Уулубуз көзүбүз көрбөгөнүнө уялчу. Бишкектеги өзгөчө жубайлардын баяны

© Sputnik / Табылды КадырбековГүлүм Касымова менен жолдошу Бактияр Мамбетказиев. Архив
Гүлүм Касымова менен жолдошу Бактияр Мамбетказиев. Архив - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Гүлүм Касымова менен жолдошу Бактияр Мамбетказиев "Биз — ата-энебиз" рубрикасынын алкагында майыптыгы бар экенине карабастан, иштеп ийгилик жаратып да, бала тарбиялап бакытка балкып да, айтор, толук кандуу кантип өмүр сүрө билгендери тууралуу айтып беришти.

Адам баласы толук бактылуу боло албайт экен. Дайым бир нерсеге же кимдир бирөөгө нааразы. Андыктан идеалдуу мамилени издештин кажети да жок. Жашооң жаркын болушу үчүн өзүңдү өзүңдөй жана айланаңды дал ошол калыбында кабылдаганың жетиштүү. Кыйынчылыктар болбой койбойт экен турмушта. Кол куушуруп, баары талкаланышына жол беребизби же күрөшүп, кыйынчылыкка багынбоого тырышабызбы? Баары биздин чечимибизге жараша...

Шыктандырып, дем-күч берип, өзүңүзгө болгон ишеничти күчөтүп жана кайсы бир нерселерге бөлөкчө кароого түртө турган "Өзгөчө түгөйлөрдүн" баянын назарыңыздарга сунуштап турабыз. Бакыт байлыкта эмес, эгер бир нерсе колдон келбей жатса, күнөөлүүнү издештин кажети жок. Ар таңдын атышын, күндүн батышын көрө билип, денибиз сак туруп деле кээде биз бакыттын даамын татууну унуткарабыз. Гүлүм менен Бактиярдан ошол биз унута түшкөн үйбүлөлүк бакубаттуулуктун формуласы бул. Бир көз чаптырыңыз.

— Бактияр, жубайыңыз чыгармачылык менен балдарды тарбиялоону кантип ийгиликтүү айкалыштырып келе жатат? Кыйналбайбы?

— Эң мыкты эне. Качан жана кайда болбосун, ал өзүн кандай болсо ошондой алып жүрөт. Ырчылык чыйыры кафеде ырдоо менен башталды. Ошондо бир балалуу болуп калганбыз. Ал ырдайт, мен сахнанын аркасында баланы көтөрүп алып күтчүмүн. Бир жакка барышы керек болсо, эч качан ага жолтоо болбойм.

© Sputnik / Табылды КадырбековБактияр Мамбетазиев: Биздин коомдо көзү азиз болсо эле, демек, алсыз, өзү эч нерсе кыла албаган, үйдө же бала тарбиялоодо дайым бирөө жардам берет деп ойлошот. Андай эмес экенин күн сайын далилдеп жашайм.
Уулубуз көзүбүз көрбөгөнүнө уялчу. Бишкектеги өзгөчө жубайлардын баяны - Sputnik Кыргызстан
Бактияр Мамбетазиев: Биздин коомдо көзү азиз болсо эле, демек, алсыз, өзү эч нерсе кыла албаган, үйдө же бала тарбиялоодо дайым бирөө жардам берет деп ойлошот. Андай эмес экенин күн сайын далилдеп жашайм.

— Гүлүм, өзүңүз тууралуу айтып берсеңиз. Музыка жана ырга болгон кызыгууңуз кандайча жаралды?

— Тубаса азизмин. Көрүү нервинин атрофиясы. Жети жашымда ата-энем борбор калаадагы азиз жана начар көргөн балдар окуган атайын мектепке берген. Бала чагымдан бери ырга кызыкчумун. Мектептеги концерттерге, ыр сынактарга катышчумун. Кыялдар орундалат демекчи, мектепти аяктаганда музыкалык мектепке тапшырып өтүп кеттим.

Диагноз өкүм эмес деп эсептейм. Өзүмдү кандай жаралсам, ошондой кабылдайм. Тескерисинче, менин диагнозум мага күч берет, алдыга умтулууга, жашоого, балдарымды башкалардай, ал түгүл, андан да мыкты тарбиялоого шыктандырат.

— Менимче, көпчүлүгүбүз өзүбүздү кандай болсок, ошондой кабылдоону билбейбиз. Турмушта коомдогу кандай көндүм пикирлер менен күрөшүүгө туура келет?

