Дарыгерлер чуркап. Чемпионатта Жолдошбековдун көзүнүн жабыркаган учуру видеодо

© Фото / United World Wrestling / Kadir CaliskanЧемпионат Азии по борьбе в Нью-Дели
Чемпионат Азии по борьбе в Нью-Дели - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Алтын медаль ээси Жолдошбеков кечээ Бишкекке келип түшкөндө, 23-февралда ирандык балбан Дастан менен беттешип жатып көзүн жабыркатып алганы коомчулукка белгилүү болду.

БИШКЕК, 25-фев. — Sputnik. Индиядагы Азия чемпионатынан эркин күрөш боюнча алтын медаль уткан Улукбек Жолдошбеков беттештин биринчи бөлүгүнүн 3-мүнөтүндө көзүнөн жаракат алган. Бул туурасындагы видео интернет айдыңына тарады.

"Короче" Telegram каналына жарыяланды.

Ал 24-февралда Бишкекке келип түшкөндө, 23-февралда ирандык балбан Алмас Дастан менен беттешип жатып көзүн жабыркатып алганы коомчулукка белгилүү болду.

Эки балбан килем үстүндө кадимкидей эле кармашып жатат. Беттештин 3:20 мүнөтүндө ирандык спортчунун манжасы кыргызстандык балбандын сол көзүнө кирип кеткендигин көрүүгө болот. Бирок беттеш аягына чыккыча Улукбек чыдамдуулугун көрсөтүп, болжол менен бир нече секундага чейин килем бетинен кетпей кармашып атаандашын чийинден чыгарып силкип салып, анан көзүн алаканы менен калкалап, басып кеткен.

Андан сырткары, YouTube каналына жарыяланган видеодон спортчунун абалынан улам  дарыгерлердин кымгуут түшүп чуркап калганын, оюн бир нече мүнөткө токтогондугун көрүүгө болот.

Көз жабыркаса чемпионат бир тыйын экен! Улукбектин видеосу - Sputnik Кыргызстан
Көз жабыркаса чемпионат бир тыйын экен! Улукбектин видеосу
Болжол менен 1,5 мүнөттөн кийин ал кайрадан беттешке кайтып келген да, чыдамдуулугун көрсөтүп, атаандашын 4:2 эсебинде жеңип алган.

Андан кийин дагы бир нече ирет кармашып, финалга чыккан. Анткен менен оору жанын жегендиктен аз жерден башкы кармаштан баш тартууну ойлоп, бирок кармашып көрүүгө бел байлаган.

Бул туурасында ал өзү "Манас" эл аралык аэропортунда журналисттерге айтып берген.

"Иран балбаны менен күрөшүп жатканда көзүмө колун тыгып жиберип, көзүмдүн ичи айрылып кетти. Мелдештен чыгаралы деп, бирок агайлар бир айлампа күрөшүп көр дешти. Индус атаандаш менен кармашып, финалга чыктым. Ага да катыштырбай коелу дешти, бирок врачыбыз Бактыгүл Насыровна дары таап тамызып, бир аз жакшы болуп калып, финалда утуп алдым. Ушул беттеш мен үчүн абдан оор болду", — деген Жолдошбеков.

Учурда ал дарыланып жатат.

Анын көзүнөн кантип жаракат алгандыгын айтып берген видеосун бул жерден көрүүгө болот.

Жаңылыктар түрмөгү
0