Беш жүз жыл мурда жашаганына карабастан адабий мурасы азыркыга чейин эскерилип, таасирин жоготпогон акын 1501-жылы январда узакка созулган оорудан улам каза болгон. Sputnik Кыргызстан агенттиги улуу акын тууралуу кызыктуу фактыларды сунуштайт.
Тектүү үй-бүлөнүн урпагы. Чыныгы аты Низамаддин Мир Алишер. Акын 1441-жылы 9-февралда Хорасан мамлекетинин борбор шаары Гератта (азыркы Өзбекстан жана Ирандын аймагы) тектүү, ак сөөк үй-бүлөдө жарык дүйнөгө келген. Бирок Алишер Навоинин теги тууралуу азыркыга чейин эки ача маалымат айтылып келет. Кээ бир окумуштуулар аны уйгур дешсе, башкалары өзбек улутуна таандык экендигин белгилешет. Канткен күндө да ал чыгармачылыкты сыйлаган, мамлекеттик жогорку кызматта иштеген бардар адамдардын баласы экендиги жалган эмес. Апасы тектүү уруудан чыгып, түрк тилинде ыр жазган атактуу акын Мир Саиддин бир тууганы болгон. Ал эми атасы Кыясиддин Кичкин Тимур империясында сарайда кызмат кылган чиновник эле. Мындан улам алардын үйүнө келген ошол кездеги атактуу философтордун жана чыгармачыл инсандардын аягы үзүлгөн эмес. Навои алардын жанынан чыкпай жаш кезинен эле ыр, жашоо, тагдыр тууралуу олуттуу пикирлерди угуп, билимге сугарылып чоңойгон. Алгачкы жолу үч жашында ыр жаттап, аны атасынын досторуна окуп берип таң калтырган экен.
Амир Тимурдун урпагы менен чогуу окуган. Алишер Навои мектеп босогосун Герт шаарында аттайт. Ал жерде мамлекеттик кызматкерлердин балдары менен бирге билим алган жаш бала дароо эле окуучулардын алдыңкысы болуп чыга келет. Чогуу окуган досторунун арасында болочоктогу Хорасан мамлекетинин башчысы, Амир Тимурдун урпагы Хусейн Байкара да бар эле. Чыгармачылыкка жакын зирек эки бала дароо эле тил табышып кетишет. Жаштык кезде башталган достук өмүр бою үзүлгөн эмес. Навои жашы 15ке чыга элек кезинде колуна калем алып, чыгарма жарата баштайт. Ошентип мектеп курагында эле эл арасында эки тилде — перс жана өзбекче ыр жазган акын катары тааныла баштайт. Мектепти аяктаган соң билим алуусун дагы да өркүндөтүүнү чечип, 1457-жылы медресеге кирет. Бул жерде алты жыл окуган соң ар тармактагы аттуу-баштуу инсандар жашаган Самарканд шаарына жөнөйт. Бул жерде белгилүү дин аалымдары, мамлекеттик кызматкерлер жана акындар менен таанышып, тажрыйба топтойт.
Чыгармачылыгы. Мамлекеттик кызматтан көңүлү калган Алишер Навои 1488-жылы Герат шаарына кайтып келип чыгармачылыкка баш оту менен киришет. Ал жалпысынан эки тилде — Навои аты менен түркчө, Фани каймана атын колдонуп перс тилинде ырларды жазып баштайт. Ал кездери түрк тили поэзия үчүн өтө копол тил катары эсептелинип, ырлар дээрлик жазылчу эмес. Бирок Навои эмгектери аркылуу бул пикирди жокко чыгарат. Чындыгында эле Навоинин артына калтырган адабий мурасына баа жетпейт. Ал жалпысынан отузга жакын чоң чыгарма — ыр жыйнактарын (диван), поэмаларды (дастан), философиялык жана илимий эмгектерди жараткан. Ал эми лирикалык ырларынын саны үч миңден ашат. Ошентсе да акындын эмгектеринин туу чокусу катары "Хамса" чыгармасы эсептелинет. Анын ичине белгилүү "Лейла жана Мажнун", "Фархад жана Ширин", "Жети планета" жана "Искендердин дубалы" поэмалары камтылган. Алардын арасынан "Лейла жана Мажнун" акындын чыгыш элдери арасында белгилүүлүгүн арттырып, чыгыш жана өзбек адабиятына өтө чоң таасир берген. Навои көркөм адабият менен гана чектелбей "Иран падышаларынын тарыхы", "Пайгамбарлар жана аалымдар тарыхы" сыяктуу төрт тарыхый эмгек, "Чымчыктардын тили" жана "Сүйүшкөн жүрөктөр" аттуу мамлекеттик башкаруу системасы, өлкө башчылары жүргүзө турган туура саясат тууралуу философиялык-саясий эмгектерди, "Кырк хадис" диний китебин жазган.
Жалгыз өткөн өмүр. Динди туу туткан инсан болгон Алишер Навои эч качан үйлөнгөн эмес. Ал мындай чечимин сүйүүсүн кудайга гана арнагандыгы менен түшүндүргөн. Белгилүү мамлекеттик ишмер жана акын Захиреддин Бабур "Бабурнаме" чыгармасында Навоинин жашоосу тууралуу "Бул дүйнөдөгү жашоо жолун уулу жок, кызы жок, аялы жок, жеңил жана жалгыз өткөрдү" деп жазган. Ошол эле учурда анын бүлө курбагандыгы тууралуу башка пикир да айтылат. Ага ылайык, Навои жакын досу султан Хусейн экөө жаш кездеринде ажарлуу Гули деген кызга ашык болуп калышат. Акын достук мамиленин сүйүүдөн улам бузулуусун каалабайт. Мындан улам Гули менен жолугуп, анын султан менен баш кошуусун өтүнөт. Ошентип бул дүйнөдө жакшы көргөн эки адамынын үйлөнүүсүнө күбө болот. Бирок махабатынын оту өмүр бою өчпөйт. Ашыктыгын башкаларга арноону ыраа көрбөгөн акын өлгөнгө чейин бөтөн бирөө менен бирге болууга дити барбай, жалгыз өткөн экен.
Дербиш катары аяктаган өмүр. Алишер Навои 1501-жылы 3-январда узакка созулган оорудан улам бул дүйнө менен кош айтышат. Жашоосунун аягында көпчүлүктөн узак жерде дербиш катары өмүр сүргөн. Анын китептери ондогон тилге которулуп, дүйнөдөгү эң чоң китепканаларда сакталса, эстелиги Ташкент, Москва, Баку, Шанхай, Вашингтон жана башка шаарларда тургузулган. Навоинин ысымы Өзбекстандагы бир облус жана шаарга берилген.