https://sputnik.kg/20200313/kr-zhookerler-moskvaga-dokument-aluuda-1047365423.html
Улуттук гвардиянын жоокерлери Москвадагы парадга катышуу үчүн документ алууда
Улуттук гвардиянын жоокерлери Москвадагы парадга катышуу үчүн документ алууда
Sputnik Кыргызстан
Улуттук гвардиянын 52 жоокери Калкты тейлөө борборуна паспортко документ тапшырганы келишкен. Жоокерлер Москва шаарында өтө турган Жеңиштин 75 жылдыгына... 13.03.2020, Sputnik Кыргызстан
2020-03-13T11:26+0600
2020-03-13T11:26+0600
2021-12-14T14:27+0600
https://sputnik.kg/img/102793/98/1027939805_0:397:6015:3798_1920x0_80_0_0_5785c7e8c1c718d1cccca84a8762b201.jpg
москва
Sputnik Кыргызстан
media@sputniknews.com
+74956456601
MIA „Rossiya Segodnya“
2020
Sputnik Кыргызстан
media@sputniknews.com
+74956456601
MIA „Rossiya Segodnya“
Жаңылыктар
kg_KG
Sputnik Кыргызстан
media@sputniknews.com
+74956456601
MIA „Rossiya Segodnya“
https://sputnik.kg/img/102793/98/1027939805_0:207:6015:3988_1920x0_80_0_0_e74e6bf78123837fa1d55faf182df138.jpgSputnik Кыргызстан
media@sputniknews.com
+74956456601
MIA „Rossiya Segodnya“
жаңылыктар, коом, кыргызстан, москва, мамлекеттик каттоо кызматы
жаңылыктар, коом, кыргызстан, москва, мамлекеттик каттоо кызматы
Улуттук гвардиянын жоокерлери Москвадагы парадга катышуу үчүн документ алууда
11:26 13.03.2020 (Жаңыртылды: 14:27 14.12.2021) Улуттук гвардиянын 52 жоокери Калкты тейлөө борборуна паспортко документ тапшырганы келишкен. Жоокерлер Москва шаарында өтө турган Жеңиштин 75 жылдыгына арналган парадга катышууга даярданууда.
БИШКЕК, 13-мар. — Sputnik. КРдин Куралдуу күчтөрүнүн Улуттук гвардиясынын жоокерлери Москвадагы Жеңиш парадына катышуу үчүн документ алып жатышат. Бул туурасында Мамлекеттик каттоо кызматынан билдиришти.
Ага ылайык, Улуттук гвардиянын 52 жоокери №2 Калкты тейлөө борборуна паспортко документ тапшырганы келишкен.
Жоокерлер Москва шаарында өтө турган Жеңиштин 75 жылдыгына арналган парадга катышууга даярданууда.
Буга чейин Россиянын Кыргызстандагы элчиси Николай Удовиченко салтанатка канча кыргызстандык ардагердин барары пландалып жатканын айтып берген.