Логопед-дефектолог Айзада Нурланова - Sputnik Кыргызстан
Балдар менен ар кыл тилде сүйлөшкөн болбойт. Логопед-дефектолог менен маек
— Биздин коомдо көзү азиз болсо эле, демек, алсыз, өзү эч нерсе кыла албаган, үйдө же бала тарбиялоодо дайым бирөө жардам берет деп ойлошот. Андай эмес экенин күн сайын далилдеп жашайм. Үйдө тамак жасайм, үй жыйнайм, күйөөмдү карайм, кийимдерин жууйм, үтүктөйм. Тун чүрпөбүз төрөлгөндө, албетте, оор эле болгон, себеби андай маалда ар бир аял тажрыйбасынын жоктугунан кыйынчылыктарга кабылат. Ымыркайга башта кол тийгизгенден чочулайсың, муну бардык энелер да тастыктаса керек. Ошол убакта бизге кайненем аябай жардам берди. Ал мага баланы жуунтканды, жалаягын алмаштырганды үйрөттү. Кийин өзүм эптештирип кеттим. Экинчи балабызда жеңилирээк болду, жолдошум экөөбүз эле бактык.

— Кош бойлуулук кандай өттү?

— Жеңил өттү, талгак болгон жокмун, күйөөмдү да, жакындарымды да кыйнаганым жок. Өзүм табиятымдан абдан шайдоот жанмын, балким бул дагы таасир этти көрүнөт. Көз жарганча иштедим. Ресторан жана кафелерде ырдачумун ал кезде. Уулум 15-апрелде төрөлгөн, андан эки күн мурун — 13-апрелде эле ырдап чыккам. Мындай активдүүлүгүм кош бойлуулукту тынч көтөрүп, жеңил көз жарууга жардамы тийди окшойт.

© Sputnik / Табылды КадырбековГүлүм Касымова: Тубаса азизмин. Көрүү нервинин атрофиясы. Жети жашымда ата-энем борбор калаадагы азиз жана начар көргөн балдар окуган атайын мектепке берген. Бала чагымдан бери ырга кызыкчумун. Кыялдар орундалат экен, мектепти аяктаганда музыкалык мектепке тапшырып өтүп кеттим.
Уулубуз көзүбүз көрбөгөнүнө уялчу. Бишкектеги өзгөчө жубайлардын баяны - Sputnik Кыргызстан
Гүлүм Касымова: Тубаса азизмин. Көрүү нервинин атрофиясы. Жети жашымда ата-энем борбор калаадагы азиз жана начар көргөн балдар окуган атайын мектепке берген. Бала чагымдан бери ырга кызыкчумун. Кыялдар орундалат экен, мектепти аяктаганда музыкалык мектепке тапшырып өтүп кеттим.

— Үйлөнүү чечимиңиздерди жакындарыңыздар кандай кабыл алды эле?

— Биздин баш кошконубузду алгач жактырышкан эмес. Ар бир эне өз уулуна эң мыкты колукту издейт. Адегенде кайненем мага өтө этият мамиле кылып жүрдү. Башкалардагыдай эле бизде да кыр көрсөтмөй убактар баштан өттү. Жаңы үй-бүлөгө көнө албай кыйналдым. Бирок азыр баары жакшы. Кайненем экөөбүз бири-бирибизге көндүк, мамилебиз да абдан жакшырды. Ал мага, мен ага ишенем. Бир жакка жолго чыксам, балдарымды багып, күйөөмө каралашып турууга аны чакырам. Ал үйдө болгондо менин көңүлүм ток, санаам тынч, анткени кесиби боюнча медик, балдарды да жакшы карайт.

Белгилүү дизайнер, мода боюнча бир катар долбоорлордун автору жана ишкер айым Замира Молдошева - Sputnik Кыргызстан
43 жашында биринчи жолу көз жарган Замира Молдошева: эми да төрөөгө даярмын!
Бактияр: — Дегеле менин үйлөнүшүм боюнча маселеге апам абдан кызганыч менен караган. Кыздар менен тааныштырсам эле алар мага татыксыз экенин айта берчү. Мен үй-бүлө курууну аябай самачумун, ошондуктан биздин бул боюнча сөзүбүз кээде уруш менен бүтчү. Ошого карабай үйлөнүп, Гүлүм менен бирге жашай баштаганыбызда апам, албетте, аны дароо кабыл алган жок. Жубайым жумшартып "кыр көрсөтмөй" деп сүрөттөп жатпайбы, апам кадимкидей эле урушчу келинин. Аялымдын ошондогу көтөрүмдүүлүгүнө алигүнчө таң берем. Баарына чыдады.

— Экөөңүздөрдүн ортоңуздардагы түшүнүшүү го өзүнчө сөз, балдар менен бул боюнча кыйынчылык жаралбайбы?

