Коронавирустан улам чет жердеги кыргызстандыктар ыдык көрүп жатабы?

© REUTERS / ALY SONGШандайдын метросундагы жүргүнчүлөр
Шандайдын метросундагы жүргүнчүлөр - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Эл аралык алдыңкы басылмалар АКШ жана Европанын айрым өлкөлөрүндө азиат түспөлүндөгү адамдар кодулаган көз караштарга кабылып жатышканын жазып чыгышты.

Эпидемиядан улам азиаттарга карата кастык мамиле күч алганын Reuters агенттиги, CNN телеканалы жана бир катар француз маалымат каражаттары маалымдады.

Алар азиат тегинен улам метродо адамдар жанынан качып же супермаркеттерде азык-түлүктөргө кол тийгизүүгө тыюу салуу өңдүү ыдык көргөн адамдардын баяндарын жарыялашты.

​Мындай кылыктарга жооп катары Кытай жана башка Азия мамлекеттеринин жарандары Twitter аркылуу #яневирус (#ImNotAVirus) хэштеги менен флешмоб башташты. Азиат түспөлүндөгү адамдар өз постторунда дүйнөгө жайылып бараткан коронавирустун күч алышынан улам басмырлабоого чакырууда.

​Ушул тапта дүйнөнүн ар кай бурчун байырлаган мекендештерден да жашаган жериндеги жергиликтүү калк да чочулай качууда.

​Sputnik Кыргызстандын редакциясы ушундай мамилеге кабылган кыргызстандыктардын айрымдары менен сүйлөштү (айрымдары ысымдарын ачык атабоону өтүнүштү).

Түркияда жашаган мекендештин айтымында, биздикилерди дайым кытайларга окшоштурушат.

"Биздин азиат тибиндеги көздөрүбүздөн улам бизди адегенде Кытайдан деп ойлошот, алардын тилинде баарлаша келген соң шек саноосу тыйылат. Бир нече ирет адамдар менден оолак турууга аракет кылышканын сездим. Бирок ачык кодулоону туйган жокпуз, анткени Стамбул — көп улуттуу калаа", — деп бөлүшөт мекендеш.

Болот Абдыкадыров 15 жылдан бери Италияда турат. Европалыктардын коронавирусту жуктуруу коркунучунан кыйсыпырга түшүшү анын үй-бүлөсүнө катуу таасир эткен. Бул тууралуу кыжырданган пикирин өзүнүн Facebook баракчасына жарыялаган.

Медициналык маска кийген кыз. Архив - Sputnik Кыргызстан
Кимге ишенебиз? Италиядан келип карантинге алынбаган аял окуянын чоо-жайын айтты
"Италияда айрым адамдар кыжыр кайнатып, адепке жат жүрүшкөнүн кара! Өткөндө зоодүкөнгө үй-бүлөбүз менен кирип калдык. Аябай чоң болгондуктан балдарга көрсөтчү нерсеси толтура. Адамдардын көбү коронавирустан улам бизди көрүп чочулап жатышты. Ар ким өзүн жана өз жакындарын коргоого аракет кылганын түшүнөм. Эч уялбастан алакан менен жүзүн жаап, оолактап, өз ара шыбырашкандар (15 жыл, тилдерин түшүнөбүз го акыры), баарынан да жагымсыз жагы биздин балдарыбыздан өздөрүнүкүн алыстата алып кетишкени болду. Балдар бири-бирине жакындашкысы келгенде аларды бөлүп кетип жатышканы көңүлүбүзгө катуу тийди, — деп жазат ал Facebook аккаунтунда.

Натыйжада ал мындай жагдайларды видеого тартып, тамашалуу формада көрсөтүүгө өткөн.

Посмотреть эту публикацию в Instagram

Публикация от Bolot Abdykadyrov🔹™️ (@fratello.kg)

Неаполдо 10 жылдан бери жашаган кыргызстандык айымдын айтымында, бул калаада мындай кырдаал жок. Күн сайын ал жумушка эки поезд менен барып келет, бейтааныш италиялыктардын шектүү көз карашын эч байкаган эмес.

