Коронавирустун очогу Уханда жашаган кыргыз кыз: интернеттегинин баары чын эмес

© AFP / Hector RETAMALРаспространение коронавируса нового типа в Китае
Распространение коронавируса нового типа в Китае - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Кытайда жаңы типтеги коронавирус илдети жайылып, дүйнө элин тынчсыздандырууда. Мындай коркунучтуу оору аба аркылуу жана адамдан адамга жугары айтылды. Мунун кесепетинен соңку маалымат боюнча каза тапкан адамдардын саны 80ге жетип, 2800дөй киши ооруп жатат.

Кыргызстандын тышкы иштер министринин орун басары Нуран Ниязалиев сөз болуп жаткан Ухань шаарында учурда 15 кыргызстандык (14 студент, бир ишкер) жашап жатканын билдирди. Бактыга жараша, алардын эч кимисине оору жуккан эмес. Ниязалиевдин айтымында, буга чейин ал жакта Кыргызстандын 50 жараны болгон. Жаңы жылдан кийинки каникулда көбү мекенине жана башка шаарларга чыгып кеткен.

Sputnik Кыргызстандын кабарчысы азыркы тапта Ухань калаасында жашап жаткан кыргызстандык студент Айко Мамбеталиева менен баарлашып, кандай күндү баштан кечирип жатканын сурады. Ал Кытай борбордук классикалык университетинде 4-курста окуйт.

Посмотреть эту публикацию в Instagram

Публикация от 𝚂 𝙰 𝚃 𝚄 𝚁 𝙽 𝚌𝚑𝚒𝚕𝚍 🪐 (@aiko_mood)

— Шаарда кырдаал кандай болуп жатат?

Девушка говорящая по стационарному телефону - Sputnik Кыргызстан
Бишкекте коронавирус боюнча суроолорго жооп берген телефондор иштей баштады. Номерлер
— Учурда абал туруктуу, тынч, карантин эрежелерин сактап жатабыз. Адамдар мүмкүн болушунча көчөдө жүрбөгөнгө аракет кылууда. Чыкса да азык-түлүк алганы эле барышат. Карантин жарыяланган күндөн тартып студенттик жатаканадан баш көтөрбөй жатам. Азык-түлүк жана башка керектүү нерселерди дүкөндөн буюртма берип алдырам. Биринчи беш күндө эч жакка чыккан жокмун, азыр көчөдө жүрүү анча коркунучтуу болбой калды.

— Жугуштуу вирус тууралуу маалымат тарагандан кийин чынында эле шаар бош калдыбы?

— Калаанын бош калышы, биринчиден, кытайлардын Жаңы жыл майрамы менен байланыштырсак болот. Бул убакта жергиликтүүлөр башка шаарларга жана провинцияларга кетет. Айрым бөлүгү чек ара жабылып чыгып кетүүгө жетишпей калган. Мен бул жерде төрт жылдан бери жашайм, ушул учурда калаанын бош калышы адаттагыдай эле көрүнүш. Бирок вируска байланыштуу көчөдөгү адамдардын саны кескин азайып кетти. Эл үйдөн чыкпай эле отурат.

Посмотреть эту публикацию в Instagram

Публикация от 𝚂 𝙰 𝚃 𝚄 𝚁 𝙽 𝚌𝚑𝚒𝚕𝚍 🪐 (@aiko_mood)

— Кафе менен супермаркеттер иштеп жатабы?

— Азыр көптөгөн супермаркеттер ачылып, азык-түлүк кенен. Соцтармакта жазгандай ачка калгандар жок. Айрым оюн-зоок имараттары жана коомдук тамактануучу жайлар жабык турат.

— Ооруну жуктуруп албаш үчүн кантип коргонуп жатасыздар, университетте кандай чаралар колдонулууда?

— Окуу жайдан баарыбызга бет кап, самын жана күн сайын дене табын текшерип туруу үчүн танометр беришти. Ар таңда бөлмөлөргө дезинфекциялоочу каражаттарды чачып турушат.

Кечээ акысыз тамак берген ашкана ачылды. Алар жаныбыздагы университеттин студенттерине да тамак-аш жеткиришүүдө. Окуу жайдын жетекчилиги студенттерге аябай камкордук көрүп жатканын айткым келет. WeChat мессенджери аркылуу студенттер мугалимдер жана кураторлор менен тынымсыз байланышта болууда.

Посмотреть эту публикацию в Instagram

Публикация от 𝚂 𝙰 𝚃 𝚄 𝚁 𝙽 𝚌𝚑𝚒𝚕𝚍 🪐 (@aiko_mood)

— Адамдар турган жеринен жерге кулап жаткан видео жана шаарды зомби-апокалипсиске айланды деп соцтармакта тарап жаткан кабарга канчалык ишенсе болот?

— Үрөй учурган видеолордун баары фейк. Анчалык жүрөк үшүн алган учурлар байкалбай эле. Муну менен кимдир бирөөлөр элди дүрбөлөңгө түшүргүсү келип жатат деп ойлойм.

Коопсуздук кеңешинин катчысы Дамир Сагынбаев Манас эл аралык аэропортунда жана Ак-Жол көзөмөл-өткөрүү пункттарындагы коронавирус илдетин алдын алуу жана аныктоо иштери менен таанышты - Sputnik Кыргызстан
Коронавирустан коргонуу: Дамир Сагынбаев аэропорт менен чек араларды текшерди
Өлкө жетекчилиги илдетти ооздуктоо үчүн болгон күчүн жумшоодо. Бейтаптарды дарылоо шарттарын жакшыртуу үчүн жаңы оорукана салып жатат. Аны рекорддук мөөнөт менен алты күндүн ичинде куруп бүткөрүү пландалганын уктук. Ачылышы 2-февралда өтүп, 1000 адамды кабыл алууга даяр болот экен.

Элге үмүт берген жагымдуу кабарлар акырындап чыга баштады. Кечээ Кытайдын Оорулардын алдын алуу жана көзөмөлдөө борбору коронавируска каршы вакцина ойлоп табуунун үстүндө иштеп жатканы айтылды.

COVID-19

2019-жылдын декабрь айынын аягында Кытайдын Ухань шаарында белгисиз өпкө оорусу жайылып баратканы байкалган. Оору деңиз азыктарын саткан базардан тараган. Адистер дарттын козгогучу коронавирустун 2019-nCoV деп аталган жаңы тиби экендигин боолголошкон.

Жаңылыктар түрмөгү
0