00:00
01:00
02:00
03:00
04:00
05:00
06:00
07:00
08:00
09:00
10:00
11:00
12:00
13:00
14:00
15:00
16:00
17:00
18:00
19:00
20:00
21:00
22:00
23:00
00:00
01:00
02:00
03:00
04:00
05:00
06:00
07:00
08:00
09:00
10:00
11:00
12:00
13:00
14:00
15:00
16:00
17:00
18:00
19:00
20:00
21:00
22:00
23:00
Ежедневные новости
08:00
4 мин
Жаңылыктар
09:00
3 мин
Ежедневные новости
10:01
3 мин
Жаңылыктар
11:01
3 мин
Ежедневные новости
12:01
4 мин
Жаңылыктар
13:01
3 мин
Ежедневные новости
14:01
3 мин
Жаңылыктар
15:01
3 мин
Ежедневные новости
16:01
3 мин
Жаңылыктар
17:01
3 мин
Ежедневные новости
18:01
5 мин
Жаңылыктар
19:01
4 мин
Ежедневные новости
20:00
5 мин
Ежедневные новости
Ежедневные новости. Выпуск 08:00
08:00
4 мин
Будь в курсе
Кыргызстан адаптирует бизнес-правила под нормы ЕАЭС и цифровую экономику
08:04
40 мин
Жаңылыктар
Жаңылыктар. Чыгарылыш 09:00
09:00
4 мин
Күн башат
Жеке маалыматтарды коргоо: мыйзамдагы өзгөрүүлөр, жоопкерчилик жана санариптик коопсуздук
09:05
43 мин
Ежедневные новости
Ежедневные новости. Выпуск 10:00
10:01
3 мин
Тема дня
Hitec и работа с местными властями - как в КР предвидят чрезвычайные ситуации
10:04
42 мин
Жаңылыктар
Жаңылыктар. Чыгарылыш 11:00
11:01
3 мин
Sputnikteн сүйлөйбүз
Бишкекте “Жаңы ысымдар” эл аралык театр фестивалы өтөт
11:04
43 мин
Ежедневные новости
Ежедневные новости. Выпуск 12:00
12:01
3 мин
Максимальный репост
On air
12:05
2 мин
Жаңылыктар
Жаңылыктар. Чыгарылыш 13:00
13:01
3 мин
Күн башат
«Ала-Тоо резортто» аукциондун экинчи этабы башталды — жылдыздуу мейманканалар, апартаменттер, этно шаарча, ресторандар курулат
13:04
42 мин
Ежедневные новости
Ежедневные новости. Выпуск 14:00
14:01
3 мин
Особый акцент
On air
14:05
60 мин
Ачык кеп
Дипломдук ишти стажировка менен алмаштыруу сунушталууда: Кыргызстандагы студенттер үчүн жаңы эрежелер
15:05
44 мин
Ежедневные новости
Ежедневные новости. Выпуск 16:00
16:01
3 мин
Жаңылыктар
Жаңылыктар. Чыгарылыш 17:00
17:01
3 мин
Жума жыйынтыгы
Апта ичинде болуп өткөн айрым окуяларга токтолобуз
17:05
45 мин
Ежедневные новости
Ежедневные новости. Выпуск 18:00
18:01
5 мин
Тема дня
On air
18:07
30 мин
Жаңылыктар
Жаңылыктар. Чыгарылыш 19:00
19:01
5 мин
Стоп-кадр
«Мафия» тасмасы: «Стоп кадр» программасында криминалдык дүйнө ачылат
19:06
43 мин
Ежедневные новости
Ежедневные новости. Выпуск 20:00
20:01
5 мин
Жаңылыктар
Жаңылыктар. Чыгарылыш 21:00
21:01
3 мин
Ачык кеп
Дипломдук ишти стажировка менен алмаштыруу сунушталууда: Кыргызстандагы студенттер үчүн жаңы эрежелер
21:05
44 мин
КечээБүгүн
Эфирге
г. Бишкек89.3
г. Бишкек89.3
г. Каракол89.3
г. Талас101.1
г. Кызыл-Кыя101.9
г. Нарын95.1
г. Чолпон-Ата105.0
г. Ош, Жалал-Абад107.1

Акыл үйрөтпөй жооп бериңиз! Вице-спикер Касымалиева жыйында аткаминерди какты

© Sputnik / Табылды КадырбековДепутат Жогорку Кенеша от фракции СДПК Аида Касымалиева
Депутат Жогорку Кенеша от фракции СДПК Аида Касымалиева - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Вице-спикер мугалимдердин эмгек тажрыйбасына карап пенсиясын көбөйтүү боюнча мыйзам долбоору тууралуу Соцфонддун пикирин билүүгө кызыкты.

БИШКЕК, 4-мар. — Sputnik. Вице-спикер Аида Касымалиева 30-40 жыл иштеген мугалимдер пенсияга чыккандан кийин 2000-3000 сом алып каларын айтып арызданып жатышканын билдирди.

Мындан улам ал парламенттин жалпы жыйынында мугалимдерге пенсия чегерүү кандай форматта жүргүзүлөрүн Социалдык фонддун төрагасынын орун басары Эсен Нурдиновдон сурады.

"Алар Соцфондго канча камсыздандыруу взносун төлөсө, ошонун негизинде чегерилет. Мурда мугалимдердин айлыгы аз болгону үчүн азыраак чыгып жаткан. Азыр айлыктары көтөрүлүп калды, жакшы пенсия алат деген ойдобуз", — деди аткаминер.

Андан соң Касымалиева: "Алдыда мугалимдердин пенсиясын жакшыртуу боюнча планыңар барбы?" - деп сурап, "жок" деген жооп алды.

Кийин вице-спикер мугалимдердин пенсиясын эмгек тажрыйбасына карап көбөйтүү боюнча мыйзам долбоору биринчи окуудан өткөнүн айтып, ал тууралуу пикирин билүүгө кызыкты.

Эжелеп жооп бере албай койгон Памир Асановду вице-спикер Касымалиева зекиди. Видео - Sputnik Кыргызстан
Эжелеп жооп бере албай койгон Памир Асановду вице-спикер Касымалиева зекиди. Видео
"Мугалимдер эле эмес, медицина кызматкерлеринин пенсиясы дагы ушундай аз. Мугалимдердикин жогорулатуу жолун биз караган эмеспиз. Мен бир жарым жылдан бери иштеп жатам, андай мыйзамды көргөн эмесмин, бизге келген эмес", — деп жооп берди Нурдинов.

Буга ачууланган Касымалиева: "Биринчи окуудан өткөн деп айттым го, келген эмес дебей, билбей жатам дебейсизби, мага комментарий бербеңиз. Акыл үйрөтпөстөн так суроого так жооп бериңиз", - деп какты.

Учурда папрламентте "Кыргыз Республикасынын Социалдык фонду жөнүндө", "Мамлекеттик социалдык камсыздандыруу жөнүндө" мыйзамдарына жана Салык кодексине өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу" мыйзам долбоору каралып жатат.

 

Виджет news
Жаңылыктар түрмөгү
0