"Өткөндө тиш доктурга бардым, ал мага бир окуядан кеп салды. Италиянын бөлөк бир шаарында болгон экен. Кыргызстандык ата-эне уулун стоматологго алып келишет. Мурдатан жазылган врачы аларды көрүп эле дарылоодон баш тартат. Өспүрүмдү башка доктур караптыр. Буларды баяндаган менин врачым жанагы кемчонтой доктурга абдан жинденди", — дейт ал.

Коронавирусту жуктуруп алуудан коркуу айрымдарды монголоид расасындагы адамдардан оолак карманууга түртүүдө. Мындай учурга Италиядагы дагы бир мекендешибиз кабылган.

Голливуд актеру жана режиссеру Жеки Чан. Архив - Sputnik Кыргызстан
Коронавирус жуктуруп алды деген Жеки Чан үн катты
"Жакында дүкөнгө баш баккам, кызын жетелеген эне жүрөт. Эшиктен мени көрөрү менен кофталары менен жүздөрүн жашырып чыгууга ашыгышты. Адегенде мен да элес албадым, сырттан бир жыт келип жатабы деп койгом. Тышка чыкканымда жанагы экөө жүздөрүн жаппай эле турганы көрдүм, ошондо гана түшүндүм, антпесе, коронавирус боюнча таптакыр унутуп калыпмын. Көңүлүм оорлой түштү. Эми эмне биз "кытай эмесмин" же "Уханга барган жокмун" деп кийимибизге жазып алалыбы?! Баса, мындай мамилеге экинчи ирет кабылып турам", — деп ачууланат Италиядагы мекендеш кыз.

Сеулдагы (Түштүк Корея) журтташыбыз YouTube каналынан жаңы типтеги вирустун эпидемиясынан кийин калаада кандай кырдаал экенин көрсөттү. Бул өлкө Сovid-19 коронавирусуна кабылгандардын саны боюнча Кытайдан кийинки сапта турат.

"Шаар тургундарын медициналык бет кап тагынуу жана жеке тазалыкка терең көңүл бөлүүгө тынымсыз үндөп келишет. Бет капсыз адамдарды көчөдөн дээрлик кезиктирбейсиз. Айрымдар коомдук транспортто кармагычтарга колун тийгизбөөгө тырышууда. Бул дагы ооруну жуктуруп алуудан коргонуунун ыкмасы. Бүтүндөй өлкө боюнча массалык иш-чараларды өткөрүүгө тыюу салынды, ири соода борборлору жабылды", — дейт кыргызстандык жигит.

Коронавирустун жайылышына байланыштуу басмырлоо башталганына Дүйнөлүк саламаттык сактоо уюмунун жетекчиси Тедрос Гебрейесус да көңүл бурууга чакырат.

"Көптөгөн адамдар өзүнүн жана жакындарынын саламаттыгына тынчсызданып жатканын түшүнүп турабыз. Бирок дискриминациядан алыс болуп, ушундай кыйын кезеңде ортоктош жана шериктеш бололу", — деп жазды ал Twitter баракчасына. 

Коронавирус кырдаалы

Жогорку Кеңештин депутаты Жыргалбек Турускулов. Архив - Sputnik Кыргызстан
Депутат: кырылып калабыз, Италиядан келген эки кишини карантинге албай коюшту
Кытайдын Ухань шаарында белгисиз типтеги пневмониянын күч алганы туурасында былтыркы жылдын декабрынын аягында анык болду. Бул ооруга кабылган алгачкы бейтап деңиз азыктары сатылган базардан жуктуруп алган. Дарттын козгогучу 2019-nCoV коронавирусу экени аныкталган, кийин анын аталышы COVID-19 болуп өзгөртүлдү. Дүйнөлүк саламаттык сактоо уюму вирустун күч алышын эл аралык маанидеги өзгөчө кырдаал деп таанып, дүйнөдө жаңы пандемия коркунучу туулганын жарыялаган.

Кыргызстан Кытай менен чек арасын жаап, аба каттамын да токтоткон. Ошондой эле республиканын бийлиги Иран, Кытай, Корея жана Япониядан келгендер үчүн милдеттүү түрдө карантин киргизди. Кыргызстанда өкмөттүн маалыматы боюнча коронавирус жуктургандар жок.

Соңку маалыматтарга ылайык, дүйнө жүзү боюнча коронавирус жуккан 82 170 учур катталып, 2804 киши каза таап, 32 898 бейтап сакайган.

Жаңылыктар түрмөгү
0