Саймаити чуусу: Улуттук банк шектүү акча которуулар тууралуу 14 жолу кабарлаган

© AFP / ERNESTO BENAVIDESАКШ долларлары. Архив
АКШ долларлары. Архив - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Учурда ишкер Саймаитинин өлүмү жана Кыргызстандан чыгарылган акчалар боюнча парламенттик комиссиянын жыйыны болуп жатат.

БИШКЕК, 21-янв. — Sputnik. Улуттук банк Айэркен Саймаити менен "Абдыраз" ЖЧКсынын акча которууларынан шектенүүгө негиз бар экенин кабарлап 14 жолу кат жиберген. Бул туурасында Улуттук банктын төрагасы Толкунбек Абдыгулов Саймаитинин өлүмү боюнча түзүлгөн парламенттик комиссиянын жыйынында билдирди.

Абдыгуловдун айтымында, 2012-жылдан 2018-жылга чейин Финансылык чалгындоо кызматына жана Экономикалык кылмыштарга каршы күрөшүү кызматына шек жараткан банктык операциялар тууралуу 16 ирет маалымат берген. Анын 14үндө Саймаити менен "Абдыраз" ЖЧКсы көрсөтүлгөн.

Ал эми Финчалгындоонун башчысы Гуламжан Анарбаев иликтөөнүн натыйжасында ишкер Айэркен Саймаити 2 миллиард 608 миллион 508 миң сом, "Абдыраз" ЖЧКсы 3 миллирад 810 миллион 905 миң сом кошумча нарк салыгын төлөбөгөнү аныкталганын билдирди.

Мындан улам депутат Аалы Карашев экөөнүн төлөбөгөн салыгы 6 миллиард сомдон ашарын айтып, бул "Кумтөрдүн" бир жылдык салыгына жакын экенин белгиледи.

Иштин чоо-жайы

Документ кармап турган адам. Архив - Sputnik Кыргызстан
700 млн. доллардын чуусу. УКМК журналисттик иликтөөнүн материалдарын алды
Эскерте кетсек, 2019-жылдын ноябрь айынын аягында Кытайдан ташылган аткезчилик боюнча бир нече ЖМКнын биргелешкен иликтөөсү жарыяланган. Анда бир тууган Матраимовдор, атап айтканда, Бажы кызматынын төрагасынын мурдагы орун басары Райым Матраимовдун ишкер Хабибула Абдукадыр менен иш кылганы баяндалат. Материал 10-ноябрда Стамбулда өлтүрүлгөн ишкер Айэркен Саймаитинин көрсөтмөлөрүнө негизделген. Саймаити бир нече жыл ичинде Кыргызстандан 700 миллион доллардан ашык каражатты чыгарып кеткенин айтып берген. Ишкер өлөр алдында журналисттерге коррупциялык схемалар тууралуу билдирип, аларды далилдей турчу документтердин көбүн берип, айрымына үлгүрбөй калган.

Жаңылыктар түрмөгү
0