00:00
01:00
02:00
03:00
04:00
05:00
06:00
07:00
08:00
09:00
10:00
11:00
12:00
13:00
14:00
15:00
16:00
17:00
18:00
19:00
20:00
21:00
22:00
23:00
00:00
01:00
02:00
03:00
04:00
05:00
06:00
07:00
08:00
09:00
10:00
11:00
12:00
13:00
14:00
15:00
16:00
17:00
18:00
19:00
20:00
21:00
22:00
23:00
Жаңылыктар
09:00
4 мин
Ежедневные новости
10:00
4 мин
Жаңылыктар
11:01
3 мин
Ежедневные новости
12:01
4 мин
Жаңылыктар
13:01
4 мин
Ежедневные новости
14:00
4 мин
Итоги недели
Информационно-аналитическая программа
14:04
55 мин
Жаңылыктар
15:01
3 мин
Ежедневные новости
16:01
4 мин
Жаңылыктар
17:01
4 мин
Ежедневные новости
18:01
4 мин
Жаңылыктар
09:00
4 мин
Жаңылыктар
11:01
3 мин
Ежедневные новости
12:01
4 мин
Жаңылыктар
13:01
3 мин
Ежедневные новости
14:01
3 мин
ОГО! Люди и события, которые не оставили нас равнодушными
14:04
48 мин
Жаңылыктар
15:01
3 мин
Ежедневные новости
16:01
3 мин
Жаңылыктар
17:00
3 мин
Жаңылыктар
17:30
4 мин
Ежедневные новости. Погода на завтра
18:00
4 мин
КечээБүгүн
Эфирге
г. Бишкек89.3
г. Бишкек89.3
г. Каракол89.3
г. Талас101.1
г. Кызыл-Кыя101.9
г. Нарын95.1
г. Чолпон-Ата105.0
г. Ош, Жалал-Абад107.1

Сөгүп жатам! Жээнбековдун бажыдагы коррупция жана Матраимов боюнча жообу. Видео

Жазылуу
Президент Сооронбай Жээнбеков маалымат жыйын учурунда Райым Матраимов жана бажыдагы коррупция боюнча жооп берди. Анда ал бул тармак мурун эле коррупциянын уюгу болгонун ачык айтып, аны менен күрөшүүгө бүт күчүн жумшап жатканын белгиледи.

Жээнбековдун айтымында, коррупционерлердин саясий технологдору Мамлекеттик бажы кызматынын жетекчисинин мурдагы орун басары Райым Матраимовду коррупциянын символу кылып коюшту.

"Биздин эл коррупцияны жек көрөрүн билип туруп ошол коррупционерлердин саясий технологдору Райым Матраимовду коррупциянын символуна айландырып, мага жабыштыргысы келип жатат. Мен ишти аягына чыгарганга өзүм кызыкдармын. Бардыгы ачык-айкын болот", — деди Жээнбеков.

Бирде күлүп, бирде ой баскан Жээнбеков. Маалымат жыйындан кызыктуу ирмемдер - Sputnik Кыргызстан
Бирде күлүп, бирде ой баскан Жээнбеков. Маалымат жыйындан кызыктуу ирмемдер
"Бажы тармагында коррупция бар экени жашыруун эмес. Бул боюнча айтпаганды айтып, керек болсо чыгарып алып сөгүп жатам. Аракеттер болуп жатат. Бул тармак 1990-жылдан бери коррупциянын уюгу болуп келген. Эмне үчүн дегенде ошол бажыны көзөмөлдөй турган жетекчилер, президенттер схеманын үстүндө өздөрү чогуу отурган. Азыр менде бажы тармагындабы же башка тармактабы кошелек, капчык деген жок. Анын жок болушуна кызыкдармын, ошондуктан санариптештирип жатабыз. Санариптештирүүнү каалайбы, каалабайбы күч менен болсо да киргизебиз", — деди президент.

Ошондой эле ал учурда бажыдан кандай автоунаа, эмне товар өтүп жатканы тууралуу өзү да, премьер-министр да иш бөлмөсүндө онлайн көрүп отурганын кошумчалады.

Жаңылыктар түрмөгү
0