00:00
01:00
02:00
03:00
04:00
05:00
06:00
07:00
08:00
09:00
10:00
11:00
12:00
13:00
14:00
15:00
16:00
17:00
18:00
19:00
20:00
21:00
22:00
23:00
00:00
01:00
02:00
03:00
04:00
05:00
06:00
07:00
08:00
09:00
10:00
11:00
12:00
13:00
14:00
15:00
16:00
17:00
18:00
19:00
20:00
21:00
22:00
23:00
Ежедневные новости
08:00
4 мин
Жаңылыктар
09:00
4 мин
Ежедневные новости
10:01
3 мин
Жаңылыктар
11:01
3 мин
Ежедневные новости
12:01
3 мин
Жаңылыктар
13:01
3 мин
Ежедневные новости
14:00
4 мин
Жаңылыктар
15:01
4 мин
Ежедневные новости
16:01
3 мин
Жаңылыктар
17:01
4 мин
Ежедневные новости
18:01
5 мин
Жаңылыктар
19:01
4 мин
Ежедневные новости
20:00
4 мин
Об экономике и не только с Кубатом Рахимовым
20:05
55 мин
Ежедневные новости
08:00
4 мин
Жаңылыктар
09:00
4 мин
Ежедневные новости
10:01
3 мин
Жаңылыктар
Жаңылыктар. Чыгарылыш 11:00
11:01
3 мин
Sputnikteн сүйлөйбүз
Улуттук баалуулуктарды сактоонун жолу. Бишкекте Салттуу музыка жумалыгы өтүүдө
11:04
43 мин
Ежедневные новости
Ежедневные новости. Выпуск 12:00
12:01
3 мин
Максимальный репост
On air
12:05
2 мин
Жаңылыктар
Жаңылыктар. Чыгарылыш 13:00
13:01
3 мин
Күн башат
Кыргызстанда экологиялык мониторинг жаңы деңгээлге чыкты — Жаратылыш министрлигинин лабораториялары жаңы стандарттар менен иштейт
13:04
44 мин
Ежедневные новости
Ежедневные новости. Выпуск 14:00
14:01
3 мин
Особый акцент
On air
14:05
60 мин
Ачык кеп
Салык декларациясы: ким милдеттүү, ким ыктыярдуу жана эмне өзгөрдү?
15:04
39 мин
Ежедневные новости
Ежедневные новости. Выпуск 16:00
16:01
3 мин
Жаңылыктар
Жаңылыктар. Чыгарылыш 17:00
17:01
3 мин
Экономикалык панорама
Санариптик активдердин жанданышы менен Кыргызстанда брокерлике талап күчөйбү?
17:04
39 мин
Ежедневные новости
Ежедневные новости. Выпуск 18:00
18:01
5 мин
Тема дня
On air
18:07
30 мин
Жаңылыктар
Жаңылыктар. Чыгарылыш 19:00
19:01
5 мин
Кеменгер
«Максатыбыз эненин ыйык экенин көрсөтүү эле». «Куса» моно спектакли тууралуу маек
19:06
48 мин
Ежедневные новости
Ежедневные новости. Выпуск 20:00
20:01
5 мин
Жаңылыктар
Жаңылыктар. Чыгарылыш 21:00
21:01
3 мин
Ачык кеп
Салык декларациясы: ким милдеттүү, ким ыктыярдуу жана эмне өзгөрдү?
21:04
39 мин
КечээБүгүн
Эфирге
г. Бишкек89.3
г. Бишкек89.3
г. Каракол89.3
г. Талас101.1
г. Кызыл-Кыя101.9
г. Нарын95.1
г. Чолпон-Ата105.0
г. Ош, Жалал-Абад107.1

Иранда калган айдоочуларды Азербайжан өткөрмөй болду

© Sputnik / Евгений Епанчинцев / Медиабанкка өтүүАвтодорога "Иркутск — Чита"
Автодорога Иркутск — Чита - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Ирандын аймагында 62 айдоочу кармалып турат. Алар чек арадан өтүүгө жетишпей калышканы маалым.

БИШКЕК, 11-мар. — Sputnik. Иранда калган кыргызстандык айдоочулар үчүн Азербайжан транзиттик коридор ачып бермей болду. Бул тууралуу Тышкы иштер министрлиги билдирди.

Буга чейин социалдык тармактарда алыска жүк ташыган айдоочулардын видеосу чыгып, коронавирустан улам Ирандан чыга албай калышканын, тамак-ашы менен күйүүчү майы түгөнгөнүн айтышкан. Азербайжан менен чектешкен Астара шаарында дагы 18 айдоочу бар экени маалым болгон.

ТИМ ушу тапта Иранда иран-түркмөн жана иран-азербайжан чек арасынан өтө албай калган 62 айдоочунун кармалып турганын аныктап чыкты.

"9-мартка карата иран-азербайжан чек арасында 23 жүк ташуучу унаа турган. 9-11-март күндөрү "Астара" пунктунан 11 автоунаа өттү. Ал эми калган 12 айдоочу машиналары менен паспорт-бажы көзөмөлүнөн өтүп жатышат", — деп айтылат маалыматта.

Гостиница номери. Архив - Sputnik Кыргызстан
Коронавирус боюнча карантинге алынгандар Воронцовкадагы санаторийге жөнөтүлөбү?
Тышкы иштер министрлиги менен Кыргызстандын Баку жана Тегерандагы элчилиги кыргызстандык айдоочулардын маселесине көз салып турушат.

Ал эми 7-март күнү Ирандагы элчиликтин кызматкерлери иран-түркмөн чек арасындагы "Серахс" жана "Люфтабад" көзөмөл пункттарына чыгып кетишкен. Алар айдоочуларга укуктук жактан жардам берип, байланышта иштеп жатышат.

Белгилей кетсек, коронавирустун жайылуу кооптуулугунан улам Азербайжан 29-февралдан тарта Иран менен чек арасын эки жумага жапкан.

Жаңылыктар түрмөгү
0