Бактияр: — Балдарыбыз эч кынтыксыз сезилет мага. Чыр салышпайт дегеле. Мындай балдар башкаларга караганда эрте жетилет окшобойбу. Бизге кичинекей кездеринен бери көмөктөшүшөт, өз алдынчалуулукка көнүшкөн. Окуганды да, эсептегенди да тез үйрөнүшкөн.

© Sputnik / Досхан НусупбековМамбетказиев: Балдарыбыздын таза, тыкан жүрүшү биз үчүн абдан маанилүү, себеби бала бакчада же мектепте "булардын ата-энесинин көзү көрбөйт, ошондуктан булар ушундай кир жүрүшөт" дешкенин каалабайт элек.
Уулубуз көзүбүз көрбөгөнүнө уялчу. Бишкектеги өзгөчө жубайлардын баяны - Sputnik Кыргызстан
Мамбетказиев: Балдарыбыздын таза, тыкан жүрүшү биз үчүн абдан маанилүү, себеби бала бакчада же мектепте "булардын ата-энесинин көзү көрбөйт, ошондуктан булар ушундай кир жүрүшөт" дешкенин каалабайт элек.

Гүлүм: — Ооба, биз эң жөнөкөй иштерде да өз балдарыбыздан жардамдашып коюуну өтүнөбүз. Мисалы, бут кийимди берип же кайсы бир буюмду таап берүүлөрүн суранабыз. Алар бизге автобус, маршруткалардын номерлерин айтып беришет. Балдар менен көп баарлашып, көп нерселерди түшүндүрөбүз. Биздин балдардын өзгөчөлүгү — ата-энесинин бөтөнчөлүгү. Алар муну кенедейинен эле түшүнүшөт. Бир нерсени билүү үчүн кармалап көрөбүз, алар бизге мындайда да жардамга келишет. Кээде күлкүлүү да учурлар болот: телевизор же телефондон бир нерсени көрүп отурушуп эле "кармалап көрсөң, кандай кооз" деп коюшат. Күлкүмдү тыйып колумду тийгизе "кооз экен" деп коем. Же кичүү уулубуз чуркап келип: "Карачы, мен жасабадымбы" дейт. Эгер колум бошобой, кармалай албасам, анын оюнда денемдин кайсы бөлүгү болбосун тийгизип койсо, карап көргөн болом. Ошондой учурлар жылмайтпай койбойт. Балдарыбыз менен мамилебиз өзгөчө.

Баланы эмдөө. Архив - Sputnik Кыргызстан
Эмдөөнүн эч бир түрү аутизмге алып келбейт. Вакцинация тууралуу адистин маеги
Бирок тун балабыз биздин азиздигибизден уялган убагы да болгон. Класс жетекчиси бизге чоң жардам берди. Ал мени класска чакырып, балдарга менин жетишкендиктерим тууралуу айтып берди. Эл аралык сынакта жеңүүчү болгон убагым эле. Нурсултандын апасы деп тааныштырып, сынакта өлкөбүздүн намысын коргогонумдан баян этти. Ошондон кийин уулум мени менен сыймыктанып, чыгармачылыгыма кызыгып калды. Youtube каналынан видеолорумду издеп, таап алып кубанат. Көчөдөн элдин мени тааныганына жетине албай калат. Балдарыбызды эч качан урушпайбыз, өз эркине коюп, алардын да пикирине кулак салабыз.

— Балдарга тарбия берүүдө сиздер үчүн эмне маанилүү жана принципиалдуу маселе?

Бактияр: — Балдарыбыздын пикирин сыйлайбыз. Бир жакка баратканыбызда да кандай кийинүүнү өздөрү чечишет. Бир нерсе сатып алууда да алар менен кеңешебиз. Дайым таптаза, тыкан жүрүшү биз үчүн абдан маанилүү, себеби бала бакчада же мектепте "булардын ата-энесинин көзү көрбөйт, ошондуктан булар ушундай кир жүрүшөт" дешкенин каалабайт элек. Биздин чүрпөлөрүбүзгө коом өзгөчө көз салып турат. Андыктан аларды тазалыкка жана кичинекейинен баштап өз алдынча болууга үйрөтөбүз. Эртең кийчү кийимдерин бүгүн кечтен тарта даярдап, бут кийимдерин тазалап коюшат.

Гүлүм: — Балдар менен үйдөгү иштерди бирге аткарууга аракет кылабыз. Мисалы, улуу балам үйдө мага чоң көмөкчү. Тамак жасоону жакшы көрөт, дасторкон жаят, жумуртканы заматта эле кууруп, салатты туурай салат. Менимче, чогуу эмгектенүү ата-эне менен балдарды абдан жакындаштырат.

