БИШКЕК, 28-янв. — Sputnik. Кытайда коронавирустун жаңы тиби менен ооругандардын саны 4515ке жетип, анын ичинен 106 киши каза тапты. Бул туурасында РИА Новости жазды.
Кечээ күндүзгү расмий маалымат боюнча көз жумгандар 80 болсо, илдет жуктургандардын саны 2744 эле. Мындайча айтканда, бир суткада вируска 1771 киши кабылып, 26 өлүм катталган (Хубэй провинциясында — 24, Пекинде бирөө, Хайнань провинциясында бирөө).
Мындан сырткары, ак халатчанар 6973 адамды вирус жуктуруп алышы мүмкүн деп текшерип, дагы 44132 кишиге байкоо салууда.
Эске сала кетсек, 2019-жылдын декабрь айынын аягында Ухань шаарында белгисиз өпкө оорусу жайылып баратканы байкалган. Адистер дарттын козгогучу коронавирустун 2019-nCoV деп аталган жаңы тиби экендигин боолголошкон. Ал Кытайдан тышкары Азия өлкөлөрүндө жана АКШ, Францияда катталды.
Кыргызстанда бардык чек ара пункттарында санитардык-карантиндик көзөмөл күчөтүлүп, "Манас" жана "Ош" аэропортторуна тепловизор коюлган. Ошондой эле өкмөт 23-январдан тарта Кытай менен бардык аба жана автоунаа каттамдарын токтотууну чечти.