БИШКЕК, 8-апр. — Sputnik. Valuta.kg сайтындагы маалыматка караганда, доллардын баасы 80 сомдон төмөндөдү.
Эртең менен сатып алуу — 81.7 сом, сатуу 82.4 сомдон болгон.
Саат 13:02ге карата доллардын баасы төмөнкүчө:
Сатып алуу 78.8 сомдон 79.5 сомго чейин;
Сатуу 79.5 сомдон 80.2 сомго чейин.
Эске салсак, 2-апрелде доллардын баасы 85 сомго чейин жеткен.
РИА Новости жазганына караганда, мунайга болгон дүйнөлүк баа ОПЕК+ уюмуна мүчө мамлекеттердин жетекчилеринин жолугушуусу (9-апрель) алдында өсүп жатат. Brent — баррелине 32,67 доллар, WTI 24,99 долларга бааланууда.