БИШКЕК, 19-янв. — Sputnik. Белгилүү манасчы Сапарбек Касмамбетов дүйнө салды. Бул тууралуу анын жакындары билдирди.
Кыргыз эл акыны, 86 жаштагы манасчы жана төкмө бүгүн, 19-январда, көз жумду.
Аны акыркы сапарга узатуу зыйнаты Бишкек шаарында 21-январь күнү саат 11.00дө болот.
Сапарбек Касмамбетов 1934-жылы Нарын облусунун Кочкор районундагы Чалай жайлоосунда жарык дүйнөгө келген. 1972-жылы Каракол шаарындагы педагогикалык училищени аяктап, 1982-жылы Бүбүсара Бейшеналиева атындагы искусство институтунун фольклор бөлүмүн бүтүргөн. Атактуу манасчы бир нече китептин автору.