Бишкек: коронавирустан улам онлайн-той кылып үйлөнгөн түгөйдүн видеосу

© Фото / Дастан Жуманалы уулу (Dastanovski)Первая онлайн свадьба в условиях ЧП в Бишкеке
Первая онлайн свадьба в условиях ЧП в Бишкеке - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Бишкектик Юля менен Искандер коронавирус тооруп турган кезде 40 киши күбө болгон үлпөт той өткөрдү. Туугандардын ден соолугун тобокелге салбаш үчүн алар онлайн-той беришти. Ата-энелер, достор, тамада, музыканттар жакшылыкка Skype кызматынын жардамы менен күбө болду.

"Бизди булар акылы ордундабы дегендей да карашты", – дейт жаш келинчек Юлия кээ бирөөлөрдүн алардын кадамына болгон реакциясы тууралуу айтып берип жатып. Себеби автоунаалар токтоп, Бишкек курчоого алынгандыктан кыз-жигит никесин каттатуу үчүн Бишкекти аралап Бакыт өргөөсүнө жөө келишкен. Апакай кийинген болочоктогу колукту медициналык бет кап тагынып, колуна резина кол кап кийип көчөдөн кетип бара жаткан учурду көз алдыңызга келтирсеңиз да, окурман. Кырдаалдан улам эл чогултуп той бере албаган жаштар бул бактылуу күндү өздөрү үчүн кечки тамак жана шампан ичимдиги менен белгиледи. Бул учурдун баары өз үйлөрүндө отурган тойдун катышуучуларына видео менен көрүнүп турду. Тагыраагы, чет өлкөдөгү туугандар да интернеттин жардамы менен кабардар болуп турушту.

— Онлайн өткөн сиздердин үйлөнүү тоюңар туурасында айтып бергилечи?

— Үйлөнүү боюнча арызды кышында эле берип, жазга, март айына пландаганбыз. Мындай учур болуп кетет деп кимдин оюна келиптир. Март жакындаган сайын абал кыйындай берди. Ар күн сайын маселе жаралып, чек ара жабылды. Себеби биздин туугандарыбыздын дээрлик бардыгы чет мамлекетте жашайт. Коронавирустан улам чек аралар жабылып, самолеттор учпай калды.

Алар тойго эмне кылса да келе алышпайт эле. Бишкекте карантин жарыяланып, ага удаа эле өзгөчө абал кирди. Коронавирус өтүп кеткиче тойду жылдырып, никеге кийин турсакпы деп ойлондук. Акыры тобокел кылып бир чечимге келдик. Баса, бул үчүн алып баруучубуз Урмат Асанбековго чоң рахмат!

— Анан кандай болду?

ТТООРРТТ - Sputnik Кыргызстан
Той бергендерди көрсөңөр чалгыла! Мыйзам бузгандар 300 миң сомго чейин айып төлөйт
— Биз Медеров-Абдрахманов көчөсүндө жашайбыз. Бишкекке блокпост коюп салгандыктан, бизден алыс жайгашкан никени каттаган жерге кантип жетебиз деп ойлодук. Анын үстүнө Бакыт өргөөсү иштейби-жокпу, ал да күмөн болду. Кыскасы, ал күнү маршруттук планды түзүп, медициналык бет кап, анан кол каптарды кийип, жөө бардык.

Бизди тосуп алган, маскачан турган Бакыт өргөөсүнүн кызматкеринин жүзүн көрбөй калдыңар да! Көрсө, алар никелерди азыркы абалдан улам каттабай жатыптыр да. Анткен менен экөөбүздү каттап, кичинекей салтанатын жасап узатып койду, а биз ошол жол менен кайра үйгө келдик.

— Көчөдөн көргөндөр эмне дешти?

— Чынын айтсак, көчөдө эл деле аз экен. Ал эми жолдон жолуккандардын кээ бири жылмайып, кээ бири бизди акылынан айныган кишидей карап жатышты. Эми милиция кызматкерлери токтотпосо экен деп чын эле чочуладык. Бирок кудай жалгап, аларды көргөн жокпуз.

