Матраимовдор "24.kg" агенттигине койгон доосун чакыртып, себебин сотко түшүндүрдү

© Sputnik"24.kg" агенттигинин сайты. Архив
24.kg агенттигинин сайты. Архив - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Бир тууган Матраимовдор жана алардын жубайлары үч ЖМК менен бир журналистке доосун койгон. Алар моралдык чыгым катары 60 миллион сом өндүрүүнү талап кылган, бирок бүгүн алар агенттиктердин бирине карата чечимин өзгөртүштү.

БИШКЕК, 27-янв. — Sputnik. Матраимовдордун үй-бүлөсү "24.kg" агенттигине койгон 15 миллион сом доо арызын артка чакыртып алды. Маалыматты Бишкектин Свердлов райондук сотунун маалымат кызматынан тастыкташты.

Бүгүн, 27-январда, алардын бири сот кеңсесине кайрылып, "24.kg" агенттигине карата 15 миллион сомдук доо арызды артка кайтаруу боюнча арыз жазган. Аталган билдирүү иш материалына кошулган.

АКШ долларлары. Архив - Sputnik Кыргызстан
Саймаити чуусу: Улуттук банк шектүү акча которуулар тууралуу 14 жолу кабарлаган
Буга чейин сот ишти кароону кийинкиге жылдырганын билдирген. Ага эки тарап чырды тынчтык жолу менен чечиши мүмкүн деп макулдашышы себеп болгон.

Арыз берүүчү белгилегендей, маалымат агенттиги Матраимовдордун үй-бүлөсү тууралуу жарыялаган маалыматтарга далили жок экендигин моюндап, өз ыктыярлары менен маалыматты төгүндөгөн жаңылык жазышкан.

"24.kg" агенттигинин сайтында былтыр 22-ноябрда "Контрабандалык схемалар Райым Матраимовдордун кланына алып барууда. Журналисттердин иликтөөсү" аталышындагы маалымат чыккан.

"Райым Матраимов тууралуу жазылган жаңылыкка редакциянын далили жок. Аталган материалды берип жатканда "Азаттык" менен "Kloop" агенттигинин иликтөөсүнө таянганбыз. "24.kg" сайты өзү иликтөө жүргүзгөн эмес. Ошондой эле андагы маалыматтарга ээ эмес", — деп айтылат маалыматта.

Матраимов менен ЖМКлардын иши боюнча кийинки сот отуруму 29-январга белгиленди.

Эске сала кетсек, бир туугандар Искендер жана Райым Матраимовдор, алардын жубайлары Миновар менен Уулкан Матраимовалар сотко арыз жазышкан. Анда доогерлер "Азаттык" радиосу, "Клооп" басылмасы жана "24.kg" маалымат агенттигинен, ошондой эле журналист Али Токтакуновдон моралдык чыгым өндүрүп берүүнү суранып, ар намысын жана кызматтык репутациясын коргоп берүүнү өтүнүшкөн. Матраимовдордун койгон доосунун жалпы суммасы 60 миллион сомду түзгөн.

Окуянын чоо-жайы

Сөгүп жатам! Жээнбековдун бажыдагы коррупция жана Матраимов боюнча жообу. Видеоо - Sputnik Кыргызстан
Сөгүп жатам! Жээнбековдун бажыдагы коррупция жана Матраимов боюнча жообу. Видео
2019-жылдын ноябрь айынын аягында Кытайдан ташылган аткезчилик боюнча бир нече ЖМКнын биргелешкен иликтөөсү жарыяланган. Анда бир тууган Матраимовдор, атап айтканда, Бажы кызматынын төрагасынын мурдагы орун басары Райым Матраимовдун ишкер Хабибула Абдукадыр менен иш кылганы баяндалат. Материал 10-ноябрда Стамбулда өлтүрүлгөн ишкер Айэркен Саймаитинин көрсөтмөлөрүнө негизделген. Саймаити бир нече жыл ичинде Кыргызстандан 700 миллион доллардан ашык каражатты чыгарып кеткенин айтып берген. Ишкер өлөр алдында журналисттерге коррупциялык схемалар тууралуу билдирип, аларды далилдей турчу документтердин көбүн берип, айрымына үлгүрбөй калган.

25-ноябрда Бишкек менен Каракол шаарында коррупцияга каршы митинг өтүп, уюштуруучулар Райым Матраимовдун кармалышын талап кылышкан.

Жаңылыктар түрмөгү
0