Кимге ишенебиз? Италиядан келип карантинге алынбаган аял окуянын чоо-жайын айтты

© REUTERS / ALY SONGМедициналык маска кийген кыз. Архив
Медициналык маска кийген кыз. Архив - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Бүгүн Жогорку Кеңештин жыйыны учурунда коронавирус жайылып жаткан Италиядан келген үч жаран карантинге алынбай, үйүнө жиберилгени белгилүү болгон. Кийин бул маалыматты Саламаттык сактоо министрлигинен тастыкташкан.

Мындан улам Sputnik Кыргызстан алардын бири менен байланышып, иштин чоо-жайын укту.

"Болонья — Стамбул — Бишкек каттамы менен 25-февраль күнү саат 3.00дө учуп келдим. 23-февраль күнү, мен Италияда жүргөндө коронавирус тарап жатканы тууралуу жаңылыктар айтыла баштаган", — деди атын атагысы келбеген келин.

Аялдын айтымында, аны аэропорттон медиктер тепловизор аркылуу текшерип, бирок карантин тууралуу эч ким сөз кылган эмес. Андыктан ал үйүнө кетип калган.

"Бүгүн өзүм үчүн текшерилип коеюн деп Республикалык жугуштуу оорулар ооруканасына барсам, ал жактан тамагымды карап, дене табымды текшерип гана коюшту. Тест тапшырайын десем, оорунун белгилери жок болсо тапшыртпайбыз дешти. Андан чыгып Санитардык-эпидемиологиялык көзөмөл департаментине барып тест тапшырдым", — деди ал.

Ал эми тесттин жыйынтыгын биздин макала жарыяланарына бир нече мүнөт калганда, үйүндө отурган жеринен алыптыр. Бактыга жараша, организминен коронавирус табылган эмес.

Ал эми Саламаттык сактоо министрлигинен ооруканада бул аялдан коронавирусту аныктоочу анализдер алынганын айтышкан.

Оорукана. Архив - Sputnik Кыргызстан
Кооптондурган коронавирус. Республикалык штаб билдирүү таратты
Мындан улам бир нече суроо пайда болуп, негизи эле эмне себептен бул адамдар карантинге киргизилбей, үйүнө жиберилгенине кызыгып көрдүк. Анткени 27-февралда кайрылган аял 13-24-февраль күндөрү Италияда болгону айтылат. Ал эми бул өлкөдө коронавирус жайылганы тууралуу маалымат 22-февралда тарап, ошол күнү 62 киши жуктурганы белгилүү болгон. 24-февралда оорулуулардын саны 157ге жетип, мектеп жана ЖОЖдордо сабактар токтотулган эле.

Экинчиден, эмне себептен буларды бир текшерип туруп эле кое беришкен? Дегеним Дүйнөлүк саламаттык сактоо уюму инкубациялык мөөнөт 14 күн деп белгилегени менен Кытайдын Саламаттык сактоо комитетинин интернетке тарап кеткен изилдөөсүнө караганда, инкубациялык учур 24 күнгө чейин болушу дагы мүмкүн.

Мисалы, Хубэй провинциясынан коронавирус жете элек аймагына кеткен тургун 27инчи күнү гана дене табы көтөрүлүп, вируска кабылганы белгилүү болгон. 

Ошондой эле Кытайдагы Сычуань провинциясында жашаган аялды тогуз ирет тесттен өткөргөндөн кийин гана коронавирусту араң аныкташканы маалым болбодубу.

Мындан улам саламаттык сактоо министринин орун басары Төлө Исаковго кайрылганыбызда, ал абалды мындай түшүндүрдү.

"Италия коронавируска байланыштуу кооптуу өлкөлөрдүн катарына 25-февраль күнү кечинде кирди. Ал эми ал жактан келген эки жаран ооруканага 25и күнү эртең менен кайрылышкан. Биз аларды мыйзам боюнча деле кармай албайбыз", — деди Исаков.

Бирок 27-февраль күнү кайрылган жаран эмне себептен карантинге киргизилбегени тууралуу так кесе жооп берген жок.

Хоккейчи. Архив - Sputnik Кыргызстан
Коронавирустан улам КРде өтө турган хоккей чемпионаты жылдырылды
Мындан соң министрликтин сунушу менен чет өлкөдөн келгендер кайрылган Республикалык жугуштуу оорулар ооруканасынын башкы дарыгери Гүлжигит Аалиев менен байланыштык.
Анын айтымында, үч адам тең чек арадан Италияны "кара тизмеге киргизүү" боюнча документке кол коюла электе өтүп кетишкен. Дарыгер бүгүн кайрылган жаран алгач Италиядан келгенин айтпаганын билдирди.

"Бизге аэропорттон түз атайын кызматтар алып келген жарандарды дароо текшерип, карантинге киргизип жатабыз. Ал эми бүгүн келген аял жөн гана анализ тапшырышым керек дептир. Италиядан келгени кийин белгилүү болду. Бирок өзү анализ тапшырып эле кетем деп туруп алды. Мындай учурда адамды мажбурлап жаткыра албайбыз", — деди Аалиев.

Мындан соң андан тиешелүү анализдер алынып, өзүн жакшы сезип жаткандыктан үйүнө жөнөтүлгөн экен. Үч киши тең үйүндө жергиликтүү үй-бүлөлүк дарыгерлер тарабынан көзөмөлдөнө турган болду.

Маалыматка караганда, ушул тапта Республикалык жугуштуу оорулар ооруканасында акыркы күндөрү Япония жана Түштүк Кореядан келген 11 жаран карантинден өтүп жатат.

Азыркы абал

Жогорку Кеңештин депутаты Жыргалбек Турускулов. Архив - Sputnik Кыргызстан
Депутат: кырылып калабыз, Италиядан келген эки кишини карантинге албай коюшту
Ушу тапта коронавирус жуктуруп алгандардын саны Кытайда 78 миңден ашты. Анын 2744ү көз жумса, 32 миңдейи айыгып кетти. Мындан тышкары, инфекция 44 мамлекетке жайылып, 3474 бейтаптын 54ү каза болду.

Кыргызстанда вирустун жайылышын алдын алуу максатында республикалык штаб түзүлүп, чек арадагы өткөрүү-көзөмөл пункттары күчөтүлгөн тартипте иштеп жатат. Азыркы учурда Кытай, Түштүк Корея, Иран, Япония жана Италиядан келген жарандар 14 күндүк карантинден өтүүдө.

Жаңылыктар түрмөгү
0