"Кылым келишими" Трамп менен Нетаньяхуга, башкысы Россияга чоң жардам берет

© REUTERS / Joshua RobertsВизит премьер-министра Израиля Биньямин Нетаньяху в Вашингтон
Визит премьер-министра Израиля Биньямин Нетаньяху в Вашингтон - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
АКШнын "кылым келишими" кандай кабыл алынганын жана документ жар салынгандан кийин геосаясий абал кандай өзгөрөрү тууралуу россиялык баяндамачы Ирина Алкснис ой бөлүштү.

Расмий билдирүү боюнча, Израилдин премьер-министри Биньямин Нетаньяху Москвага болгон сапары учурунда РФ президенти менен кылым келишимин талкууламак. Бирок эки лидердин сүйлөшүүсүнүн аки-чүкүсү ачыкталган жок, ал эми Кремль АКШнын палестина-израилдик маселени жөнгө салуу боюнча планын талкуулоо уланып жатканын белгиледи.

Бирок эксперт менен байкоочулардын басымдуу бөлүгү иш жүзүндө Израилдин премьери Москвага Наама Иссахарды кайтаруу үчүн барганын айтышууда. Бул ага өлкө ичиндеги рейтингин бир топ жогорулатууга чоң мүмкүнчүлүк болмок, ал эми 2-мартка дайындалган шайлоого аз убакыт калганын эске алсак, саясатчы үчүн абдан актуалдуу кадам эле.

XVII чемпионате мира по водным видам спорта в Будапеште - Sputnik Кыргызстан
Украинадай союздашы бар Россияга душмандын кереги жокпу? Ой толгоо
Бир топко чейин Израиль менен Россиянын алакасына доо кетирип келген Иссахардын иши оңунан чечилди окшойт. Бирок бул жагдайдын өзү Американын Израиль-Палестина маселесин жөнгө салуу демилгесине караганда алда канча артыкчылыктуу. Мындан улам "кылым келишиминин" келечеги кең экенин боолголоого болот.

Шейшемби күнү Ак үйдүн сайтында саясий жана экономикалык бөлүктөн турган 180 беттүү документ жарыяланды. Ошол эле күнү Дональд Трамп да сунуштарын айткан. Демилге, жумшартып айтканда, сынга кабылды. Америка президентинин сунушу суу кечпей турганын түшүнүү үчүн Жакынкы Чыгыш жана Палестина боюнча эксперт болуунун деле зарылдыгы жок. Болгону Трамп "кылым келишими" тууралуу Нетаньяху отурганда жана Палестинанын өкүлдөрү жокто айтканын эстегенибиз жетиштүү болот. Мындан тышкары, АКШ лидери Израилди колдогон твитин да жарыялап жиберди.

Эми сунуштардын өзүнө келели. Ага ылайык, түзүлүп жаткан Палестина мамлекети Иерусалимге болгон ниетинен толугу менен баш тартып, өз чек арасын, деңиз жана аба мейкиндигин көзөмөлдөө укугунан ажыратылат. Андан сырткары, америкалыктар палестиналыктар үчүн көйгөйлүү болгон качкындар маселесин кулак сыртынан кетирип коюшту. Башкача айтканда, документ менен үстүртөн таанышкан деле адам ал палестиналык тарап үчүн таптакыр ылайыксыз экенин түшүнөт. Ал эми андагы кемсинтип, басынткан пункттарды карасак, авторлор мындай кадамга атайылап баргандай элес калтырат.

Ошондой эле болду. Палестина президенти Махмуд Аббас сунуштан дароо баш тартып, аны кутумчулук деп атоо менен БУУнун Коопсуздук кеңешине резолюция киргизерин айтты. Түркия "өлүү төрөлгөн документ" деп атаса, Иран "дүйнө жана аймак үчүн коркунучтуу түш" деди.

Россия токтоолук кылды. Документтеги кемчиликтер белгиленип, БУУдагы туруктуу өкүл Василий Небензя америкалыктар түзгөн картада Голан бийиктиги Израилге караштуу болуп калганын, ал эми БУУ бул үстөмдүктү тааныбай турганын эскертти.

Флаги стран США и Ирана - Sputnik Кыргызстан
Чийинден чыгып кетишти. АКШ менен Ирандын тиреши күч алабы?
Москванын мындай реакциясы мыйзам ченемдүү, анткени Россия түзүлгөн кырдаалдын стратегиялык бенефициары болуп саналат.

"Кылым келишими" ишке ашпай турганы дээрлик баарына айкын болгондуктан бир суроо жаралат: Трамп мунун баарын эмнеге баштады? Бир нече версия бар.

Америкалык президент мындай кадамы менен алдындагы маселелерди чечүүгө аракет жасоодо. Foreign Policy журналынын жазганына караганда, Ак үйдүн ээси сунушталган планды "өзүнүн жана Израиль премьер-министринин шайлоо кампаниясына" айлантып жиберген. Ал эми The New York Times эки лидердин тең баш ооруткан жагдайын атап берди: Трампка карата импичмент процесси жана Нетаньяхунун пара алуу боюнча күнөөлөнүп жатышы.

Мындан улам Ак үй ушул сыяктуу маселелерин чечүү үчүн стратегиялык ресурсун пайдаланып салды, башкача айтканда, АКШнын державалык салмагы жана Жакынкы Чыгыш регионундагы эң таасирдүү деген макамы колдонулду. Америкалыктар билип туруп эле жүзөгө ашпай турган сунуштарды айтып чыгышты. Бул Вашингтондун стратегиялык жактан маанилүү делген багыттагы дагы бир утулушу. Анын үстүнө Ак үй көз карандысыз ортомчу жана арбиртликтен ачык эле баш тартып койду. Ансыз деле АКШнын бул милдеттери жасалма экени белгилүү, Американын Израилге ыктап турган позицияны карманса да эл көзүнө өзүн калыс, адилеттүү көрсөтүп келген.

Натыйжада "кылым келишиминин" айланасындагы абал кызыкдар тараптар тарабынан АКШнын геосаясий жактан алсызданышы катары кабыл алынат.

Концлагерь туткундары. Архив - Sputnik Кыргызстан
Коюн-колтук алышкан антисемитизм менен русофобия. Холокост тууралуу ой-толгоо
Албетте, колдон келбес иш болбойт. АКШ Жакынкы Чыгыш сыяктуу талуу аймактын өкүлдөрү менен тил табыша албаса, көшөрө бир иштин аягына чыга албаса, ошенте турган күч табылат. Азыр болуп жаткан нерсенин баары Москва АКШнын мойнунда болуп келген геосаясий функцияларды аткарууга жөндөмдүү экенин көрсөттү.

Албетте, бул Трамп үчүн Кремлдин ишине доомат артууга дагы бир негиз болор, бирок бул Россиянын баш оорусу эмес экени анык.

Жаңылыктар түрмөгү
0