Биз бүгүн ошол энциклопедист окумуштуу, акын, агартуучу тууралуу 8 факт сунуштайбыз.
Толук аты-жөнү, туулган жери. Борбор Азияны дүйнөгө тааныткан жана жалпы дүйнөлүк медициналык билимге чоң салым кошкон илимпоз-энциклопедиячынын аты-жөнү Абу Али аль-Хусейин ибн Абдуллах ибн Сина. Аны Батышта Авиценна деп аташкан, ал эми жөнөкөй эл, анын ичинде кыргыздар, Улукман аким деп табыптардын пири катары санашкан. Ошол кезде Саманийлер дөөлөтүнүн борбору катары ири маданий, илимий, соода очогу болгон Бухаранын четиндеги азыр Өзбек Республикасына караган Афшана кыштагында туулган. Бул ошол кездеги жыл санак боюнча хижиранын 370-жылы эле. Азыркы биздин эсеп боюнча 980-жыл.
Медицина жаатындагы эмгектери. Анын негизги энциклопедиялык эмгегинин бири, 1020-жылы жазылган "Тиб канону" (El-Kanun fi't-Tıb, "Медицина канону") Европада медициналык окуу жайларында окуулук катары колдонулган. Анда ооруган адамдын дарт белгисин аныктоодон тартып, эмне үчүн ошол кесел пайда болгондугу, жугуштуу жана жукпаган оорулар, ар кандай ооруларды айыктыруунун жолдору, дарылар жана алардын жасалыш жолдору ж.б. түшүнүктөр илимий маалымат, жаңы ачылыш катары айтылган. Айыккыс деп эсептелип келген суу чечек, кызамык деген ооруларды айыктыруунун дарыларын таап, боор оорусунда мүнөздөп тамак ичүүнүн жолдорун сунуш кылган. Сары оору, кулгуна, көтөн жара, кагын, менингит, ашказан жарасы ж.б. ооруларды сакайтуунун эрежелерин сунуш кылат. Адамдын анатомиясын аябай так аныктаган, байыркы Гиппократтын окуусун уланткан.
Энциклопедист-аалым. Ал илимдин 29 тармагында 450 эмгек жазган, ошолордун ичинен бизге 274ү гана жетти. Анын атактуу эмгеги "Шыпаа китеби" (Kitabü'ş-Şifa) 4 бөлүмдөн турат: логика, физика-математикалык илимдер, метафизика. "Билимдер китеби", "Нускоо жана насаат китеби" анын философиялык ойлорун камтыйт. Философ, математик, метафизик, астроном, музыка таануучу, ботаник, зоолог, минералог, логик, дин үйрөтүүчү, медицина тармагындагы ири изилдөөлөрдү бизге калтырды. Аларда Жердин абалы, климат, фауна жана флора дүйнөсү, алардын өсүп-өнүгүш диалектикасы, тоолордун пайда болушу, минералдардын түрлөрү жана касиеттери тууралуу да илимий пикирлер айтылган.
- Сунуш кылган методдору: материалды ырааттуу жана биринин артынан экинчисин баяндоо;
- логикалык иретте ой жүгүртүү;
- теориянын практика менен байланышы;
- жалпыдан жекеге баруу;
- окуучулардын логикалык ой жүгүртүүсү;
- жеке байкоолор;
- эксперимент, практика ж.б.
Орто кылымдын ойчул акыны. Анын төрт саптан турган философиялык рубаилери дүйнөлүк адабиятка жаңы ыр формасын киргизгендиги менен баалуу. Бул сүйүү тууралуу трактаттары дүйнөнүн көптөгөн тилдерине которулган. "Дарыгерликтин мааниси" ("Мансил фит-тиб") аттуу поэтикалык китеби 1322 сап ырдан турат да, ал дагы медициналык темага арналган, адамдардын колунан түшпөгөн китепке айланган.
Табыптыгы. Ал жугуштуу ооруларды таза адамдардан бөлүп коюу, тамыр кармоо, ысыктык жана сууктук, суу менен, чөптөр жана майлар менен дарылоо, ишендирүү менен оорулууга таасир этүү ж.б. көптөгөн ыкмаларды колдонгон.
"Табыпчылык мыйзамдары" деген эмгегинде төмөнкүчө жазат:
Ушуга карап көрсөк, биздин элдин балдарды бешикке салып, акырын терметип турушу, бала бош жатканда туугандарынын сылап коюшу, эненин бешик ырын ырдоосу – баары анын адам болуп калыптануусунда чоң мааниге ээ көрүнүштөрдөн экен.
Кыргыздар арасына уламыш катары тараган. Кыргыздар Улукман аким тууралуу көптөгөн аңыз сөздөрдү айтып келет. Анын бири мындай: өлбөстүктүн дарысын тапкан дешет, ал киши адамды тетиктерге ажыратып, бөлүк-бөлүк кылып таштап, кайра улаштырып, тикелеп, бастырып койчу экен. Анан ошол киши шакирттерине өлбөстүктүн дарысын берет, мен өлүп бара жатканда ушуну ичиргиле дейт, чын эле өлүп баратканда шакирттердин бири – кызганчаагы жана наамарты ага ошол дарыны ичирбей коёт, устаз өлөт, калган шакирттери ал дарынын кошулмаларынын бир сырын билбей кала берет деп айтылат эл ичинде.
Ал 1037-жылы 21-июнда Хамадан шаарында каза болгон.