00:00
01:00
02:00
03:00
04:00
05:00
06:00
07:00
08:00
09:00
10:00
11:00
12:00
13:00
14:00
15:00
16:00
17:00
18:00
19:00
20:00
21:00
22:00
23:00
00:00
01:00
02:00
03:00
04:00
05:00
06:00
07:00
08:00
09:00
10:00
11:00
12:00
13:00
14:00
15:00
16:00
17:00
18:00
19:00
20:00
21:00
22:00
23:00
Ежедневные новости
08:00
4 мин
Жаңылыктар
09:00
4 мин
Ежедневные новости
10:01
3 мин
Жаңылыктар
11:01
3 мин
Ежедневные новости
12:01
4 мин
Жаңылыктар
13:01
3 мин
Ежедневные новости
14:01
3 мин
Жаңылыктар
15:01
3 мин
Ежедневные новости
16:01
3 мин
Жаңылыктар
17:01
3 мин
Ежедневные новости
18:01
4 мин
Жаңылыктар
19:01
4 мин
Ежедневные новости
20:00
4 мин
Ежедневные новости
Ежедневные новости. Выпуск 08:00
08:00
4 мин
Будь в курсе
Первый весенний забег «Жаз деми». Старт, открывающий спортивный сезон
08:04
41 мин
Жаңылыктар
Жаңылыктар. Чыгарылыш 09:00
09:00
5 мин
Күн башат
Автоматтык станциялар жөнөтүлгөн: Кыргызстан кантип СССРдин космостук жеңишинин бир бөлүгү болду
09:05
52 мин
Ежедневные новости
Ежедневные новости. Выпуск 10:00
10:01
3 мин
Тема дня
Как строится экспорт из Кыргызстана в страны ЕАЭС и что мы туда продаем
10:04
44 мин
Жаңылыктар
Жаңылыктар. Чыгарылыш 11:00
11:01
3 мин
Sputnikteн сүйлөйбүз
Жылуулук тармактарынын 68,6 пайызынын эскилиги жетти: кандай чаралар көрүлүүдө?
11:04
24 мин
Sputnikteн сүйлөйбүз
MedExpo Kyrgyzstan 2026: Россия менен медицина тармагындагы кызматташтык
11:31
25 мин
Ежедневные новости
Ежедневные новости. Выпуск 12:00
12:01
3 мин
Максимальный репост
Магия кадра: почему одни снимки становятся легендами, а другие исчезают в ленте
12:05
29 мин
Жаңылыктар
Жаңылыктар. Чыгарылыш 13:00
13:01
3 мин
Күн башат
Бишкекте эл аралык медициналык форум өттү. Кандай жыйынтыктарга жетишилди?
13:04
42 мин
Ежедневные новости
Ежедневные новости. Выпуск 14:00
14:01
3 мин
Особый акцент
Как развивался капитализм — беседа о социуме
14:05
52 мин
Жаңылыктар
Жаңылыктар. Чыгарылыш 15:00
15:01
3 мин
Ачык кеп
Кургак учук менен балдар да ооруйт
15:05
45 мин
Ежедневные новости
Ежедневные новости. Выпуск 16:00
16:01
3 мин
Жаңылыктар
Жаңылыктар. Чыгарылыш 17:00
17:01
3 мин
Туяк
Ак көңүл, бирок катаал жетекчи: полковник Жумалы Кубатов
17:05
50 мин
Ежедневные новости
Ежедневные новости. Выпуск 18:00
18:01
5 мин
Тема дня
On air
18:07
30 мин
Жаңылыктар
Жаңылыктар. Чыгарылыш 19:00
19:01
5 мин
Спортбокс
Бишкекте алыш бел боо боюнча Азия чемпионаты өтөт — алыш олимпиадага качан кошулат?
19:06
44 мин
Ежедневные новости
Ежедневные новости. Выпуск 20:00
20:01
5 мин
Тема дня
«Это поменяло мое мировоззрение» — легендарный Салижан Шарипов о космосе
20:06
49 мин
Жаңылыктар
Жаңылыктар. Чыгарылыш 21:00
21:01
3 мин
Ачык кеп
Кургак учук менен балдар да ооруйт
21:05
45 мин
КечээБүгүн
Эфирге
г. Бишкек89.3
г. Бишкек89.3
г. Каракол89.3
г. Талас101.1
г. Кызыл-Кыя101.9
г. Нарын95.1
г. Чолпон-Ата105.0
г. Ош, Жалал-Абад107.1

