БИШКЕК, 11-фев. — Sputnik. Катаал аба ырайына байланыштуу Чүй милициясы айдоочуларды каршы тилкеге чыкпай, аралыкты сактоого чакырды.
Кар жааганына байланыштуу инспекторлор Чүйдүн аймагында, Төө-Ашууда кызмат өтөп жатышат. Мындан сырткары, жолдорго 175 тонна кум төгүлүп, 25 атайын техника иштөөдө.
Ал эми 25 жумушчу Бишкек — Ош жолундагы 60-чакырымдан 209-чакырымга чейинки аралыкты кардан арылтууда.
Эске салсак, буга чейин ӨКМ шашылыш билдирүү тараткан. Ага ылайык, 10-11-12-февралда аймактарда кар жаап, күн сууктайт.