© Фото / Дастан Жуманалы уулу (Dastanovski)Бишкектик Юля Ким: Чынын айтсак, көчөдө эл деле аз экен. Ал эми жолдон жолуккандардын кээ бири жылмайып, кээ бири бизди акылынан айныган кишидей карап жатышты
Бишкек: коронавирустан улам онлайн-той кылып үйлөнгөн түгөйдүн видеосу - Sputnik Кыргызстан
Бишкектик Юля Ким: Чынын айтсак, көчөдө эл деле аз экен. Ал эми жолдон жолуккандардын кээ бири жылмайып, кээ бири бизди акылынан айныган кишидей карап жатышты

—Skype менен жасаган тойго туугандар кандай карады?

— Алар каршы деле болгон жок, өзгөчө абалдан улам ушундай болуп жатканын түшүнүштү да. Ал тургай Бишкектеги жакындарды да үйгө чакыра алган жокпуз, баары бир кооптоносуң да. Тойго тыюу салып жаткан маалда кишилерди чогултуп алып, алардын ден соолугуна тобокел салууну каалаган жокпуз.

— Канча киши онлайн-салтанатка күбө болду?

— Болжол менен 35ке чукул киши Skype аркылуу көрдү. Сонун болду! Урмат тамадабыз баарын жөнгө салып турду. Ырчылардын болорун билгенбиз, бирок фокусчулар да катышты. Аны күткөн эмеспиз. Эгерде интернет өчүп калса, эмне болмок эле. Бирок, бактыга жараша, баары ойдогудай өттү.

Skype аркылуу туугандар менен сүйлөштүк, каалоолор айтылды. Негизи бир саатта бүтөт дегенбиз, бирок андан ары созулуп кетти. Чын дилден чыккан тостторго көбүрөөк убакыт кетти. А баса, жолдошум экөөбүз үйлөнгөндөн кийинки биринчи бийибизди да бийледик. Кыскасы, эң сонун той болду!

© Фото / Дастан Жуманалы уулу (Dastanovski)Бишкекчане Юлия и Искандер сыграли свадьбу на 35 человек в условиях чрезвычайного положения.
Юлия Ким: Тойдун алдында боенгон, сулууланган бардык нерселерим жасалбай калды.  - Sputnik Кыргызстан
1/3
Юлия Ким: Тойдун алдында боенгон, сулууланган бардык нерселерим жасалбай калды.
© Фото / Дастан Жуманалы уулу (Dastanovski)Бишкекчане Юлия и Искандер сыграли свадьбу на 35 человек в условиях чрезвычайного положения.
Чачымды түйүп, кооздоп бере турган кыз менен стилист келбей калды. Айла жок, өзүм боенгонго туура келди.  - Sputnik Кыргызстан
2/3
Чачымды түйүп, кооздоп бере турган кыз менен стилист келбей калды. Айла жок, өзүм боенгонго туура келди.
© Фото / Дастан Жуманалы уулу (Dastanovski)Бишкекчане Юлия и Искандер сыграли свадьбу на 35 человек в условиях чрезвычайного положения.
Себеби шаарга блокпосттор коюлуп, алардан автоунаа өтө албайт болчу. Ага кошул-ташыл болуп аба ырайы да бузулду. - Sputnik Кыргызстан
3/3
Себеби шаарга блокпосттор коюлуп, алардан автоунаа өтө албайт болчу. Ага кошул-ташыл болуп аба ырайы да бузулду.
1/3
Юлия Ким: Тойдун алдында боенгон, сулууланган бардык нерселерим жасалбай калды.
2/3
Чачымды түйүп, кооздоп бере турган кыз менен стилист келбей калды. Айла жок, өзүм боенгонго туура келди.
3/3
Себеби шаарга блокпосттор коюлуп, алардан автоунаа өтө албайт болчу. Ага кошул-ташыл болуп аба ырайы да бузулду.

— Кантип таанышып калдыңар эле?

