Учагы кулаган Bek Air компаниясынын башчысы: пилотторго тийбей, мени камагыла! Видео

© Sputnik / Тимур БатыршинГлава авиакомпании Bek Air Нурлан Жумасултанов
Глава авиакомпании Bek Air Нурлан Жумасултанов - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
27-декабрь күнү Bek Air авиакомпаниясына таандык учак 95 жүргүнчү, экипаждын беш мүчөсү менен баратып кулаган.

БИШКЕК, 5-янв. — Sputnik. Алматыда учагы кыйраган Bek Air авиакомпаниясынын башчысы Нурлан Жумасултанов эгер учкучтарга күнөө коюлса алардын ордуна жазаланууга даяр экенин билдирди. Бул тууралуу Sputnik Казакстан агенттиги жазды. 

Анын айтымында, пилот самолётту эч кынтыксыз башкарып бара жаткан.

"Эгер компания күнөөлүү деп аныкталса, мен өз балдарымды салып бербейм. Алардын ордуна отуруп чыгам, бирок кол алдымдагылардын бири да түрмөгө киргизилбеши керек. Каза тапкан учкучтун абийирин жерге калтырбайбыз, мен анын кандай башкарганын көрүп турам. Эгер Bek Air компаниясынан бирөөгө чара көрүлүшү керек болсо, мен даярмын. Өз эрким менен түрмөгө отурам, бирок башкаларга тийбегиле", — деди Жумасултанов.

Алматыдагы авиакырсык - Sputnik Кыргызстан
Алматыдагы авиакырсык: каргашанын үч себеби айтылды
Жумасултанов "За нами уже выехали" YouTube каналынын автору Дмитрий Дубовицкийге интервью берген.

Эске салсак, 27-декабрда Алматы аэропортунан саат 7:05те абага көтөрүлгөн учак кийин кулап түшкөн. Каргашанын кесепетинен 12 адам каза болгон, анын ичинде экипаждын командири бар. Ал эми 49 адам жаракат алып ооруканага жеткирилген.

Кулаган учак Bek Air авиакомпаниясына таандык болгон. Борт ичинде 95 жүргүнчү, экипаждын беш мүчөсү бара жаткан.

Жаңылыктар түрмөгү
0