© Фото / предоставлено Гулум КасымовойГүлүм Касымова: Класс жетекчиси бизге чоң жардам берди. Ал мени класска чакырып, балдарга менин жетишкендиктерим тууралуу айтып берди. Эл аралык сынакта жеңүүчү болгон убагым эле. Нурсултандын апасы деп тааныштырып, сынакта өлкөбүздүн намысын коргогонумдан баян этти. Ошондон кийин уулум мени менен сыймыктанып, чыгармачылыгыма кызыгып калды.
Уулубуз көзүбүз көрбөгөнүнө уялчу. Бишкектеги өзгөчө жубайлардын баяны - Sputnik Кыргызстан
Гүлүм Касымова: Класс жетекчиси бизге чоң жардам берди. Ал мени класска чакырып, балдарга менин жетишкендиктерим тууралуу айтып берди. Эл аралык сынакта жеңүүчү болгон убагым эле. Нурсултандын апасы деп тааныштырып, сынакта өлкөбүздүн намысын коргогонумдан баян этти. Ошондон кийин уулум мени менен сыймыктанып, чыгармачылыгыма кызыгып калды.

— Бактылуулук формулаңыздар менен бөлүшсөңүздөр. Сиздерди бекем, бирдиктүү туткан нерсе эмне?

Бактияр: — Майда-барат нерселерди этибарга албай, бири-бирибиздин айтканыбызга көнөбүз. Менин мүнөзүм өтө катаал, ошондуктан көбүнесе жубайым менин айтканыма көнөт (күлүп).

Гүлүм: — Ооба, жубайлар бири-биринин айтканы менен болуп, эриш-аркак жашашы зарыл. Жаңжал жаралчудай жагдайларда жооп кайтаргандан көрө унчукпай койгон оң. Бара-бара байланыш бекемдейт, анан ойлоруң бир жерден чыга баштайт.

— Бактияр, жубайыңыздын ийгиликтерине кандай карайсыз, жигиттик менменсинүү ойгонуп кетпейби?

— Биздин коомдо эркектер аялдарынын жетишкендигин көрө албайт, көбүрөөк акча тапса, андан бетер кабылдагысы жок. Бул болбогон пикир. Биз бир үй-бүлөбүз, ошондуктан мунун жаман нерсеси жок. Менимче, аялын кызганып, тыюу сала берген киши өзүнө өзү ишене бербейт.

— Жаңыдан баш кошкон түгөйлөргө, биздин окурмандарга кандай калоо-тилек айтар элеңиздер?

Актриса, блогер и телеведущая Назира Айтбекова - Sputnik Кыргызстан
Назира Айтбекова: уулума ата тарбиясы жетпей жатат
Бактияр: — Арзышкан түгөйлөр баш кошуп, дайым сый мамилени сактап, бири-бирин баалап жашашсын. Жигиттер "мен күйөөңмүн, мен башкарам" дебеши керек. Азыр доор бөлөк. Албетте, биздин жоопкерчилигибиз көбүрөөк, көп нерсе биздин аракетибизге жараша. Аялдын опсуз назына көңүл бөлбөөгө чакырар элем. Андан көрө каалаганын орундатып кой, колуңдан келбесе, тамашалардан айтып жөн гана көңүлүн көтөрүп кой. Аялың менен жаңжалдашкандын кереги не, ал сенин эң жакын адамың эмеспи.

Гүлүм: — Бири-бириңерге болгон сүйүүнү кемитпегиле, кубаныч тартуулагыла, жүрөгүңөрдү ачкыла. Кандай нерсе болсо да жеңил кабыл алып, илгери үмүт жана жылмаюу менен карасаңыз, жашоо жеңилдей түшөт. Себеби баарына олуттуу карай берсең, жашооңду өзүңдөн өзүң татаалдантасың.

"Биз — ата-энебиз" — ата-эне болуу бактысы жана тарбия туурасындагы социалдык долбоор. Рубриканын максаты — үй-бүлө куруу, кош бойлуулукту пландоо жана төрөткө камынуу, балдарды зордук-зомбулуксуз тарбиялоого жоопкерчиликтүү мамиле кылуу жөнүндө калктын маалымдуулугун арттыруу. Кыргызстандыктардын ата-энелик вазыйпасы боюнча кызыктуу окуялардан баян салып, кеп-кеңешин аябаган профилдик адистер (акушер-гинеколог, педиатр, диетолог жана психологдор) менен курган маектерди жарыялап турмакчыбыз.

Жаңылыктар түрмөгү
0