— Мындан 10 жыл мурда мектепте окуп жүргөндө социалдык тармактан эле таанышканбыз. Ал эми жарым жыл мурда кыз-жигит болуп сүйлөшө баштадык. Искандер кышында тизелеп туруп колумду сурады. Бул сунуш баары бир мени кызыктай абалда калтырды. Албетте, буга даярданып жүрсөм деле мен үчүн күтүүсүздөй сезилди.

— Никеге турар алдында кандайдыр бир кыйынчылыктар болгон жокпу?

Онлайн-свадьбы начали проводить в Казахстане. Видео - Sputnik Кыргызстан
Казакстанда жубайлар онлайн-той өткөрө баштады. Видео
— Тойдун алдында боенгон, сулууланган бардык нерселерим жасалбай калды. Чачымды түйүп, кооздоп бере турган кыз менен стилист келбей калды. Айла жок, өзүм боенгонго туура келди. Себеби шаарга блокпосттор коюлуп, алардан автоунаа өтө албайт болчу. Ага кошул-ташыл болуп аба ырайы да бузулду.

Экөөбүз кандай гана той болбосун баары бир бүлүнүп, чуркап, ал тургай толкунданып, апкаарып калган учурлар болорун айтып, бири-бирибизди жооткоттук. Анткен менен баары сонун өттү, анча деле убара тартып кыйналган жокпуз.

— Бул той акча жагына келгенде канчалык үнөмдүү болду?

— Чынын айтсам, каражат жагына мен башымды ооруткан жокмун. Акчага аралашпаганда деле канча каражатты үнөмдөп калганыбыз түшүнүктүү да!

Никебизди каттатып, онлайн-салтанат кылдык. Буюрса, кадимкидей той кылып, досторду, туугандарды чакырып, ошол жерде кайрадан төгүлүп-чачылып айтылган каалоолорду угуп, алар менен бирге тойлогубуз келет. Бул кыйын күндөр да өтүп, мурдагы жашообуз калыбына келет деп ишенебиз.

© Фото / Дастан Жуманалы уулу (Dastanovski)Юля Ким: Никебизди каттатып, онлайн-салтанат кылдык. Буюрса, кадимкидей той кылып, досторду, туугандарды чакырып, ошол жерде кайрадан төгүлүп-чачылып айтылган каалоолорду угуп, алар менен бирге тойлогубуз келет
Бишкек: коронавирустан улам онлайн-той кылып үйлөнгөн түгөйдүн видеосу - Sputnik Кыргызстан
Юля Ким: Никебизди каттатып, онлайн-салтанат кылдык. Буюрса, кадимкидей той кылып, досторду, туугандарды чакырып, ошол жерде кайрадан төгүлүп-чачылып айтылган каалоолорду угуп, алар менен бирге тойлогубуз келет

—Коронавирус жашооңорго кандай таасир тийгизди?

— Күйөөм экөөбүз мурда жаныбыз тынчу эмес, активдүү болчубуз. Азыр карантинде үйдө отурабыз. Мен иштебей калдым. Ал эми Искандер онлайн иштейт. Бир кесиби ашпозчу болчу. Азыр экинчиси менен алек болуп, англис тилинен сабак берип жатат. Дагы бир кесиби - музыкант.

— Минтип үйлөнсөк эл эмне дейт деп ойлодуңарбы? Социалдык тармакта азыр силер туурасында көп айтылып жатпайбы. Кандай пикирлерди жазышты?

— Элдин кеп-сөзү болот деп тойду байкатпай, тынч эле өткөрөлү дегенбиз. Бирок биздин тамада Урмат видеону бөлүшүп жибериптир. Ошондон кийин... башталды! Тааныштар, достор, ал тургай чоочун эле адамдар куттуктап жаза баштады.

Чынында "өлкөдө ушундай абал болуп жатса… чыдап турса болбойбу" деген сөздөр айтылат деп бир аз ойлонуп, түйшөлгөм. Бирок бизди туура түшүнүп кабыл алып, жакшы каалоо-тилектер айтылды.

Жаңылыктар түрмөгү
0