Карыбекович Нарын шаарынын жана Ат-Башы районунун коменданты болуп дайындалсын;
- Өзгөчө абал режимин камсыз кылуу үчүн Нарын шаарынын жана Ат-Башы районунун аймагында комендатура түзүлсүн;
- Нарын шаарынын жана Ат-Башы районунун комендатурасы жөнүндө жобо бекитилсин.
Аталган Жарлык менен толук КР президентинин сайтынан таанышууга болот.
Ушу тапта Кыргызстанда өзгөчө абал режими Бишкек, Ош, Жалал-Абад жана Нарын шаарларында, ошондой эле Сузак, Ноокат, Кара-Суу жана Ат-Башы райондорунда иштеп жатат.