Балалуу аялды түшүрүп салган айдоочу чырдын чоо-жайын айтып берди. Видео

Жазылуу
Балалуу аялды жулкулдатып түшүрүп салды деп айыпталып жаткан №185 маршруттук таксинин айдоочусу жүргүнчүлөрдөн кечирим сурады. Ал он күнгө убактылуу иштен четтетилип, айып пул салынганы айтылды.

БИШКЕК, 6-мар. — Sputnik. Бишкекте балалуу аялды жулкулдатып түшүрүп салды деген айдоочу Адилет Кеңешов окуянын чоо-жайын айтып, жүргүнчүлөрдөн кечирим сурады. Sputnik Кыргызстан маалымат агенттигинин кабарчысы аны менен баарлашып келген.

Айдоочунун айтымында, окуя 5-мартта кечки саат 5-6лар чамасында Дордой конушунан Ак-Ордо конушун көздөй баратканда болгон. "Дордойдун" аялдамасынан түшкөн эки аялдын биринин колунда бала, экинчисинде коляска бар болчу.

"Колясканын дөңгөлөктөрү алдыда отурган адамдардын бутун булгап, өтүүгө тоскоолдук жаратып, ошондон жүргүнчүлөр бири-бири менен уруша башташты", — дейт айдоочу.

Кеңешовдун айтымында, маршрутканын ичиндеги уруштан улам он мүнөттөй жолдо туруп, убактысынан кечигип калган.

"Интернеттеги видео окуянын аягында тартылып калыптыр. Жүргүнчүлөрдүн уруш-талашы он мүнөттөн ашык болгон. Ушундан улам жолдо туруп, убактымдан кечигип калдым. Мен алгач алардын урушуна аралашпай эле отургам. Маршрутканы айдап кетейин десем эшикти жабышпайт же түшүп калышпайт. Бирок ал аялды жулкулдатып түшүргөн жокмун жана "акча төлө" деп айткан эмесмин. Бирок тыгын пайда болуп, он мүнөт кечигип калган үчүн ачууланганым чын. Ыңгайсыздык жаратып алсам жүргүнчүлөрдөн кечирим сурайм", — деп айтты ал.

Учурда бул иш боюнча "ТрансГруппКоммуникейшн" фирмасынын жетекчилери менен териштирүү иштери жүрүп жатат.

Аталган фирманын жетекчилиги айдоочуну 10 күнгө убактылуу иштен четтеткен.

Ал эми Автотранспорт агенттигинин Бишкек шаардык башкармалыгы тарабынан фирмага эскертүү берилди.

Маршруткалар. Архив - Sputnik Кыргызстан
Балалуу аялды жулкулдатып түшүрүп салган айдоочу күнөөсүн моюндаган эмес. Видео
"Бул окуя боюнча фирманын жетекчиси жана айдоочусу чакырылып, түшүнүк кат алынды. Жүргүнчүлөрдү ташуу эрежесин бузуп, орой мамиле жасагандыгы үчүн азыр териштирүү иштерин жүргүзүп, протокол толтуруп жатабыз. 1000 сом айып пул салынат. Териштирүүнүн жыйынтыгы менен анын мындан ары бул фирмада иштер-иштебесин жетекчилиги чечет. Фирмага эскертүү берилди", — деди аталган башкармалыктын өкүлү Ильяс Албанов.

Эске салсак, кечээ, 5-мартта, күбө маршруткага коляскасы менен кирген балалуу аялды айдоочу "көп орунду ээлеп жатасың" деп транспорттон жулкулдатып түшүрүп салганын айтып, видеосун жиберген. Анын айтымында, аныгында коляска эч кимге жолтоо болгон эмес, себеби бүктөлүп бурчта турган. Аял өзү дагы орундукта отурбай, туруп турган.

Жаңылыктар түрмөгү
0